Нусрат Бек: Ассаляму алейкум, Туркистан. Менде суроо бар эле. Сакалды түбүнөн кырып алуу төрт масхабда да тең харам депсиздер? Мен туркистондун өзбекче барагына бирөө ушул жөнүндө суроо бергенде, макрух деп жооб берилгенин окугамын. Макрух деген кимдин иждихады? Кеңири түшүндүрүп бересиздерби? Рахмат
Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва барокатух
Сакал коюу же аны түбүнөн кырдырып алдыруу маселеси ихтилафтуу мавзуъ, хизб бу мавзуъда бирер райды табанний кылбаган. Анда ар ким өзү таржих кылган мужтахидге ээрчийт. Казы Эъйаз ибн Муса ибн Амр(476-544-х.), Абу ал-Косим ар-Рориъ “ан-Нававий” (555-623-х.), Яхя Абу Закарийя (631-676-х.) сыяктуу мужтахиддер сакал коюуну суннат, ал эми, түбүнөн алдыруу жайиз дешкен. Биздин райыбызды сайтыбызда мурун берип өткөнбүз, ал мындай:
Сакал коюш эркек киши үчүн суннат, Росул (с.а.в) айтат:
لقوله عليه الصلاة والسلام : « إنّ ملائكة سماء الدّنيا تقول : سبحان من زيّن الرّجال باللّحى والنّساء بالذّوائب »
“албетте, дуня асманынын периштелери айтышат: эркектерди сакалдар менен жана аялдарды чачтар менен зыйнаттаган Затты аруулайбыз”.
Жана аны кыскартуу жайиз.“Ибни Умар(р.а) качан хаж же умра кылса, чачын колу менен кармап, артканын кыркып таштар эле”. Бу Ибни Умар(р.а)нун ижтихады. Бухарий риваяты.
Ал эми түбүнөн кырдырып алуу да жайиз, лекин, макрух, себеби, анда “тарки суннат” болуп калат. Аны харам дегендердин далилдеринде түбүнөн кырдырып алуунун харам экендигине далалат жок, алар мындай:
1.Абу Ҳурайра(р.а) Росул (с.а.в)дан риваят кылат:
{ جُزُّوا الشَّوَارِبَ وَأَرْخُوا اللِّحَى ، خَالِفُوا الْمَجُوسَ } رَوَاهُ أَحْمَدُ وَمُسْلِمٌ
“муруттарды кыскарткыла жана сакалдарды өз абалына таштап койгула, мажустарга (отпарастарга) хилаф-тескери кылгыла (алардан башкача болгула)”. Муслим жана Ахмад риваяты.
2. Ибни Умар(р.а) Росул (с.а.в)дан риваят кылат:
« خالفوا المشركين وفروا اللحى واحفوا الشوارب »
“мушриктерге хилаф кылгыла, сакалдарды толук кылып койгула жана муруттарды кыскарткыла”. Бухарий жана Муслим риваяты.
Бу эки далилде сакалдарды кырдырып ширк ахлине окшоп калбоого буйруп жатат. Ошондуктан, сакалды кырдырыш харам дешет.
Жооб мындай: асл-негизи, башка коумга окшошуу жана аларга таклид кылуу эки түрдүү болот.
Биринчиси, акыйдалардын талабы менен кыла турган амалдарында аларга окшоо. Бу шаръан харам, мисалы, крест тагынуу же отко сыйынуу сыяктуу. Росулуллох(с.а.в): “ким өзүн бир коумга окшотсо, ао ошолордон” деген. Ал эми сакалды түбүнөн кырдырып алуу яхудий жана насронийлерде да о.э. коммунисттерде да акидавий иштерден эмес, себеби, яхудий жана насронийлердин диний рохибдери поп, монахтардын да, социализмдин негиздөөчүлөрү Карл Маркс жана Лениндин да сакалы болгон, демек, сакалды алдырбоо менен аларга мухолиф болунбайт.
Экинчиси, шарт-шараиттен келип чыгып, иштердин ыгайлуулугун эсепке алуу менен, же урфка карап, же өнүгүү натыйжасында аларга окшошуу, мисалы, хандак согушунда Росулуллох (с.а.в) фарстарга окшоп хандак кылдырганы, же Умар (р.а) Даулатты башкарууда жахилияттагы шамдыктардын диван услубун алганы, же машиналарда жүрүү, телефондо сүйлөшүү сыяктууларда аларга окшошуу. Ырас, шариятта бу амалдарга тыюу сала турган башка хос далил болбогон соң, мындай окшошуунун эч кандай тескерилиги жок. Эгер окшошуу башка диндердин амалдарынан болбосо да, лекин шаръан тыюу салынган иш болсо, мисалы, аялдардагы табарруж (өздөрүн жат эркектерге чырайлуу көрсөтүү) сыяктуулар, куфр коумуна окшогондугунан эмес, балким, бу амалга тыюу салган далил негизинде харам болот. Эми сакалдарды кырдырып алууда бирер диний маани же алардан деген маани болбогондуктан, ал харам эмес, балким, макрух гана болот, себеби анда суннатты тарк кылыш бар.
3. Сакалды кырдырып алыш – хилкатты (табиятты) өзгөртүү болуп, шаръан харам болот деп, Аллах Тааланын төмөнкү аятын далил кылып келтиришет. Аллах Таала айтат:
لَعَنَهُ اللَّهُ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا ۩ وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ وَمَنْ يَتَّخِذْ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا
Аллах аны лаанаттады. (Ошондо) ал айтты: «Касам, пенделериң арасынан өзүмө тиешелүү насибени албетте аламын. Жана аларды жолдон азгырамын, кыялдарга батырамын, буюрсам алар малдарынын кулактарын кесишет, буюрсам Аллах жараткан нерселерди өзгөртүп-бузушат». Ким Аллахты коюп, шайтанды дос тутса, демек, ал ачыктан-ачык зыян кылыптыр. [4:118,119]
Т.а. Аллах Таала эркек кишини сакал менен жараткан, аны түбүнөн кырдыруу болсо шайтанга кулак салуу болуп, хилкатты өзгөртүүгө кирет дешет.
Мунун жообу мындай: бу аят акида мавзуъсунда болуп, шаръий хукмга (т.а. амалга) алакасы жок. Себеби, аяттын мавзуъсу шайтанга кулак салып, Аллах Таала жараткан махлуктарды маъбуддарга айландыргандыктары жөнүндө болууда:
انَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا إِنْ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا إِنَاثًا وَإِنْ يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَانًا مَرِيدًا ۩ لَعَنَهُ اللَّهُ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا ۩ وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ وَمَنْ يَتَّخِذْ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا
Албетте Аллах Өзүнө (бирер нерсе же кимсенин) шерик кылынышын кечирбейт. Андан башка күнөөлөрдү Өзү каалаган пенделери үчүн кечирет. Ким Аллахка ширк келтирсе, демек, абдан катуу адашыптыр. Алар (т.а. Аллахка ширк келтирген кимселер) Аллахты коюп, (Лат, Узза, Манат сыяктуу) санамдарга сыйынышат жана итаатсыз шайтанга сыйынышат. Аллах аны лаънаттады. Аллах аны лаанаттады. (Ошондо) ал айтты: «Касам, пенделериң арасынан өзүмө тиешелүү насибени албетте аламын. Жана аларды жолдон азгырамын, кыялдарга батырамын, буюрсам алар малдарынын кулактарын кесишет, буюрсам Аллах жараткан нерселерди өзгөртүп-бузушат». Ким Аллахты коюп, шайтанды дос тутса, демек, ал ачыктан-ачык зыян кылыптыр. (Иза х: Исламдан мурун арабдар төөлөрдүн бешинчи баласы эркек туулса, кулагын кесип же тешип, өздөрү сыйына турган бут-санамдарына курбандык кылып бош коё беришчү экен т.а. мукаддас-ыйык нерсе кылып алышчу экен. «Аллах жараткан нерселерди өзгөртүш» махлукту маъбудга айландыруу болуп, Куръан мындай иштерди шайтанга моюн сунуу деп уктурат( [4:116-119]
Бул аяти карима – жахилият акидаларын шайтанга кулак салуу деп, мындай иътикод ээлери – катуу адашкандыктарын баян кылууда. Т.а. бу аятта хилкатты өзгөртүүгө, Аллах Таала жараткан чач жана сакалдарды түбүнөн алыш харамдыгына эч кандай далалат жок. Мындан тышкары, чач же сакалды түбүнөн алдыруу хилкатты өзгөртүүгө кирсе, анда хажда чачты түбүнөн алдырыш ибадат болбос эле же авраттардын түктөрүн алыш да хилкатты өзгөртүүгө кирип, аларды тазалаш харам болмок да, суннат болбос эле.
4. Сакалды түбүнөн алдырууда аялга окшоо бар. Росул (с.а.в) айтат:
«لعن رسول الله – صلى الله عليه وسلم – المتشبِّهين من الرجال بالنساء، والمتشبِّهات من النساء بالرجال»
“Росулуллох(с.а.в) аялдарга өзүн окшоткон эркектерди жана эркектерге өзүн окшоткон аялдарды лаънаттаган”. Сакалды кырдырууда аялдарга окшоо бар, андайлар хадисте лаанаталган, демкк, сакалды алуу харам дешет.
Мунун жообу мындай: аялдарга өздөрүн окшотуу дегени – факот аялдарда гана боло турган кийимди кийиш же иштерди кылуудур, мисалы, көкүрөктөргө тага турган кийимдерди кийүү же жүздөрүнө аялдарга хос болгон боёкторду (м: памадаларды) сүртүү сыяктуу. Сакалды алдыруунун вакиъси бул абалга түшпөйт, себеби, ааламда сакалын кырдырып жүрө турган эркектер абдан көп, эч ким аларды аялдарга окшошту деп күмөн кылбайт. Демек, сакалды кырдырыш харам эмес, балким, макрух. Сакал койгон эркектерге суктануу менен каралат жана сакалдарын алдырып жүрө турган эркектер болсо – башка суннаттарды тарк кылгандар (м: тахажжуд окууну тарк кылган же нафл орозо тутпагандар) катарында – алар да караланбайт, балким, бул иштерге таргиб гана кылынат.
Ал эми мындай мавзуъларды козгоо жана жамаий талкууларга айландыруу кафирлердин малайлары тарабынан, же өтө наадан, ахмак мусулмандар тарабынан болот, бу мавзуълар салафи солихтер доорунда мукаммал чечип коюлган болуп, ар ким илимдүү деп билген кишисинен сурап билиши жана ошол хукмга амал кылышы жетиштүү. Бүгүнкү күнүбүздө ааламдын бардык жайларында мусулмандар зулмданып жаткан, айрыкча, Сурия, Миср, Сомали, Судан, Бангладеш, Пакистан, Афганистан, шаркий Туркистан (уйгурстан),
Өзбекстан, Татарстан, Тажикстан, жада калса, Кыргызстан жана Казакстанда жазыксыз адамдар өлтүрүлүп, балдар жетим калып жаткан, аялдар кордолуп камалып жаткан бир убакта, аларга жардам бере турган, залимдерди тыйып коё турган Халифалык Даулатын тикелөөгө өз салымын кошуунун ордуна сакал мавзуъсун талкуу кылыш жарабайт. Пакистандабы, Суриядабы, же Түркиядабы… болушу күтүлүп жаткан Халифалык Даулаты ошо жайдагы мусулмандарга гана эмес, балким, ал Даулат биздин да Даулатыбыз болот го, ушундай эмеспи ахыры? Сен аны тездетүү үчүн эмне кылып жатасың? Кандай жардам берип жатасың? Азырынча бул суроону мен берип жатам, Кыяматта – эне өз баласынан качып кала турган дахшаттуу ошол Күндө – Аллах Таала бу суроолор менен эсеп-хисаб кылат. Бир иш кылууга күчү жетпей калган карыялар сыяктуу дуа менен чектелип жатасыңбы же үмүтүн перзенттерине байлап, перзенттерин жакшы тарбиялап жаткан аялдар сыяктуу бала тарбиясы менен алек болуп жатасыңбы? Же сага эч кандай тиешеси жоктой кайдыгер жүрөсүңбү? Ал Даулатты тездетүүдө мужахидге мухтаждык туулуп жатканы жок, балким, Исламды жакшы түшүнүп, Умматка аны түшүндүрө турган жана ошол жолдо бар мүмкүнчүлүгүнчө жардам бере турган аң-сезимдүү, мухлис мусулмандарга мухтаждык бар. Себеби, Умматтын миллиондогон армиясы малай хакимдердин колунда турат, Уммат перзенттери байлыктарынын ондон бирин сарфтап койсо, мүмкүнчүлүгүндөгү нерселери менен жардам берсе, кафирлердин куулук-шумдуктарына алданбаса, Халифалык Даулатын тикелеш көз ачып-жумганчалык тез болот. Бул үчүн Умматка Исламын жана мойнундагы вазифасын түшүндүрүш керек…
Муттакий