Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешин адилетсиздикте айыптады

191
0

Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешин адилетсиздикте айыптады
Индияга сапар кылган Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган “Жамиа Миллиа Исламиа” университети уюштурган ырасымга катышты. Эрдоган ал жерде сүйлөгөн сөзүндө, БУУнун Коопсуздук Кеңешин Сирия маселесинде адилетсиздик кылып жаткандыкта айыптады.
“БУУнун Коопсуздук Кеңешинен эмне күтүлөт? Адилеттүүлүк! Бирок, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде адилеттүүлүк барбы? Андай нерсе жок. Мен муну айткан учурда, ким жаман – Эрдоган жаман. Мейли, биз кимге жакшы көрүнүшүбүз керек? Бизди дүйнөдөгү мазлумдар жакшы көрсө, ошонун өзү бизге жетиштүү”, “Миллионго жакын адамды өлтүргөн жана мамлекеттик террорду ишке ашырган Асад бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башчысы болуп турган соң, БУУга айтыла турган сөз калбады”, “Сириялыктарды бомбалоо уланып жаткан соң, биз аларга эшиктерди ачабыз. Уулуу газ бомбаларынан жана химиялык бомбалардан качып жаткан адамдар үчүн эшиктерибизди ачпасак, биз да залимдерден болуп калбайбызбы? Зулумга ыраазы болуу да зулум болуп эсептелет”, – деди Эрдоган.
Туркистон:
Туура, БУУнун милдети колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо. Акыркы кездерде ал АКШнын башкаруусунда иштеп жаткандыгы эч кимге сыр болбой калды. Бирок таң калычтуу жери, Сирияда Асад режиминин өкмдарлыгы Коопсуздук Кеңешинин көмөгү менен эмес, АКШнын көмөгү менен уланып келүүдө. Ошого карабастан, Түркия бул маселеде АКШнын жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Ал тургай, бул жаатта “АКШга толук моюн сунуу” саясатын колдонууда. Мисалы, “Ефрат Калканы” операциясы аркылуу АКШнын Сириядагы долбоорлорун ишке ашырып берди, Халабдын (Алеппо) қулашына өтө чоң салым кошту.
“Зулумга ыраазы болуу да зулум болуп эсептелет” деген Эрдогандын өзү Сирия калкын кыргын кылып жаткан АКШ учактарына Инжирлик жана Диярбакир базаларын ачып берди. Бул нерсе зулумга шерик болуу эле эмес, тескерисинче, зулумдун дал өзү. Ошол учактар Сирия калкын эркек-аял, жаш-кары дебестен кыргын кылууда. Ал тургай, мечиттерди намаз окуп жаткан адамдар менен кошо бомбалап жаткандыгына дүйнө жүзү күбө болду.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, Сирияда уланып жаткан кыргындар жана зулумдардын жоопкерчилиги Түркия жана Саудия сыяктуу мусулман өлкөлөрдүн мойнунда. Себеби, аталган мамлекеттер Сириядагы жырткычтыкты токтотуп коюуга кудуреттүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here