Атамбаев: ММКлар ушак таратуу жана жалганчылык кампаниясын жүргүзүп жатышат
Президенттин расмий сайтында жарыя кылынган билдирүүдө Алмазбек Атамбаев бир катар эркин журналисттер, ММК жана саясатчылар мамлекетте ушак таратуу жана жалганчылык кампаниясын жүргүзүп жатышат деген пикирин билдирди.
Атамбаевдин билдирүүсүндө: “Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, а түгүл социалдык тармактарда да бул кампания акыркы бир нече жылдардан бери максаттуу жүрүп жатат жана өткөн жылдын жай мезгилинен тартып өзгөчө күч алды. Бул жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмалыктын кампаниясы. Элибиз ыйык көргөн сөз эркиндиги принциптерин бетсиздик жана ушакчылык менен чаташтырган уятсыздардын жана ыймансыздардын иши”, – деп жазылган.
Анын журналисттерге эскертишинче, алардын милдети – жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, калыс маалыматтарды, чындыкты жеткирүү. Атамбаев бул “кампания”нын максаты “ноябрда өтүүчү президенттик шайлоонун алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу” деди.
О.э. Атамбаев: “Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жатышкандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган Президент үчүн эле эмес, бардык жарандар үчүн бирдей экенин эскерте турган мезгил келди”, – деди.
Буга чейин Башкы прократура президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген жүйөө менен “24 kg” маалымат агенттигин, “Заноза” сайтын жана “Азаттык” радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доо талап кылган.
Туркистон:
Авторитардык режим орнотуу үчүн алгач маалыматтык монополия орнотулат. Бул жараянды дүйнөлүк системанын тажрыйбаларынан жана тарыхтагы бардык режимдердин аракеттеринен көрүүгө болот. Кошуна Өзбекстан режиминен мисал келтирсек, Өзбекстан режими алгач 16-февраль окуясын уюштуруп, диний адамдарды репрессия кылууну күчөтүп жиберди. Каримов репрессиясы адам чыдагыс болуп бара жатканда, өзбек режими Андижан окуясын уюштурду. Андан соң, дээрлик бардык тышкы маалымат каражаттарын жана мамлекеттик эмес уюмдарды өлкөдөн чыгарып жиберди. Ичкеридеги маалымат каражаттарын болсо мамлекеттик көзөмөлгө алып, бүтүндөй маалыматтык монополия орнотуп алды.
СНГ мамлекеттеринин дээрлик бардыгында авторитардык режим орношуп калган. Эми кезек Кыргызстанга келди. Бирок, Кыргызстан өзүн СНГдагы авторитардык мамлекеттер арасында калып кеткен “демократиялык аралча” деп атап алып, Батыш мамлекеттеринен жана эл аралык уюмдардан миллиарддаган доллардык карыздарды алган. Ушул жана башка бир катар себептерден улам, Кыргызстан мамлекетинин авторитардык же диктатуралык мамлекетке өзгөрүшү бир аз кыйын болушу мүмкүн.
Калк Атамбаевдин жана анын командасынын ар кандай репрессивдик же диктарордук аракеттерин терс кабыл алууда. Себеби, Кыргызстанда авторитаризм сакафатынын кубаты жок. Бул диктатурага ыктаган сакафий пикир үчүн коомдук пикирди пайда кылууга көбүрөөк убакыт талап кылынат жана революциялык өзгөрүш жасоо керек болот. Атамбаев туура айтып жатат, эл жүрүп жаткан саясий жараяндарга өзүнүн көз карашынан келип чыгып мамиле билдирүүдө. Калк бир тараптын саясий позициясын колдобой жаткан болсо да, зулум жана бузуку саясий аракеттерди, элдин атынан жүргүзүлүп жаткан саясий оюндардын чыныгы мааниси жана максаттарын түшүнүп турат.
Бийликтин маалымат каражаттарына сокку берүүдөн башка чарасы жок. Муну ишке ашырып жатып, диний чөйрөгө, исломий жамаат жана адамдарга да зулумдар уюштурулат. Бирок, ушул иштердин бардыгын кыска убакытта ишке ашырууну көздөп жатканы өтө кооптуу. Бул нерсе бийликтин өзүн өтө кооптуу абалдарга кептеп коюшу мүмкүн!