Өзбекстан сенаты Россия менен аскерий-техникалык кызматташтык келишимин тастыктады
“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, Өзбекстан сенаты Россия менен аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү туурасындагы келишимди тастыктаган.
“Россия Федерациясы Өзбекстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болгон жана мындан кийин да ушундай болуп калат. Айрыкча, аскерий-техникалык кызматташтык тармагында бизде көптөгөн туташ чекиттер жана жалпы кызыкчылыктар бар”, – деди Өзбекстан коргоо министрлигинин өкүлү Икболжан Мирзоалиев.
Анын айтымында, келишим Россиядан Өзбекстанга аскерий техника жеткирип берүү жараянын жеңилдетет. Айрыкча, Өзбекстан учурдагы ортомчулар кызматынан баш тартуу жана курал-жаракты мүмкүн болушунча төмөн баада сатып алуу укугуна ээ болот.
Сенаторлор ушул келишимди бир добуштан тастыкташкан. Эми келишим күчүнө кириши үчүн ага президент Шавкат Мирзиёев кол коюшу керек.
Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Россия ортосунда аскерий-техникалык кызматташтык келишим 2016-жылдын ноябр айында түзүлгөн эле. Келишим күчүнө киришинин акыркы баскычы т.а. Россия жана Өзбекстан ратификация грамоталарын алмашуусу 2017-жылдын апрель айында, Мирзиёевдин Москвага пландаштырылып жаткан сапары учурунда ишке ашырылышы керек.
Келишимдин негизги максаты – аскерий-техникалык тармакта кызматташтыкты өнүктүрүү, Өзбекстан армиясын заманбап техника менен камсыздоо, тараптардын коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, адистерди даярдоо жана консультацияларды өткөрүү. Келишимди ишке ашыруу Россия аскерий-техникалык кызматташтык кеңеши жана Өзбекстан коргоо министрлигине жүктөлдү.