Эрдоган: Жеке адамдын башкаруусуна 1923-жылы чек коюлган

322
0

Эрдоган: Жеке адамдын башкаруусуна 1923-жылы чек коюлган

Түркиядагы парламенттик башкаруу системасын президенттик башкаруу системасына өзгөртүү максатында болуп өтүүчү референдум 16-апрелге белгиленген. Үгүт иштери активдүү жүрүп жатат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Анадолу маалымат агенттигинин өкүлдөрүн президенттик сарайда кабыл алды. Жолугушууда референдум тууралуу сөз кылган Эрдоган “конституциялык өзгөрүүлөр мамлекетти жеке адамдын башкаруусуна алып барат” деп эсептеген Республикачыл элдик партиясынын позициясын сындады. Эрдогандын айтымында, алардын сөздөрү негизсиз.

Президент Эрдоган Халифалык мамлекети кулатылган күнгө ишара кылып: “Булардын оозунан түшпөй калган жеке адамдын башкаруусу таптакыр башка нерсе. Ал 1923-жылы жок кылынган. Эми жеке адамдын башкаруусу деген нерсеге орун калбады. Биз алып келе жаткан президенттик система демократиялык өкмөттүн системасы болуп эсептелет”, – деди.

О.э. Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин жарыя кылынган Түркия Республикасын туруктуу коргой тургандыгын билдирди.

Башкаруу түзүмүн президенттик системага өзгөртүү үчүн катуу аракет кылып жаткан Эрдоган: “Боордоштор, бул акыйкаттарды уккандар укпагандарга жеткирип коюшуңуздарды сураймын. Түркияда биринчи кезекте режим өзгөрбөйт, болгону башкаруу системасы гана өзгөрөт. 1923-жылы жарыя кылынган Түркия республикасын түбөлүккө коргойбуз”, – деди.

Эрдоган буга чейин да республикалык түзүмдөн баш тартууга аракеттенген адамга каршы күрөшө тургандыгын билдирген эле.

Ал: “Түркия 1923-жылы Республика жолун тандады. Мындан кийин да калкыбыздын башка режимге өтүү маселеси жок. Режим 1923-жылы ташталган кадамдар менен жолун улантат. Эгерде кимде-ким республикалык түзүмдөн баш тартууга аракет кылса, каршысында мени көрөт”, – деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here