Кытайдын Чыгыш Түркстанга карата жапайы душмачылыгы

350
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроо-жооб

Кытайдын Чыгыш Түркстанга карата жапайы душмачылыгы

Индия жарым аралында ракеталарды өнүктүрүүнү жандантуу

Биринчи суроо: 2017-жылы 2-мартта «аль-Жазиира нет» кабар агенттигинде Кытай Чыгыш Түркстан «Синьцзян» аймагында аскерлерин топтой баштагандыгы тууралуу маалымат берилди. Кабарда мындай келген: «Эки күн мурун Кытай бийлиги өлкөнүн батышында жайгашкан Синьцзян аймагындагы Үрүмчү шаарында он миңден ашуун аскерин топтогондугу тууралуу маалымат таратты. Бул аймактын жергиликтүү жашоочуларынын көпчүлүгүн мусулман уйгурлар түзөт. Көптөгөн жылдардан бери бул аймакта жергиликтүү мусулман уйгурлар менен Кытай бийлиги ортосунда чыңалуулар жүз берип келүүдө. Кытай коопсуздук күчтөрү ал жерде ондогон танкалар, брондолгон машиналар катышкан жана вертолеттор коштогон аскерий парад өткөрдү. Кытай бийлиги ушул жылы мындай аскерий парадды Кашкар, Хотан, Аксуу аймактарында үч жолу өткөрдү». Кытай бийлиги бул аймактагы мусулмандарга карата жаңы кыргын даярдап жатабы?

Жооб:

Кытай бийлигинин бул аймактагы мусулмандарга карата кылып  жаткан саясатынын түп маңызы айкын болушу үчүн, Кытай бийлиги менен Синьцзян аймагындагы Уйгур мусулмандарынын ортосунда жүрүп жаткан күрөшкө назар салып чыгуу зарыл:

  • Кытай бийлиги менен Синьцзян аймагындагы Уйгур мусулмандарынын ортосундагы күрөш жаңы көрүнүш эмес. Айрыкча, 1863-жылдан бери бул күрөш күч алган. Түркстан – Ислам өлкөлөрүнүн чыгышынан алганда эң алысы. Ал аймак Кытайдын көптөгөн кыргындарына кабылды. 1949-жылы Мао Цзедун бийлике келип, Кытайга коммунисттик түзүм орноду. Синьцзян аймагын да өзүнө кошуп алуу үчүн, Кытай бийлиги бул аймакта миллиондон ашык Уйгур мусулмандарын кыргынга салды. Кийин аны өзүнө кошуп алды. Бул аймактагы жергиликтүү мусулман жашоочуларын Кытайдын ичине көчүрүү жана алардын ордуна хань кытайларын жайгаштыруу аркылуу бул аймактын Исламий көрүнүшүнө чек койуу аракетин көрдү. Бирок, Уйгур мусулмандарынын бекемдиги Кытайдын бул кылыгына моюн сунбады. 1933-44-жылдары бул аймакта Кытайга каршы көтөрүлүштөр орун алды. Ошондон бери Кытайга каршы көтөрүлүштөр маал-маалы менен жүз берип келүүдө, 2009-жылы да жүз берди.
  • Кытай бийлигинин Уйгур мусулмандарына карата душмандык кылуусунун негизги өзөгү – бул Ислам. Ал эми, Кытайдын Исламга карата душмандыгынын өзөгүн түзүп жаткан нерсе болсо, бул мечиттер. Ошондуктан, Кытай бийлиги 1949-жылы 25 миң мечитти талкалап салган. Синьцзян аймагында 500 чамалуу гана мечит калтырылган. Бүгүнкү күндө Кытай өзүнүн «коммунисттик» экономикасынан жарым-жартылай баш тартып турган учурда, динге карай агылуу күчтүү түс алды, айрыкча жаштар арасында. Мына ушул нерсе Кытайдын бул аймакка карата учурдагы саясатын алып барышка түрттү.
  • Синьцзян (кытайча «жаңы басып алынган жер» маанисин түшүндүрөт) аймагында мунай ж.б.у.с. табигый байлыктар бар. Ошондуктан, Кытай бийлиги – бул аймактын жергиликтүү жашоочулары болгон Уйгур мусулмандарын Кытайдын ички жагына көчүрүп, алардын ордуна хань кытайларын жайгаштыруу – саясатын алып барды. Уйгур мусулмандары азыр жашоочулардын 10 миллионун түзөт, тактап айтканда, жашоочулардын 40%ын түзүп калышты. Уйгур мусулмандары Түштүк аймактарда жана айылдарда көбөйө баштады. Бул аймактар, айрыкча мусулмандар жашаган түштүк аймактар, кедейчилик менен айырмаланышат. Ошондой эле, этникалык хань кытайлары аз аймактар да жакыр аймактар болуп саналат.
  • Ушуларга карабастан Чыгыш Түркстанда, айрыкча, айыл аймактарында Исламий көрүнүш кайрадан жанданып жатат. Мезгил-мезгили менен Кытай бийлигин калтыракка салып, анын бийлигине кооп-коркунуч жаратып жатат. Ошондой эле Чыгыш Түркстан Кытайдан бөлүнүп чыгуу аракетине бекем туруп, жардыруулар болуп жатат. Ушундан улам, Чыгыш Түркстан Кытай мамлекетиндеги эң туруксуз аймакка айланып бара жатат. Мунун каршысында, Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарынын жашоосун катуу көзөмөлгө ала баштады. Камака алуу, дайынсыз жоготуу иштерин жасап, Кытай өкмөтү аларды чагылдырууну массалык маалымат каражаттарынан тосуп койду. Сыртка качып чыгып үн салган уйгур мусулмандарын да «терроризм» шылтоосу менен сары изине чөп салып, эл аралык коопсуздук күчтөрү (Орто Азия, Пакистан сыяктуу) аркылуу, алардын да көпчүлүгүн камакка алды.
  • Анткени, Ислам уйгур мусулмандарынын жүрөгүндө тирүү. Мына ушул тирүү күч тогут Кытай бийлигинин жүрөгүнө коркунуч салууда. Кытай өкмөтүнүн диний иштер боюнча жогорку жооптуусу Ван Сюань Кытай Ислам бирикмесинин улуттук конференциясында мыдай деди: «Экстремизм идеясы «ички аймактарга» жылжып кирүүдө». Кытай мамбашы Си Цзиньпин Кытай мусулмандары «жылжып киришине» жол берген мыйзамсыз диний долбоорлорго каршы турууга чакырды. («аль-Мисри явм», «China Daily» гезити, 2016.11.29.). Кытай өкмөтүнүн мындай кооптонуп жатканын «Россия сегодня» кабар агенттиги 2017-жылы 1-мартта жарыялаган маалымат да тастыктап турат. (Кытайдын Синьцзян аймагындагы ж.б. аймактардагы террористтик аракеттердин артында сырткы экстремисттик күчтөр турарын жана ушул нерсе Кытай бийлигин катаал рейддерди өткөрүүгө түрткөндүгүн көптөгөн жолу эскертти).
  • Чыгыш Түркстан мусулмандары динге бекем туруп, миңдеген мечиттерди курушту, ошондой эле, Ислам пикирлерин жайылтып жатышат. Кытай бийлиги буларга каршы аймакта «агартуу революциясын» кайра жандантууну колго алды. Исламий көрүнүштөрдүн жайылышына катуу каршылык кыла баштады. Мусулмандарды коркууга салган жаңыча кампанияларды ишке сала баштады. Ал кампаниялардын тизмесинен:

а)   Паспортторду алып койуу. 2016-жылы 24-ноябрда Би-Би-Си кабар агенттиги: «Кытай бийлиги көпчүлүк жашоочулары мусулмандар болгон Синьцзян аймагындагы жашоочулардын паспортторун милицияга тапшырууларын талап кылды» деп кабарлады. Би-Би-Синин Кытайдагы корреспонденти Стивен Макдонел мындай деди: «Паспортторду тапшыруу талабы полициянын расмий интернет сайтында жарыяланды. Азыр болсо  Синьцзян аймагындагы жашоочулардын бардыгына паспортторун тапшыруу талабы коюлду. Кийин полиция бул паспортторду өзүндө сактап калат. Тактап айтканда, бул аймактын бардык жашоочулары азыртан баштап бул талапты аткаруулары зарыл, эгер алар сапарга чыгууну каалашса…».

б)   Мусулмандарды ибадаттардан тосуу. 2016-жылы 6-июнда «France 24» сайтында: «Кытай бийлиги Синьцзян аймагындагы мамлекеттик кызматта иштегендердин жана студенттердин рамазан айында орозо кармоосуна тыйуу салды. Ошондой эле, тамактануучу жайларды эшиктерин ачып коюуга милдеттендирди» деп кабар таратты. Мындай иш чараны Кытай бийлиги 2015-жылдан бери өткөрүп келүүдө.  2015-жылы 18-июнда «24 news» кабар агенттиги мындай кабар ачыктады: «Кытай бийлиги Синьцзян аймагындагы мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, студенттердин рамазан айында орозо тутууларына тыйуу салды…  тамактануучу жайларды дагы адаттагыдай иштөөлөрүнө милдеттендирди. Павла облусундагы мамлекеттик кызматкерлер да «рамазан айы ичинде орозо тутпоо жана башка диний жөрөлгөлөрдү кылбоо» токтому менен тааныштырылды. Мындай билдирүү жергиликтүү бийликтин сайтында  ушул жумадагы жыйынынан кийин кабарланды».

в)   «Кытай мусулмандарды куугунтукка алат» аталышы астында динди бекем тутунгандарды куугунтуктоо жана камакка алуу. Сакал койгон жана никоб тагынгандарга айып салуу. 2017-жылы 23-февралда  Кытайдын жергиликтүү «Дияр» гезитинин сайтында: «Кытай бийлиги Синьцзян аймагындагы жаш сакал койгондорго жана никоб кийгендерге миң юан (275 евро) айып салынаары тууралуу токтом чыгарды» деп жарыяланды. Хань кытайлары менен уйгур мусулмандарынын ортосунда да чыңалуулар жүз берүүдө. Жергиликтүү «Хотан» гезити: «Хотан өкмөтү акыркы убактарда саясий олку-солкулуктарга күбө болууда. Хотан бийлиги «терроризм» менен күрөшүүгө 100 миллион юан (13.7 милион евро) бөлдү. Кол салуу, бунт чыгаруу, өлтүрүү, баш-аламандык кылуу иш-аракеттери байкалса, бул каражат дагы 5 миллион юанга көбөйтүлөөрү тууралуу да билдирди».

  • Жогоруда айтып өтүлгөндөй, Кытай бийлигинин Чыгыш Түркстан мусулмандарына карата репрессия кылуу кампаниясы аткарылуу алкагына кирди. Кытай бул жапайы репрессиясын кайсы учурда болсо дагы ишке салуусу мүмкүн. Кытай бул жапайы репрессиясын актоо максатында, Синьцзян аймагындагы жардырууларды жүйө кармап ишке ашыруусу мүмкүн. Кытай бул аймакка он миңдеген аскерлерин жана брондолгон аскерий техникаларын, вертелотторун алып келип койду. Синьцзяндагы коммунисттик партиянын секретары Чэнь Чуань Жо мындай деди: «Аскерлердин бул аймакка жайгаштырылышы коопсуздукту сактоо жана туруктуулукту камсыз кылууну көздөйт. Анткени, бул аймакта акыркы мезгилде олку-солкулуктар жүз берүүдө». («аль-Жазиира нет»,03.02.).
  • Тилеке каршы, Кытай бийлигинин Уйгур мусулмандарына карата мындай ыплас иш-аракеттери дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандардын көз алдында кылынууда. Алар Кытайдын мындай кылмышына каршы үн катышпады. Анткени, алар чачылган абалда, алардын бирдиктүү бир мамлекети жок. Ислам мамлекети жок. Ар бир кудуреттүү мусулман аны кайра тикелөөгө аракет кыла турган туура жолдогу Халифалык жок. Бир гана Халифалык акы-укуктарды коргой алат. Анын артында туруп жихад кылынат. Сахих Бухариде Абу Хурайра Gдан  риваят кылынат, Пайгамбар A айтты:

»إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ«

«Имам – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат». Мына ошондо гана тогут Кытай жана андан башкасы да мындай ыплас репресиясын ишке ашыруудан тыйылып калышат. Анткени, Халифалык бир муштумга эки муштум менен жооп кайтарат. Аллах улуу жана кудурет ээси.

Экинчи суроо:

Акыркы убактарда Индия жарым аралында ракеталарды сыноо аракеттери кыймылга келди. 2017-жылы март айынын башында, Индия АбдулКарим аралында МИГ үлгүсүндөгү ракетеларын сыноодон өткөрдү.  Ушул эле жылы, мындан бир аз мурдараак Пакистан (Абаабиил)  2200 км.ге жете турган ракетасын сыноодон өткөрдү. Ал ракета кассеталык дүрмөттү камтый алат. Ракеталарды мындай сыноодон өткөрүү – Пакистан менен Индия ортосундагы куралдануу жарышынын жаңычасыбы? Ракеталарды сыноодон өткөрүүнүн бул аймакка карата таасири кандай болот?

Жооб:

Пакистан жана Индияда ракеталарды сыноодон өткөрүү – бул эки өлкөнүн экинчи сокку берүүгө кудуреттүү болушу үчүн өзөктүк прогаммаларын өнүктүрүүгө болгон аракеттери. Бул ачык-айкын болушу үчүн, Индия жарым аралындагы куралдануу жарышына назар салып чыгуу зарыл.

  • Өлкөлөр өзөктүк куралга ээ болуу үчүн эки негизде иш алып барат. Биринчи, аскерий артыкчылыкка ээ болуу. Мисалы, Түндүк Корея бул жаатка катуу басым жасайт. Түндүк Корея – жөнөкөй аскерий куралга ээ болгон Түштүк Кореядан аскерий жактан артыкчылык кылууда жана куралсыздандырылган Түштүк Корея аймагындагы Америка куралдуу күчтөрүнө ташбиш жаратууда – өзөктүк куралга ээ болууну негизги баскыч деп түшүнөт. Экинчи, өлкөлөрдүн өзөктүк куралдар конфронтациясы. Мисалы, СССР Корея согушу аркылуу Кытайды да өзүнүн өзөктүк чатырына кошуп алуу аракетинде ийгиликсиздикке учурагандан кийин, Кытай өзүнүн өзөктүк куралы болуусуна аракет кыла баштады. Кытайдын бул аракети өз кезегинде Индияны өзөктүк куралга ээ болууга түрттү. Ушундай эле Индиянын бул кадамы Пакистанды өзөктүк куралга ээ болууга түртү. Мына ушундайча бул үч өлкө өз ара ядролук чабуулга каршы туруу үчүн өзөктүк куралга ээ болуу аракетин башташты. (Waltz, K. (1981) The Spread of Nuclear Weapons: More May Be Better: Introduction. The Adelphi Papers, 21(171), pp.383-425.)
  • Бирок, өзөктүк дүрмөткө ээ болуу каршылашынын өзөктүк курал иштетишине бөгөт коюуга жетишсиз. Ал тургай, өзөктүк дүрмөттөн коргонуу максаты ишке ашкан күндө дагы, өзөктүк куралга ээ болгон өлкөлөр өзүнүнүн өзөктүк арсеналын ар кандай чабуулдан коргоого кудуреттүү болушу керек. Өзөктүк дүрмөттүн каршылаш тараптагы мелженген жерге жетип баруу кудуретине ээ болушу – биринчи сокку деп аталат. Биринчи соккуга туруштук берүү жана өч алуу соккусун берүү кудуретине ээ болуу – экинчи сокку деп аталат. Тактап айтканда, биринчи өзөктүк соккуга туруштук берип, кайра каршылашка карата өзөктүк сокку берүү кудуретине ээ болуу. Өзөктүк дүрмөткө ээ мамлекеттин суу астындагы кемеси да өзөктүк сокку урууга кудуретүү болсо – өзөктүк үчтүк деп аталат. Анткени, суу астындагы кемени көрүү кыйынга турат жана ал учактан урула турган соккуну зыянсыздандырууга кудуретүү болот.
  • Экинчи сокку кудуретине ээ болгон эки мамлекет ортосунда – карышылашынын өзөктүк дүрмөтүн ишке салуусууна бөгөт коюу (коргонуу) аракети – активдүү иштей баштайт. Анткени, экинчи сокку эки тарапты тең бүлгүнгө салат. Ошондуктан, эки тарап тең биринчи соккунун алдын алууга умтулат. Өзөктүк курал стратегдери буга «өз ара кыйратуучу абал» т.а. бири-бирин кыйратуу (MAD) деп атама беришет. Ошондуктан, кадимки өзөктүк куралга салыштырмалуу, каршылашынын өзөктүк дүрмөт колдонушуна бөгөт коюу аракети зарыл болуп саналат.
  • 1998-жылы Пакистан менен Индия өзөктүк сыноолорун баштагандан бери, өз ара кыйратуучу абал (MAD) себебтүү, өзөктүк курал окумуштуулары, стратегдери жана саясатчылары жогоруда айтылып өткөн өзөктүк куралга бөгөт койуу теориясын ишке ашырууга аракет кыла башташты. Эки тарап тең жарым аралда өзөктүк коркунуч бар деп ишенишет. Мына ушул нерсе ракета технологиясын өнүктүрүүгө болгон тез аракеттин негизги түрткүсү болуп калды. Ракета башындагы өзөктүк дүрмөттүн көлөмүн кичирейтүү жана ракетанын октолуп атылыш амалияттарын өнүктүрүү да ушул алкакка кирет. Ошол эле учурда, акыркы убактагы Пакистан менен Индиядагы сыноолор өзөктүк куралды ооздуктоо теориясын колдонуу зарылдыгын да түшүндүрүп турат. Өткөн кылымда эки тарап тең биринчи сокку алкагындагы ракеталык технология жаатында бир топ алга жылган. Эми ошону менен эле бирге, эки тарап тең экинчи сокку жаатында эбегейсиз аракет жумшап жатышат. Буга төмөндөгү мисалдар далил:

а)   2017-жылы 9-январда Пакистандын баллистикалык ракеталарды (SLBM) алып жүрүүчү суу астындагы кемеси Индокеандын белгисиз аймагында Бабур-3 ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Ал жерде 450 км.ге жете турган канаттуу ракетаны сыноодон өткөрдү. Ачыкка чыгып калбашы үчүн, аны деңизде сынады. Пакистан армиясы Бабур-3 ракетасын сыноодон өткөргөндүгүн айтты. Бул ракета Исламабадга өзөктүк экинчи сокку кудуретин берет. (https://www.wsws.org/en/articles/2017/02/28/inpk-f28.)

Ушул эле учурда, Пакистандын өзөктүк отун менен иштей турган суу астындагы кемеси жок. Ошондуктан ал Бабур-3 ракетасын дизель жана ток менен иштей турган суу астындагы кеме менен алып жүрүүгө аргасыз. Анткени, мындай кеменин суу астында жүрүү чамасы чак. Пакистандын Бабур-3 ракетасы Индиянын К-4  үлгүсүндөгү ракеталык системасына каршы жооп катары турат. Индия бул ракетасын баллистикалык ракеталарды алып жүрүүчү суу астындагы кемеси (SLBM) аркылуу  2014-жылы май айында сыноодон өткөргөн. Ал ракета 3000 км.ге жетет.  Б.а. Пакистанга жана Кытайга чейин жете алат.  Мына ушундайча Пакистан менен Индия экинчи сокку кудуретине ээ болуп калышты.

б)   Курамы көптөгөн бутага тие турган (MIRV) (кассеталык типтеги) ракеталарды сыноодон өткөрүү. Индия 2016-жылы декабрда, 2017-жылы январда өзөктүк дүрмөткө ээ эки ракетасын сыноодон өткөрдү. Биринчиси Ajny V. Бул баллистикалык ракета жерден жерге атылат жана өзөктүк арсеналдын тез өнүккөн түрү болуп эсептелет. Экинчиси Agni V. Бул ракета бир нече бутага тие турган (кассеталык типтеги) ракета, 5000 км ге жетет. Буга кошумча, 2017-жылы январда Нью-Дели Agni IV ракетасын сыноодон өткөрдү. Бул ракеталык система 4000 км.ге жетет. Agni V ракетасы Кытайдын өзөктүк арсеналы жайгашкан жерге чейин жетет. Ушул жылдын башында Пакистан Абаабиил ракетасын сыноодон өткөрдү.  Бул ракета кассеталык типтеги (MIRV) ракета болуп саналат. Пакистан армиясы сыноо ийгиликтүү өткөнү тууралуу кабар берди.

Баллистикалык жерден жерге атыла турган Абаабиил ракетасы 2200 км ге жетет. Ошондой эле MIRV технологиясы негизинде, анын башы кассеталык типте даярдалган жана бутага так тийүү, душмандын радарын талкалоо кудуретине ээ. Пакистандын Абаабиил ракетасы Индиянын өзөктүк калканын талкалай турган негизде иштелип чыккан. Ошондой эле Индия буга жооп катары, өзүнө карата атылышы мүмкүн болгон Пакистандын өзөктүк ракетасына бөгөт койуу максатында Ashvin ракетасын активдүү сыноодон өткөрдү. MIRV технологиясы негизинде бир ракета бир нече ракетага айланат жана душмандын бөгөт койуучу (перехватывающая) ракетасынын кудуретин жокко чыгара алат.

  • Пакистан менен Индия ортосундагы куралдануу жаатындагы жарыштагы максат, экинчи соккуну тандоого болгон даярдык. Бул нерсе Индия менен Кытай ортосундагы өзөктүк тең салмактуулукка доо кетирет. Кытай өзөктүк куралды ооздуктоо маселеси жаатында эле иш алып барып жатат. Индия MIRV технологиясын тез өнүктүрүү жана ракеталарды алып жүрүүчү суу астындагы кемелерди өнүктүрүү жаатында аракеттенүүдө. Бул нерсе Индиянын аскерий жетекчилерине дем берди. Индия армиясынын жетекчиси генерал Бипин Рават Индия бир учурда эки фронтто (Пакистан жана Кытай менен) согуш алып барууга кудуреттүү экенин билдирди.

Индия Agni V ракетасын сыноодон өткөргөндүгүнө Кытай ачууланды. Кытайдын ТИМнин басма сөз катчысы Чунь Ин мындай деди: «Эгер Индия өзөктүк кудуретке ээ болгон баллистикалык ракетеларды өнүктүрсө, ал тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ачык-айкын эрежелер бар». Кытай министирлиги «Индиянын Agni Vти сыноодон өткөрүүдөгү максаты – Кытай менен конфрантацияга барууга болгон дымагы» экендигин белгилеп өттү.

  • Индия мындай провокациялуу саясатын Американын колдоосусуз алып барышы мүмкүн эмес. 2005-жылы Америка менен Индия ортосунда ушул жаатта №123 макулдашууга кол коюлган. Бул келишим аркылуу Индия жарандык реакторлору үчүн өзөктүк отунду туруктуу алып турууга мүмкүндүк алган. Ошондой эле, бул өзөктүк отун өзүнүн өзөктүк долбооруна да колдонуу мүмкүнчүлүгүн алган. Трамптын админстрациясы мурунку Америка адмнстрациясы Индия жаатында жетишкен жылыштар негизинде иш алып барууга ынтызар экендигин билдирди. 2017-жылы февралда, Америка коргоо министири генерал Жеймс Маттис Индиянын коргоо министири Манохар Барикар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө «Индиянын акыркы убактарда кылган прогресси өтө чоң жетишкендик» деп мактады. Дагы «эки өлкө коргонуу жаатында кызматташарына» ишаара кылды. Ал мындай деди: «Американын жаңы админстрациясы ушул прогресске негизделип иш алып барат».

Корутундулап айтканда, Америка Индия жарым аралындагы өзөктүк курал жарышы аркылуу Кытайды да өзөктүк куралдануу жаатына сүңгүтүп киргизүүнү көздөгөн. Американын мындагы максаты, Кытайды экономикасын жандантуудан алыстатып, аскерий жакка тартуу. Ушул ыкма менен Кытайдын кулашы жеңил болот. Анткени, Америка СССРди да ушул ыкма менен кулаткан эле.

Мунун каршысында, Кытай өзөктүк куралдануу жарышын четке кагып, өзөктүк куралды ооздуктоо жаатында гана иш алып барып жатат.

12жумадус-саний, 1438-х.

11март, 2017м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here