Израиль: Түркиядагы референдум Израиль үчүн да өтө маанилүү
Түркия менен Израилдин ортосунда пайда болгон жылуу мамилелерден кийин эки мамлекет делегацияларынын карым-катнашы күчөдү. Түркиянын маданият жана туризм министри Наби Авжинин Израилге сапарынан бир айдан кийин, журналисттер делегациясы алгачкы жолу Түркиядан Израилге барды.
Түркиялык журналисттер менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген Израиль тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Эммануэль Нахшон 16-апрель күнү Түркияда өткөрүлө турган референдум Израиль үчүн да өтө маанилүү экендигин билдирди. Нахшондун айтымында, Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Жакынкы Чыгыш региону үчүн өтө маанилүү адам.
“Израиль Түркияда эмне болуп жатканын көңүл коюп күзөтүүдө. Мамлекетиңерде болуп жаткан бардык иштердин бизге тиешелүү жери бар. Түркия демократиялык мамлекет катары өз жолун тандайт. Бул референдум өтө маанилүү. Себеби, Эрдоган регионалдык деңгээлдеги өтө маанилүү актёр. Анын саясий келечеги Жакынкы Чыгыштын келечеги үчүн өтө маанилүү”, – деди Нахшон.
Нахшондун билдиришинче, Израиль менен Түркия ортосунда энергетика жаатында да күчтүү кызматташтык бар. Апрель айында Израилдин энергетика министри Юваль Штайництин Түркияга барышы күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Түркия менен Израиль ортосундагы сооданын көлөмү күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканы айтылууда. Израилдин Анкарадагы элчиси Эйтан Нае кабарлагандай, учурда эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү 4 миллиард долларга барабар. Бул цифра бир нече жылда 8 миллиард долларга жетет.
Эйтан Нае: “Эки мамлекет ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты күчөтүү ниетибиз бар. Бизде ушундай мүмкүнчүлүк бар. Милдет жана ишеним принциптерине негизделген алакаларыбыз контекстинде алдыбызга койгон максатка жетүүгө болот. Израилге көбүрөөк инвестиция жаткырылышын каалайбыз. Кээ бир ыңгайсыздыктарга карабастан, биз Түркия экономикасына ишенебиз”, – деди.