Ясин Актай: АКШ башынан эле Асадды колдоп-кубаттап келди

414
0

Ясин Актай: АКШ башынан эле Асадды колдоп-кубаттап келди

Түркияда өкүмдар болгон “Адилет жана Өнүгүү” партиясынын башчысынын орун басары Ясин Актай АКШ башынан бери Асадды кетирүүнүн тарапкери болбогондугун билдирди. Анын бул билдирүүсү, АКШнын жаңы админстрациясы ушул кезге чейин жар салып келе жаткан “Сирия президенти Башар Асадды кулатуу” чечиминен баш тарткандыгын жарыя кылгандан кийин айтылды.

Башар Асад кыйыр түрдө Американын, түздөн-түз Россия менен Ирандын колдоп-кубаттоосу астында сакталып келгендигин билдирген Актай: “АКШ Асадды бийликтен кетирүү тууралуу жар салып келгендигине карабастан, иш жүзүндө Асадды колдоп-кубаттап келди”, – деп айтты.

“Адамзатка каршы кылмыш кылган адамдын бийликте калуусу же калбастыгы талкууланууда.  Мындан тышкары, Асад өкмөтүн эл аралык жардамдар кармап турат. Анын өз күчү менен тура ала чамасы жок, бирок, ага баш тартуу мүмкүн болбогон адам катары каралууда. Эгерде Асад Америка, Россия жана Ирандын колдоп-кубаттоосу болбогон абалда бийликте кала алса, анда  сөз жок. Бирок, бул нерсе мүмкүн эмес”, – деди Актай.

Туркистон:

Ясин Актай АКШнын Сирия президенти Башар Асадды колдоп-кубатташын каралап жатып, Түркиянын Сирияда АКШ планы боюнча аракеттенип жаткандыгы тууралуу айтпады. Акыйкатта болсо, Түркия өкмөтү Сирияда ынкылап аракети башталгандан бери АКШ түзгөн долбоорлор боюнча кадам таштап келүүдө. Ал тургай, Түркия АКШнын Сириядагы саясатында маанилүү рол ойноп жаткан үч мамлекеттин бири экендиги белгилүү. Мисалы, 2012-жылдан баштап АКШ жетекчилигинде түзүлгөн Сирия Улуттук Кеңешин жана Сирия революциялык күчтөр коалициясын колдоп келүүдө. Женева конференциясы аркылуу Асаддын өмүрүн узартуу максатында саясий чечим табуу үчүн Россиянын артынан желип-жортуп жүргөн да ушул Түркия. АКШ Асадды сактап калуу үчүн Россияны ишке салды, Түркия болсо аны колдоп-кубаттады. Халабды (Алеппо) мужахиддерден бошотуу жолунда АКШга жардам берди. ИШИМ (ИГИШ) шылтоосунда мусулман калктын үстүнө бомбаларды жаадырып жаткан о.э. мечиттер жана ооруканаларды адамдары менен кошуп талкалап жаткан АКШ самолёттору Пентагондон учуп келип жаткан жок, алар Түркиянын уруксаты менен Инжирлик авиабазасынан асманга көтөрүлүүдө. Ушундай болгон соң, Түркия бийлигин Сирия калкынын тарапкери деп айтууга болобу?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here