Терактылар кимге пайдалуу?
Мурдагы чекист, атайын кызматтын офицери Владимир Путин Россия президенттике келишинин алдында мамлекетти бир катар террордук аракеттер болду. Алар төмөнкүлөр:
1999-жыл, сентябрь айында Дагестандын Буйнакск шаарында жардыруу болуп, анда “Исламий террорчу”лар айыптуу деп табылды;
1999-жыл, сентябрдагы жогорудагы жардыруудан бир нече күндөн кийин, Москва шаарынын Гурянов көчөсүндө дагы ушундай катуу жардыруу болду. Жардыруунун натыйжасында 106 адам өлүп, 690 адам жарадар болду;
1999-жыл, 13-сентябрда Москванын Каширский шоссесиндеги 8 кабаттуу үйдүн алдында 300 кг тротил эквивалентиндеги күчтүү жардыруу болду. Натыйжада, 124 адам өлүп, 7 адам жарадар болду;
1999-жыл, 16- сентябрда Волгодонск шаарындагы Октябрск шоссесиндеги 9 кабат үйдүн алдында бомбага толтурулган ГАЗ-53 унаасы жарылды. Окуя болгон жерде 18 адам өлүп, 1 киши ооруканада каза болду жана 89 адам жарадар болду…
Бул “кылмыштарды” ачууда активдүүлүгүн көрсөткөн Путиндин рейтинги көтөрүлүп, 2000-жылдагы президенттик шайлоодо утуп чыкты.
Путин бийликке келгенден кийин да эски адатын таштабастан, бийлигин бекемдөөдө сыноодон өткөн ыкмасын ишке салып, мурунку жардырууларда болгону сыяктуу эле кийинки терактыларда да мусулмандарды айыптуу кылып көрсөттү.
2002-жылы 23-октябрда Москвадагы Дубровка театралдык борборунда өтүп жаткан “Норд Ост” мюзиклинде “террорчулар” 800 көрүүчүнү күрөөгө алышты. Окуя болгон жерге 4 күндөн кийин келген президент Путин имаратка чабуул кылууга буйрук берди. Залга коё берилген газга ууланып “террористтердин” бардыгы жана күрөөдөгү 130 адам өлдү. “Террорчулар” кавказ улутундагы мусулман согушкерлер болгондугу кабарланды;
2004-жыл, 1-сентябрда Бесландагы мектеп “террорчулар” чабуулуна дуушар болду. Окуянын үчүнчү күнү Путин имаратка чабуул кылууга буйрук берди. Чабуулдун натыйжасында мектептин ичиндеги 334 адам, алардын арасында 186 жаш бала курман болду…
Жогорудагы окуялардын бардыгы, Путин проблемага дуушар болгон учурда элдин көңүлүн буруу үчүн ушундай фитналарды уюштуруп келгендигин көрсөтүп турат.
Путиндин 12 жылдык башкаруусу учурунда Россиянын экономикасы өтө начар абалга түшүп калды. Калктын жашоо деңгээли күндөн-күнгө төмөндөп, жарандар арасында нааразылык пайда боло баштады. 26-мартта оппозиционер Навальный уюштурган коррупцияга каршы митингге негизинен жаштар катышты. 27-мартта “Платон” салык түзүмүнө каршы жүк машиналардын айдоочулары нааразылык акциясын өткөрүштү. Михаил Ходорковский 30-мартта Путинге каршы “Надоел” деген аталышта жалпы россиялык акция өткөрө тургандыгын жарыя кылды. Акция 29-апрелге белгиленди. Ушул иштердин бардыгы, Путинди ыкчам чараларды көрүүгө мажбур кылган окшойт. Ошол себептен да Санкт-Петербургда шашылыш түрдө жардыруу уюштурууга туура келди.
Бул иш ушунчалык шашылыш уюштурулгандыктан, ал тургай расмий бийлик кандай билдирүү берерин да билбей калды. Алгач, Россия Башкы прокуратурасы бул ишти теракт деп атаган болсо, кийинчерээк Россия Башкы прокуратурасынын өкүлү Александр Куренной Санкт-Петербургдагы жардырууну теракт деп атоого шашылбастык керектигин билдирди.
Россия ЖМКлары болсо терактты ишке ашыргандыкта шектелген адамдардын сүрөттөрүн тарата башташты. ЖМК аркылуу сүрөтү таратылган адам полиция бөлүмүнө келип, бул ишке тиешеси жоктугун билдирди. Бул иш натыйжа бербеген соң, экинчи шектүүнүн сүрөтү таратыла баштады. Бул жолу шектүү катары 22 жаштагы Казакстандын жараны Максим Арышевдин аты аталды. А бирок, Казакстан тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ануар Жайнаков “Facebook”тагы баракчасында Максим Арышевдин терактка тиешеси бар экендигин айтууга эрте экендигин айтып чыккан соң, Арышев террочудан, теракттын курмандыгына айланып калды.
Жардырууну мусулмандар мойнуна жүктөөдө кыйын абалда калган Россиянын атайын кызматтарына Кыргызстандын УКМКсы жардамга келди. Кыргызстандын атайын кызматы тергөө иштери жүрүп жаткан бир убакта, Санкт-Петербургдагы жардырууну кыргызстанда туулган Россия жараны ишке ашыргандыгы тууралуу кабарлады.
УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Интерфакс” агенттигине берген билдирүүсүндө: “Алдын ала маалыматтар боюнча, 3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы жардырууну кыргызстанда туулган Россиянын жараны ишке ашырган болушу мүмкүн ”, – деди. Ошентип метродо өзүн-өзү жардырган деп шектелип жаткан адам 1995-жылы Ош шаарында төрөлгөн Акбаржон Жалилов болуп чыкты.
Ошондон кийин Россия Тергөө комитети расмий түрдө Санкт-Петербург метросунда өзүн-өзү жардырган адам Акбаржон Жалилов экендигин жарыялады.
Аталган комитет: “Тергөөдө Санкт-Петербург метросундагы вагондо өзүн-өзү жардырган террорчу аныкталды. Ал 1995-жылы төрөлгөн Акбаржон Жалилов болуп чыкты”, – деп жарыя кылды.
Ушул жерде бир суроо пайда болот. Россияда ишке ашырылган теракт кимге пайдалуу?
Буга жооп иретинде кыскача айтарыбыз, бул иштер эң оболу Путин режимине керек. Себеби, элдин көңүлүн негизги проблемалардан алаксытуу үчүн Сириядагы жана Украина чыгышындагы согуштар жетиштүү болбой калды. Орус калкы өздөрүнүн акы-укуктарын талап кылып чыга баштады. Айрыкча, өсүп келе жаткан жаш муундун бийликке ишеними жоголуп барууда. Бул болсо, бийлик үчүн өтө чоң проблема. Бул нерсенин алдын алуу үчүн Путинди Россиядагы тынчтыктын кепилдиги катары көрсөтүү зарыл болуп калды. УКМКнын бул ишке аралашуусу, Кыргызстанда күндөн-күнгө күчөп бара жаткан исламий мухитке сокку берүүдө Россиянын жардамына таянуу үчүн болду.