Яманда тажикстандык даъватты жеткирүүчү боордоштун дүйнөдөн кайтканы туурасындагы кабар

268
0

Яманда тажикстандык даъватты жеткирүүчү боордоштун дүйнөдөн кайтканы туурасындагы кабар

Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаяты бүткүл Ислам Үммөтүнө, өзгөчө, Яман калкына доктор Анвар Исмаиловдун (Абу Умар) – Аллах Өз уруксаты менен рахмат кылсын – көз жумганын терең кайгыруу менен кабарлайт.

Абу Умар кан рагы акыбетинде каза болду. Рахимахуллах, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан чыныгы даъватчылардын бири эле. Биз аны ушундай деп эсептейбиз, бирок, Аллахка эч кимди күнөөдөн аруу деп айтпайбыз. Кылмышкер тажик режими докторго көп кысымдарды өткөрүп, өлкөсүнө кирүүсүнө тыюу салган. Натыйжада, маркум даъватты жеткирүү вазыйфасын Яманда улантып, бул жолдо мал-жанын берешендик менен сарптады:

فَاسْتَجَابَ لَهُمْ رَبُّهُمْ أَنِّي لاَ أُضِيعُ عَمَلَ عَامِلٍ مِّنكُم مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَى بَعْضُكُم مِّن بَعْضٍ فَالَّذِينَ هَاجَرُواْ وَأُخْرِجُواْ مِن دِيَارِهِمْ وَأُوذُواْ فِي سَبِيلِي وَقَاتَلُواْ وَقُتِلُواْ لأُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلأُدْخِلَنَّهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الأَنْهَارُ ثَوَابًا مِّن عِندِ اللّهِ وَاللّهُ عِندَهُ حُسْنُ الثَّوَابِ

«Анан Роббилери алардын дубаларына жооп кылып: «Албетте Мен силерден эч бир амал кылуучу эркек же аялдын амалын бекер кетирбеймин. Анткени, бириңер-бириңерденсиңер. Демек, мекендеринен хижрат кылган, журттарынан куулган, Менин жолумда азаптарды тартып, согушуп, өлтүрүлгөн заттардын кылган күнөөлөрүн өчүрөм жана аларды Аллахтын алдынан сооп-сыйлыктар берип астыларынан дарыялар агып турган бактарга киргизем жана эң чырайлуу сооп-сыйлык Аллахтын алдында»                                                             [3:195]

Биз маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең тазия билдиребиз, Аллах Субханаху ва Тааладан ажрларын улуу, тазияларын сооптуу кылышын жана сабр беришин сурайбыз.

Кадырлуу Абу Умар, сизден айрылганыбыз үчүн көздөрүбүз жашка толуп, кайгырып жатабыз жана Роббибиз ыраазы болгон ушул сөздү гана айтабыз:

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

«Албетте биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Өзүнө гана кайтуучубуз»    [2:156]

Аллахым, боордошубузду рахмат кылгын, кечиргин. Аллахым, анын жаткан жайын абат жана кең кылгын. Аллахым, аны өз жайынан да жакшы жай, калкынан да жакшы калк менен сыйла, кыямат күнү аны менен бизди Набий Aдын байрагы астында Малик Муктадир алдындагы сидк орунда жамдагын.

Хизб-ут-Тахрирдин Яман вилаятындагы матбуат бөлүмү

Телефон: 735417068

Электрондук почта: aan1924@gmail.com

Хизб-ут-Тахрир сайты: www.hizb-ut-tahrir.org

Хизб-ут-Тахрирдин матбуат бөлүмүнүн сайты: www.hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here