Россия Тажикстандагы аскерий базасын дрондор менен камсыздайт

270
0

Россия Тажикстандагы аскерий базасын дрондор менен камсыздайт

 “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Россиянын Тажикстандагы 201-аскерий базасында жыл акырына чейин учкучсуз башкарылган учактар (дрондор) батальону түзүлөт. Бул жөнүндө борбордук аскерий округ кошуундарынын командачысы, генерал-полковник Владимир Зарудницкий маалым кылды.

 Командачы билдиришинче, батальонго “Орлан” жана “Элерон” заманбап комплекстери  алынып келет. Владимир Зарудницкий учкучсуз башкарылган учактардын (УБУ) жалпы санын ачыктаган жок.

 “Бөлүк бирдиктүү информациялык системада бир нече УБУ күчтөрүнөн пайдалануу, мотоаткычтар, артиллерия жана авиациянын эффективдүүлүгүн күчөтүү мүмкүнчүлүгүн жаратат”,- деди Владимир Затрудницкий.

 О.э. генерал Тажикстандагы 201-аскерий база “Ураган” ракета системаларынын дивизионуна да ээ болгонун айтып өттү. Бул система тоолуу рельеф шартында 35 км алыстыкта жайгашкан бутага анык атуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 Россия ММКлары генерал-полковник Владимир Зарудницкийге таянып, “Ураган” системасынын эсебинен 201-аскерий базанын согуштук мүмкүнчүлүктөрү олуттуу түрдө көбөйгөнүн жазышууда, бирок аскерий база жеке курамынын саны эл аралык келишимдердин алкагынан чыкпайт.

 Белгилүү болгондой, 201-аскерий база Россиянын чет элдеги эң чоң аскерий объектиси болуп эсептелет. Анын бөлүктөрү Душанбе жана Коргонтөбө шаарларында жайгашкан. Эки тараптуу келишимге ылайык, Россиия аскерий базасы Тажикстанда 2042-жылга чейин турат.

 Акыркы жылдарда Тажикстандын аймактарында ири аскерий машыгуулар өткөрүлдү. Алардын эң ириси Тажикстандын түштүгүндөгү Кабадиян облусунун “Харбмайдан” полигонунда тажик-орус аскерийлери бирге өткөргөн машыгуу болду. Өткөн жылдын март айында өткөрүлгөн аскерий машыгуулардын негизги максаты афган-тажик чегарасынан бастырып кирүүгө урунган куралдуу согушкерлер тобуна каршылык көрсөтүү болгон.

 Расмий маалыматтарга ылайык, ортоктош машыгууларда 950 аскерий техника, 20 сокку уруучу жана транспорт учактары, 12 түрдүү вертолёттор, учкучсуз башкарылган учактар катышкан. О.э. Тажикстандын 15 миң офицери, 30 миң запастагы аскерлери, Россиянын 2 миңге жакын аскерийлери катышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here