Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

261
0

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн 4-айлампасы башталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Бул сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтүнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Башар Жафари башчылыгындагы Сирия делегациясы биринчи болуп жетип келген.

Дээрлик бир жылдык тыныгуудан кийин өткөрүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Сирияда жаңы өкмөттү түзүү, мамлекеттин конституция долбоору жана шайлоолорду өткөрүү маселелери талкууланат.

Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн формасы тууралуу азырынча ачыктала элек. Т.а.  сүйлөшүүлөр оппозиция талап кылып жаткандай ортомчусуз болот, же атайын өкүл ар бир делегация менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрөт. Де Мистуранын өзү болсо кечээ күнү болуп өткөн маалымат жыйынында, бейшембидеги иш тартибин ачыктаган эмес. Анын айтымында, делегациялар менен жолугушуунун көрүнүштөрү боюнча чечимди күндүн биринчи жарымында кабыл алат.

Туркистон:

Эл аралык майданда Трамптын жүргүзүп жаткан саясатынын кээ бир жагдайлары” туурасындагы суроонун жообунда жалпысынан төмөнкүдөй келет:

“ … Ушул амалияттардан ачык көрүнүп тургандай, Американын Сирия жаатындагы планы өз түшүмүн бере баштады. Сирия козголоңу башталгандан бери сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылып келе жаткан Сириядагы куралдуу жамааттарга кирип баруучу ачкыч иш жүзүндө Эрдогандын колуна топтолгондон кийин гана, Америка аларга кирип баруу мүмкүнчүлүгүн тапты. Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берүүдө Түркия толук ыкласы менен иш кылды. Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында, Түркия Сириядагы куралдуу жамааттарга карата эскалация кылуу саясатын алып барды. Сириядагы куралдуу жамааттарга карата өз позициясында бурулуш жасады. Биринчи колдоп-кубатоочу, кийин ортомчу, кийин басым өткөрүүчү позицияларын карманса, андан кийин жардамсыз таштап койуу позициясын карманды. Түркиянын куралдуу жамааттарга карата өз позициясында бурулуш жасоосу Астана сүйлөшүүлөрүнө тартууга чейин жетип барды. Түркия Америкага кызмат кылып, бул ролун Трамптын президентик шайлоодо жеңиши жарыялангандан кийин да улантты. Ошондуктан, Трамп иш жүзүндө бийликке келгенден кийин да Түркиянын бул ролунда өзгөрүүлөр болушу күтүлбөйт…”

  Ооба, исламий өлкөлөр, айрыкча, Түркия бийлиги Ислам жана мусулмандарга кыянат кылганга чейин Америка да, Европа жана Россия да Сирия козголоңун тизгиндей алышпады. Бул баскынчы мамлекеттер Сирия козголоңун өз жолунан адаштыруу, куралдуу топтор ортосунда душмандыкты пайда кылуу үмүтүндө бир катар аракеттерди кылышты. Алар өз максатына жетишүү жолунда “Женева-1”, Женева-2” жана “Женева-3” сыяктуу конференцияларды уюштурушту. Бирок, бул конференциялардын биринин да натыйжасы алар күткөндөй болбоду. Сирияда күрөшүп  жаткан куралдуу топтор өз убадасына бекем туруп, Исламдан башка нерсени кабыл алышпады. Ошондон кийин АКШ башчылыгындагы колонизатор мамлекеттер айла-амал иштетип, Сирияда күрөшүп жаткан мусулмандарды мусулман акимдердин колу менен моюн сундуруу планын ишке салышты.

 Кыянатчы акимдер кыянат кылууга киришкенден кийин гана куфр мамлекеттери көздөгөн максаттарына жете башташты. Сирия козголоңунун бешиги, алты жылга жакын убакыттан бери Ассад режиминин кекиртегинде сөөк сыяктуу турган сыймыктуу Халаб да Түркия бийлигинин кыянатынан кийин жеңилди. Топтор ортосунда куралдуу кагышуулар күчөдү. Куралдуу топтор алсырап, куфр сунуштап жаткан сүйлөшүү жана конференцияларга катышууга ыраазы боло башташты. Казакстанда өткөн сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй натыйжа берген соң, Женевада дагы бир сүйлөшүүнү баштап жиберишти. Мурда натыйжа бербеген Женева конференцияларынан айырмалуу түрдө, бул конференциянын натыйжасы  куфр мамлекеттери күткөндөй болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here