АКШ бомбалаган базадан аскерий самолёт абага көтөрүлдү

351
0

АКШ бомбалаган базадан аскерий самолёт абага көтөрүлдү

Кече АКШ тарабынан бомбаланган деп айтылган Сириянын Шуайрат аскерий аба базасынан бүгүн Асад режими дагы кайра пайдалана баштады. Акыркы кабарларга ылайык, кыйратылганы бүт дүйнөгө көрсөтүлгөн Шуайрат аэропортунан “Sukhoi Su-22” тибиндеги аскерий самолёт абага көтөрүлгөн.

Мындан мурун да ачыкка чыккан кээ бир далилдер базанын ээн жерлери чабуулга кабылганын жана базадагы танктар, самолёттор, радар жана курал жабдыктар эч бири зыянга учурабаганын көрсөткөн.

Туркистон:

Ушул нерсени назардан качырбоо керек, Асад режими мындан мурун да бир нече жолу химиялык чабуулдарды уюштурган. Асад режими Сирияда биринчи жолу 2013-жылы 21-августта химиялык курал колдонду. Дамасктын Чыгыш Гута регионуна уюштурулган бул чабуулда 1400 катардагы жаран көз жумду, көпчүлүгү аялдар жана балдар түзгөн 10000 киши жараат алды. Сирия Адам укуктары уюму жарыялаган отчётко ылайык, Асад режими акыркы үч жылда 162 жолу химиялык курал колдонгон. Чыгыш Гута чабуулдарынан тышкары химиялык чабуулдарда кеминде 230 катардагы калк дүйнө менен кош айтышкан.

Бирок, АКШ эмне үчүн бүгүнкү күнгө келип “кожо көрсүнгө” болсо да чабуул кылууга өттү. Ошол кезде да Сирияда химиялык куралды колдонуу АКШ жетекчилиги үчүн “кызыл сызык” эсептелген. Вашингтон Сирия маселесине аралашуу үчүн демилге көрсөтө баштаганда Россия ортого түштү жана Асаддын колундагы химиялык куралды жок кылууда ортоктош чечим кабыл алынды.

2014-жылы 19-августта Сириядаги химиялык куралдарды жок кылуу жараяны бүткөнү маалымдалды. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин химиялык чабуулдардын токтобой келе жатканы “химиялык куралдарды жок кылуу” деген сөздөр да жалган экенин көрсөтүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here