Каракол: мектепке бомба коюлганы маалымдалды

331
0

Каракол: мектепке бомба коюлганы маалымдалды

Бомба коюлганы айтылган Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясын милиция курчоого алды. Жеринде Улуттук коопсуздук комитетинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жана милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, жарылуучу затты изилдөөгө киришти.

Жагдайга байланыштуу окуучулар сабактан тараганын “Азаттыкка” жериндеги кабарчыбыз маалымдады. Болжолдуу маалыматтарда жарылуучу затты пол жууган аял таап, мугалимге берген жана күч органдары дароо чакырылган. (AsM)

Туркистон:

Кыргызстан УКМК комитети Россия атайын кординаторлору тарабынан багытталып турат. Бу жөнүндө мурунку убактылуу өкмөттүн өкүлү жана мурунку Ыссык-Көл губернатору Эмилбек Каптагаев билдирүү берип: “УКМКнын ар бир тармагында бирден орус адиси координатор болуп олтурат”, — деген.

Кыргыз УКМК кызматы көз карандысыз, өз мамлекетинин коопсуздугу жана кызыкчылыгы үчүн иш көрүү жөндөмүнө ээ эмес. Аны, мугалим, журналист жана Акаевдин расмий пресс катчысы башкарып турганынан түшүнүп алуу кыйын эмес. Демек, бардык стратегиялык жана тактикалык иш-аракеттер орус координаторлору тарабынан иштелип чыгат.

Жогорудагы, “Өз жарандарын коркууда кармап туруу (террор)” максатында уюштурулган окуу машыгуусу да, Путин негиз салган “Өз калкын жардыруу жана бул жардырууда мусулмандарды айыптуу деп таап, калкын ага таянып жалынып жашоого мажбур кылуу” негизиндеги максатка багыттандырылууда. Жалган бомба, граната жана башка жарылуучу заттарды жарылышынан мурун таап алуу аракети жарандарды даярдоо жана ишендирүү максатында алып барылат. Кээде жардыруу үчүн шарттар туура келбей калса, жарылуучу затты өзүлөрү таап, аны зыянсыздантып же окуу гранатасына алмаштырып коюп, элди кырсыктан сактап калган куткаруучу болуп көрүнүү менен чектелишет. Бул албетте убактылуу. Алардын бул оюндары узакка созулбайт. Коомчулук аларга ишенип, балдарын сакалчан адамдардан алып кача башташканда, атайын кызматтар чынында эле жардыра башташат.

Анткени, алар жардыруудан адамдарды өлтүрүүнү эмес, аларды исламий жасалма кооп-коркунучтар бар экенине жана ал күчтөр бекүнөө инсандарды жардырууга аракет кылып жатканына бизди ишентүүнү каалашат. Ишеничибизди канааттандырып алышкан соң, бир катар жардыруу иштерин башташат. Өзүлөрү болсо биз тарапка өтүп алып, болгон күчү менен мусулмандарга каршы аракет алып барып жатышкандай көрүнүшөт. Бирок, алар мамлекетте эч кандай исламий жардыруучулардын коркунучу жок экенин абдан жакшы билишет. Ошондуктан, алар өз максаттарын белгилеп жатышканда, ислам коркунучу деген дүрбөлөңдү жасалма түрдө пайда кылуу менен, мамлекетте авторитардык режим орнотууну жана буга тоскоолдук кылып жаткан күчтөрдү сындыра турган абалды пайда кылууну о.э. күч түзүмдөрүнө жана коопсуздук маселесине көбүрөөк каражат жана этибар каратууну көздөшөт. Россияда да дал ушул ыкма менен Путин режими бүт кубатын ишке салып аракет алып барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here