Сирияда коопсуз аймактар түзүү – АКШ планы

204
0

Сирияда коопсуз аймактар түзүү – АКШ планы

Астанада өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү турунда “Сирияда коопсуз аймактар түзүү” тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык, Латакия, Халаб, Хама жана Хумс вилаяттарынын белгилүү бир бөлүгү, Чыгыш Гута аймагы, Диръа, Қунейтра провинцияларынын бир бөлүгү жана Идлиб провинциясы толугу менен Сириянын коопсуз зоналары ичине киргизилди. Бул аймактарда согушууга, қурал иштетүүгө жана ал тургай асмандарда аскерий самолёттордун учушуна тыюу салынат. О.э. меморандумда көрсөтүлүшүнчө, эки жума ичинде бир комиссия түзүлүп, кепил мамлекеттердин өкүлдөрү “коопсуз аймактар” чегарасын белгилеп чыгат. Бу зоналардын коопсуздугун камсыздоо кепил мамлекеттердин т.а. Россия, Иран жана Түркиянын мойнуна түшөт.
Түркия Тышкы иштер министрлиги Астана жыйналышында коопсуз аймактар түзүү жаатында кол коюлган меморандумду ыраазылык менен кабыл аларын жарыялады. Түркия президенти Режеб Тоййиб Эрдогандын оюна караганда, коопсуз аймактар түзүү ийгиликтүү ишке ашса, бу Сирия проблемасынын 50 пайызы чечилгенин түшүндүрөт экен. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров да Идлибде коопсуз аймактар түзүү Сириядагы күрөштүн бүтүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн билдирди.
Массалык маалымат каражаттары Сирияда коопсуз аймактар түзүү планына Россия, Иран жана Түркия мамлекеттери жетишти деп көрсөтүүгө урунушса да, түпкүлүгүндө бу АКШ планы болуп эсептелет. “Financial Times” газетасынын кабарында айтылышынча, АКШ президенти Дональд Трамп Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияда коопсуз аймактар түзүү тууралуу талкуулашкан. Кабарларга караганда, Трамп жана Путиндин маеги Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунан эки саат мурун болуп өткөн. Ошондон кийин Эрдоган жана Путин Сирияда коопсуз аймактар түзүү тууралуу кабарлар таркады. О.э. газета АКШ тышкы иштер министринин орунбасары Стюарт Жонс күзөтүүчү катары Астанага жиберилгенин да кабарлады.
Бу пландан көздөлгөн максад – Иран, Түркия жана Россия кошуундарынан пайдаланып, Сириядагы оппозициялык күчтөрдү изоляция кылыш аркылуу – чөгөлөйүн деп калган Асад режимин кайта бутка тургузуу. Т.а. бу ынкылаб долбоорун жок кылуу үчүн ойлоп табылган дагы бир айла-амал. Себеби, этибар берген киши коопсуз аймактар түзүүгө – Асад режими менен оппозициялык күчтөр ортосунда кызуу кагылышуулар жүрүп жаткан – аймактар тандап алынганын көрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here