Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Астанага келишпеди

251
0

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Астанага келишпеди

Сирияда ок атууну токтотууга кепил болгон Россия, Түркия жана Иран мамлекеттери о.э. Сирия режиминин делегациясы Астана сүйлөшүүлөрүнө катышууда. Бирок, бул жолугушууга Сирия оппозициясынын өкүлдөрү келишпеди. Алар ок атууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгына карабастан, бомбалоо уланып жаткандыгына нааразылык катары Астана жолугушусун бойкот кылышканы айтылууда.

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Астана жолугушуусуна катышпаган куралдуу оппозиция командачылары менен Россия Коргоо министрлиги ортосунда алака бар экендигин билдирди. Лавровдун айтымында, оппозиция өкүлдөрү жолугушууга катышпастыгы тууралуу келтирип жаткан себептер, келбей коюуга арзыбай турган себептер. Оппозициянын Астана жолугушуусун бойкот кылуу чечими күтүүсүз иш болгондугун айтакан Лавров, бул абалды жөнгө салууга аракет кыларын билдирди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков болсо оппозициянын жолугушууга катышпагандыгы туурасындагы суроолорго “Сирия сүйлөшүүлөрү өтө татаал экендигин башынан эле билчүбүз” деп жооп берди. Песков бул маселе боюнча иликтөө иштери улана тургандыгын кошумчалады.

Сирия режиминин Астанадагы өкүлү Башар ал-Жаъфари оппозиция өкүлдөрүнө кепил болгон Түркияны өз милдеттерин өтөбөй жаткандыкта айыптады.

“Кепил болгон үч мамлекеттин бири өз милдетин аткарбай жатат. Мен бул жерде Түркияны айтып жатам. Бул куралдуу топтордун катышпастыгына Түркия жоопкер”, – деди Жаъфари.

Жаъфари Сирия режиминин делегациясы Астанага куралдуу оппозиция менен жолугушуу үчүн эмес, өзүнүн союздаштары болгон Россия жана Иран менен жолугушуу үчүн о.э. бул маселеге олуттуу карап жаткандыгын көрсөтүү үчүн келгендигин баса белгиледи.

Астанада тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр алкагындагы эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушуулар жабык эшиктер артында өтөт. Бардык катышуучулар тегерек столго шаремби күнү чогулушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here