Бири Англисче ыкма болсо, экинчиси Америкача ыкма

342
0

Бири Англисче ыкма болсо, экинчиси Америкача ыкма

Түркияда референдум жолу менен башкаруу түзүмүн парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өзгөртүү тууралуу талаш-тартыштар уланууда. Парламентте жаңжалдардан кийин кабыл алынган “конституцияга өзгөртүү киргизүү” жөнүндөгү мыйзамды президент Режеп Таййип Эрдоган тастыктады. Көнституциягя өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 16-апрелге белгиленди.

Референдум жараянында мусулман калк “ооба” же “жок” дегендин бирин тандашы керек. Радио жана телевидение аркылуу “ооба” деп добуш берүүгө үгүттөө жүрүп жатат. Эгерде бийликтеги “Адилет жана Өнүгүү партиясы референдумда жеңишке жетише турган болсо, мамлекеттик башкаруу системасы парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт. О.э. өзгөртүү киргизилген конституция президентке беш жылдык мөөнөттөн эки жолу шайлануу укугун берет. Т.а. Эрдогандын 2019-жылы бүтө турган президенттик доору эсепке алынбастыгы жана ал дагы кайрадан эки жолу шайланышы да мүмкүн болот.

Бул абалга Исламий акыйдадан келип чыгып баа берген Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын билдиришинче, парламенттик башкаруу да, президенттик башкаруу да эмес, Исламий Халифалык түзүмү гана Түркияны өнүгүүгө алып барат.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты чыгарган билдирүүдө: “Жок”, деген добуш менен коргоого аракет кылынып жаткан азыркы башкаруу түзүмү Англияча ыкма болгон парламенттик система. “Ооба” деп өзгөртүүгө аракет кылынып жаткан башкаруу болсо Америкача ыкма болгон президенттик система. Парламенттик система бир нече жылдардан бери калктын ордуна англистерге кандай кызмат кылып келген болсо, жаңы система да калкка эмес Америкага кызмат кылат. Анткени, алып келүүгө аракет кылынып жаткан бул система мусулман калктын ишеними, кызыкчылыктары жана баалуулуктарын эсепке алган абалда эмес, тескерисинче АКШнын таасири жана кызыкчылыктарын эсепке алган абалда даярдалган. Расмийлер айтып жаткан жалгандарга тескери көрүнүштө, жаңы система да террордук окуяларга чек коё албайт, экономикалык проблемаларды да чече албайт о.э. социалдык шартты жакшырта албайт. Себеби, бул системалардын экөө тең капитализм идеологиясынан келип чыккан башкаруу түзүмү болуп эсептелишет”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here