“Ооба” же “жок” чечим эмес, чыныгы чечим – Халифалык

327
0

Ооба” же “жок” чечим эмес, чыныгы чечим – Халифалык

Исламий өлкөлөрдүн бири болгон Түркияда мамлекеттик башкаруу системасын учурдагы парламенттик системадан президенттик башкаруу системасына өзгөртүүгө кызуу аракеттер жүрүп жатат. Муну колдоп-кубаттагандардын добушу үстөм келип башкаруу системасы өзгөрө турган болсо, өтө чоң өзгөрүүлөр болушуна убадалар берилүүдө. “Жок”, деп каршы чыккандарды болсо, билбеген абалда террорчуларга жан тартып коюудан эскертип жатышат.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты исламий акыйдага таянган абалда бул эки башкаруу тең т.а. парламенттик башкаруу системасы да, президенттик башкаруу системасы да Исламга тескери экендигин Үммөткө жеткирүү үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Жакында Твиттер социалдык тармагына жайгаштырылган “Ооба” же “жок” чечим эмес, чыныгы чечим Халифалык (#NeHayırNeEvetÇözümHilafet) деген хештег кыска убакыттын ичинде популярдуу темага айланды. Твиттер тизмесинде көп убакыт биринчи орунду ээлеп турган турган бул хештег миллион кишиге жетип барды.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмү Фейсбук социалдык тармагында ушул тема боюнча кыскача баянат чыгарды.

Баянатта: “Ооба же жок чечим эмес, чыныгы чечим – Халифалык” деген хештег аркылуу демократиялык илманий түзүмдөр жана алардын конституциялары мусулмандарды өнүктүрүүгө кудуреттүү туура чечимдер эместигин, ошол себептен улам мусулмандар эски жана жаңы бардык куфр түзүмдөрүн жана конституцияларды четке кагып жаткандыктарын о.э. Куран, Сүннөткө негизделген бир программаны талап кылып жаткандыктарын көрсөтүп коюуга аракет кылдык. Хизб ут-Тахрир ар бир жерде, ар кандай шартта жана өзүнүн ар кандай платформасында Исламий башкаруу түзүмү болгон Халифалыкты ачыктап берүүнү о.э. аны тикелөө үчүн аракет кылууну үзгүлтүксүз уланта берет, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here