Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ато ибн Халил Абу Раштанын фейсбук баракчасындагы зияратчылардын берген суроолоруна жообдору (фикхий)
Ахмад Абу Ийд (أحمد أبوعيد)дын биз бийликке жетип мамлекетти курууда Расул Aдын тарыйкатына амал кылууга мажбур эмеспиз деп жаткандарга ишеничтүү жооп кандай болушу туурасындагы суроого жооб
Суроо:
Ассаламу алайкум… шейхибиз.. мен «Биз бийликке жетип мамлекетти тикелөөдө Расул \дын тарыйкатына амал кылууга мажбур эмеспиз» деп жаткандарга кандай ишеничтүү жообун беришим мүмкүн…?
Жооб:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух
Кыскача айтканда ишеничтүү жооб төмөнкүдөй:
- Биз бийликке жетүүдө Расул Aдын тарыйкатына амал кылууга мажбур эмеспиз деп айтып жаткан кишиге ушул суроолорду бериңиз:
Даарат алмакчы болсоң дааратты билүү үчүн кайсыл далилдерди издейсиң? Даарат далилдеринби же хаж далилдеринби? Ошондо ал албетте даарат далилдерин дейт…
Андан ушуну сураңыз: Орозо хукмдарын билмекчи болсоң орозо далилдерин издейсиңби? Же орозону кандай кармоо керектигин билүү үчүн жихад далилдерин издейсиңби? Ал орозо хукмдарын билүү үчүн албетте орозо далилдерин издешин айтат.
Андан ушуну сураңыз: намаз хукмдарын билмекчи болсоң намаз далилдерин издейсиңби? Же бул туурасында зекет далилдерин издейсиңби? Ал албетте намаз далилдерин издешин айтат.
Хукмдарын билмекчи болгон ар кандай маселе жөнүндө ушундай жооп берет. Себеби, анын шарияттагы далилдерин издейт.
Эми андан мамлекетти кандай тикелөө керектигин билүү жөнүндө сураңыз. Акыры, ал мамлекетти тикелөө жөнүндө Расул Aдан варид болгон шаръий далилдерди издейт эмеспи? Аны мисалы жихад, же намаз, же зекет далилдеринен издебейт го… Тескерисинче, мамлекетти тикелөө далилдерин издейт. Расул A мамлекетти өз ара аракеттешүү баскычында нусрат талаб кылуу тарыйкаты менен тикеледи. Демек, мамлекетти тикелөө тарыйкаты – нусрат талаб кылуу.
Эми ушундай суроо пайда болот: нусрат талаб кылуу фарзбы, же мандуббу, же мубахпы? Эгер, фарз болсо, анда мамлекетти тикелөөдө ушул тарыйкатты карманууга мажбур болобуз. Бул теманы үйрөнүп чыксак ушуларга күбө болобуз:
Нусрат талаб кылуу – фарз. Буга далил Расул A бул тарыйкатты – кыйынчылык-машакатка карабастан – өзгөртпөгөнү. Мисалы, Расул A Сакиф уруусунан нусрат талаб кылды, алар жаман көрүнүштө четке кагып, Расул Aдын мубарак буттарын кан жалатышты… Ошондо да Расул A бул тарыйкатты өзгөртпөдү. Тескерисинче, уруулардан нусрат талаб кылууну улантты. Мисалы, Бану Шайбандан жана Бану Амирден нусрат талаб кылды. Пайгамбарыбыз A он жолудан ашуун нусрат талаб кылды. Уруулар кабыл алышпады. Ошого карабастан, Расул A кыйынчылык-машакатка учураганына карабастан бул тарыйкатты башкасына өзгөртпөдү. Усулда кыйынчылыкка карабастан талабдын кайталанышы бул талабдын фарз экенине карина болот.
Т.а. нусрат талаб кылуу фарз… Анткени, ал – мамлекетти тикелөөдө Расул A карманган жалгыз тарыйкат. Пайгамбарыбыз бул тарыйкатты – Аллах ал затты ансарлар менен сыйлаганга чейин – карманды. Ансарлар ал кишиге экинчи Акаба байъатын беришти. Мына ошондон кийин Пайгамбарыбыз Мадинага хижрат кылды жана мамлекетти тикеледи.
Жүрөгү бар же өзү күбө болуп акыйкатка кулак салган киши үчүн жетиштүү кыскача жооб ушул. Бирок, кибр кимселерге келсек, алардын хужжаты четке кагылат. Себеби, алардын ар бири мисалы даарат алуу үчүн даарат далилдерин издөө керектигин моюнга алат. Орозо кармоо үчүн орозо далилдерин издөө керектигин жана намаз окуу үчүн намаз далилдерин издөө керектигин моюнга алат… Өзү аткармакчы болгон амал туурасында башка амалдын далилдерин издебейт. Ошондуктан, анын мойнундагы важиб – эгер акыл жүргүзсө – мамлекет курмакчы болсо мамлекетти тикелөө далилдерин издөө керектигин моюнга алышы. Бул жерде Расул A өз амалы жана сөзү менен баян кылып көрсөтүп берген нусрат талаб кылуудан башка далилдер жок. Расул A өз ара аракеттешүү баскычынын акырларында нусрат талаб кылуу менен алектенди… Бул тарыйкат фарз. Бул тарыйкаттын важибдиги жөнүндө ишеничтүү жана жетиштүү кыскача жооб ушул. Биз мамлекетти тикелөөдө ушул тарыйкатка ылайык аракет кылып жатабыз.
Сөзүмдүн соңунда сизге салам жолдоп, Аллах Субханахудан сиздин колуңуз менен жакшылык эшиктерин ачышын сураймын.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рашта
2-жумадул-аввал, 1438-х.
30-январь, 2017-м.