АКШ жаңы админстрациясынын алгачкы кадамдары
Саудия жана Түркия сыяктуу Ислам өлкөлөрүнүн башчылары жакшылык күтүп жаткан АКШнын жаңы админстрациясы алгачкы кадамдарында эле мусулмандардын башына балээ боло баштады. “Эң алгач Америка” урааны менен ишмердүүлүгүн баштаган АКШ президенти Дональд Трамптын алгачкы 100 күндө тышкы саясатта кабыл алган чечимдери Сирия, Яман, Афганистан жана Иракта жүздөгөн жайкын тургундардын өлүмүнө себеп болду.
Сирияда мусулмандар фарз намазын окуп жаткан мечитке авиа сокку урулуп, натыйжада 63 адам өлдү. АКШ Борбордук күчтөрү командачылыгы бул чабуул боюнча жоопкерчиликти мойнуна алды.
О.э. 23-мартта Масулда 200 адамдын өлүмүнө себеп болгон чабуулду да АКШ моюнга алды. Аталган чабуул Ирак армиясынын талабы боюнча ишке ашырылгандыгын билдирген АКШ, чабуул үчүн координаттарды Иранга караштуу “Хашди Шаби” уюмунан алгандыгын тастыктады.
Ракканы блокада кылуу жараянында Евфрат дарыясынын түштүгүндө жайгашкан Мансура шаарындагы мектепке болгон чабуулда 40 качкын өлдү. АКШ эч бир далил келтирбеген абалда, ал мектепти ИШИМ колдонуп келгендигин айтып, карапайым калк курман болгондугун четке какты.
Масул жана Раккадан чыгып бара жаткан миңдеген адамдарга ИШИМ шылтоосунда В-52 үлгүсүндөгү учактарыменен чабуул кылды. Натыйжада 3 күндүн ичинде 600гө жакын жаран өлдү.
29-январда АКШнын атайын операциялар тобу Ямандын Ал-Байда шаарындагы имаратка рейд уюштурду. Рейд учурунда жүз берген кагылышууда 39 адам өлдү.
АКШ аба күчтөрү Афганистанга “бомбалар энеси” деп аталган эң чоң бомбаны таштады. 14-апрелде АКШ аба күчтөрү Афганистандын Нангахор шаарында карапайым калк жашаган аймакты бутага алып, натыйжада 94 адам өлдү.
Трамп Ак үйдө берген билдирүүсүндө аталган чабуул менен сыймыктанышын билдирип, ал чабуулду “дагы бир ийгиликтүү операция” деп атады.