Америкада файыздык ставканын көтөрүлүшүнүн артында эмне турат?

330
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Америкада файыздык ставканын көтөрүлүшүнүн артында эмне турат?

Суроо: 2017-жылы 15-мартта АКШ Федералдык резервдик системасынын жетекчиси Жанет Йеллен Федералдык резервдик системанын ачык базар боюнча комитети файыздык (риба) ставка даражасын бир күндө чейрек файызга көтөргөнүн маалым кылды. Бул, үч ай ичинде файыздык ставканын көтөрүлүшүнүн экинчиси. О.э. ушул жылда файыздык ставка дагы эки жолу көтөрүлүшүнө ишара кылынган… Белгилүү болгондой, файыздык ставканын көтөрүлүшү экономика тикеленип жатканын түшүндүрөт. Негизи, АКШ экономикасы дале кризистерден жабыр тартып келет. Муну кандай түшүндүрүү мүмкүн? Сизге ыраазылык билдиремин.

Жооб: 2008-жылдагы финансылык кризис маалында Америкада файыздык ставка дээрлик нөлгө түшүрүлгөн жана жети жыл ичинде т.а. 2015-жылдын декабрь айына чейин мына ушундай абалда сакталып турган. Ошол кезде да Йеллен 2016-жылда файыздык ставка бир нече ирет көтөрүлүшүнө ишара кылган. Бирок, файыздык ставканы көтөрүү ийгиликсиздикке учураган жана жылдын аягында гана файыздык ставка көтөрүлгөн. Файыздык ставканын көтөрүлүшүнүн же төмөндөтүлүшүнүн себебтерин түшүнүү үчүн ушуларды айтабыз:

  • Файыздык ставканын белгиленишинен максад – бул иш АКШ казына облигацияларын сатуу жана сатып алуу токтомдору аркылуу жүзөгө чыгарылат – акча саясатын белгилөө, өзгөчө АКШ базарындагы накталай акчанын жетиштүү деңгээлин билүү. Бул нерсе эки негизги себебке ылайык зарыл:
    • Базарда накталай акчанын таңсыктыгы – эгер файыздык ставка жогору болсо – экономикалык өсүүнү басаңдатат жана файыздык ставка жогору болгондуктан адамдардын банктан карыз алуу талабы болбогонунан улам мындай абал жаралат.
    • Базарда накталай акчанын көбөйүшү – эгер, файыздык ставка төмөн болсо – инфляцияга алып келет. Анткени, файыздык ставка төмөн болгондуктан адамдардын банктан карыз алуу талабы көбөйөт жана бул болсо базарда накталай акчанын көбөйүшүнө себеб болот.
  • Йеллен 2015-жылдан бери файыздык ставканын көтөрүлүшү шарт экенин айтып келет. Ага ылайык, Америкада кыйла мурун башталган экономикалык сенектик акырына жетип экономикалык өсүү жакшыланган жана файыздык ставканы инфляция башталгандан кийин көтөрүүдөн көрө аны азыр көтөрүү афзел. Бул – Йеллендин файыздык ставка деңгээлин көтөрүү туурасындагы философиясы…
  • Бул далил канааттандырарлык эмес. Анткени, АКШ экономикасы дале чабал. Американын, кала берсе Батыштын акча саясаты саясатчылардын чечимдерине байланыштуу жана болушу божомол кылынгандай туура экономикалык факторлорго негизделген эмес. О.э. АКШ Федералдык резервдик системасынын чечимдери да бийликтин саясатынан көз карандысыз эмес. Лекин, файыздык ставкаларга алакадар чечимдер өзүнчө бир саясат экендиги, анын саясий жана экономикалык талабдарга ылайык жөнгө салынышы чындык. АКШ Федералдык резервдик системасынын жети көзөмөлчүсү төрт жыл мөөнөткө сенаттын макулдугу менен АКШ президенти тарабынан дайындалат. О.э. жетекчи жана анын орун басары да көзөмөлчүлөрдүн кеңеши арасынан дайындалат. Аны да президент төрт жыл мөөнөткө дайындайт. Алар АКШ президентинин каалоосуна ылайык ыйгарым укуктуу мөөнөтүндө бир нече жолу кайра дайындалышы да мүмкүн.
  • Амалий тараптан алганда АКШ акча саясатынын чечимдерине эки саясий фактор таасир кылат. Бул факторлордун биринчиси жергиликтүү, экинчиси эл аралык:
    • Жергиликтүү жаатта, америкалык жетекчилер президенттик шайлоо маалында Америка экономикасын күч менен өнүктүрүүнү каалайт. Анткени, күчтүү экономика президенттин кайра шайланышына же анын партиясынын талапкери шайланышына таяныч болот.
    • Эл аралык жаатка келсек, Америка башка мамлекеттердин экономикасына каршы катуу атаандаштык алып барат. Ушул тапта дүйнө экономикасы 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык сенектик себебтүү дагы эле чабал бойдон калууда. Европа жана Японияда файыздык ставкалар нөл тегерегинде болуп калды. Кошмо Штаттарда файыздык ставкалардын көтөрүлүшү үлкөн байлыктардын Америкага агып киришине алып келет. Мунун таасири башка мамлекеттердин экономикасына кырсыктуу болушу да мүмкүн.
  • Учурда Кошмо Штаттарда файыздык ставканын көтөрүлүшү башка мамлекеттердин экономикасына – өткөн жылдагыдай болбосо да – оор зыян жеткирет. «Нью-Йорк Таймс» гезити 2017-жылы 9-мартта Европа жөнүндө ушул нерселерди басып чыкты: «Файыздык ставкалардын расмий түрдө көтөрүлүшү көп жылдарга чейин созулушу мүмкүн. Европа борбордук банкы файыздык ставкалардын көрсөткүчүн өзгөрүүсүз калтырды жана жылдын акырына чейин – кийинки апрель айына караганда төмөн деңгээлде болсо да – мамлекеттик облигацияларды жана компаниялардын облигацияларын сатып алуу үчүн кызыктыруу чараларын улантышын айтты.
  • Кытай Америка файыздык ставкаларды көтөрүүдөн Европага кысым өткөрүүнү жана капиталды өзүнө тартууну көздөп жатканын түшүнүп жетти. Ушул себебтен улам, Кытай капиталы Кошмо Штаттарда жогорулаган пайда артынан Америкага чыгып кетишинин алдын алууда о.э. Европа капиталын тартууда Америкага шерик болуу үчүн Америка файыздык ставкаларды көтөргөндө Кытай да көтөрдү. Ошентип, файыздык ставкалардын көтөрүлүшү туурасында Американын токтому чыгары менен Кытай да файыздык ставкаларды көтөрүшүн жарыялады. Блумберг сайты 2017-жылы 16-мартта «Кытай элдик банкы Федералдык банк менен бир убакта кредиттик ставкаларды көтөрдү» деген аталышта макала басып чыкты. Кытай борбордук банкы кредиттик ставкаларды көтөрүшүнүн себеби ушул: туруктуу экономика жана ишканалардын жандануусу саясатты күчөтүүдө Федералдык резервдик системанын изинен баруу мүмкүнчүлүгүн берет.
  • Корутундулап айтсак, Америкада файыздык ставкалар АКШ экономикасы тикеленгени үчүн көтөрүлбөдү, тескерисинче Европадан капиталдарды өзүнө тартуу о.э. алардын өлкөсүндөгү чоң пайдага жетишүү үчүн көтөрүлдү. Анткени, Европада файыздык ставка нөл тегерегинде. Бул жерде экономикалык максат гана көздөлгөн эмес, ага кошумчалай Европаны күчсүздөнтүүгө салым кошуу аракети да болуп жатат. Анткени, Европанын күчсүздүгү анын ыдырашына алып бара турган кризистерге себеб болот.

29-жумадус-саний, 1438-х.

28-март, 2017-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here