КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫМБАТ?

727
0

КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫМБАТ?

Кыргызстандагы энергетика тармагында да жемкорлук күчөп, бул тармакта капиталисттер калктын капчыгын ар кандай алдоолор менен кагып келет. Төмөндө алардын кайсыл жолдор менен элдин терисин сыйрып, эбегейсиз байлыктарга маарып жатканына токтолобуз.

1997-жылы Кыргызстанда энергетика тармагын тейлеген “Кыргызэнерго” ишканасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүнгөн:

“Электр станциялары” ачык акционердик коому. Ал өзүнө электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСтерди камтыйт;

“Электр тармактары” ачык акционердик коому – жогорку чыңалуудагы электр зымдарына ээлик кылган ишкана. Ал өндүрүлгөн энергияны бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берет;

Бөлүштүрүүчү компаниялар, өндүрүлгөн энергияны ортомчу компанияларга сатат. Бөлүштүргүч компанияларды директорлор кеңеши, башкармалыгы эле эмес, Мүлк фонду, Энергетика министрлиги жана өкмөт башкарат. Эсеп палатасы баш болгон текшерүүчү органдар да четте турбайт.

  1. “Электр станцияларынан” эмне талап кылынат?
    Ушуга дейре электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркы тууралуу эч ким так маалымат бере элек. Кезинде, К. Бакиев “өздүк наркты аныктоо үчүн чет элдик эксперттерди жалдашыбыз керек экен” деп бул маселеден буйтаган. (Ушул өздүк наркты так аныктай албаса, анда мындай президенттердин, алардын ушул тармактагы министрлеринин ж.б. чиновниктеринин эмне кереги бар). Өздүк нарк 3 тыйын дегендер бар, 10 тыйын дегендер бар, 15 тыйын дегендер да табылат. Демек, биз “электр станциялары” ишканасынан өздүк наркты так эсептеп берүүсүн талап кылышыбыз керек!

А) Бул өздүк наркты эсептөөдө, аны өндүрүүчү ишканалардын амортизациясын (алардын курулушуна кеткен каражатты акырындап жоюучу төлөмдү) мурунку союз койгон баа менен кошуп эсептегендер бар о.э. бүгүнкү бааланган базар баа менен кошуп эсептегендер бар.

Мисалы, Токтогул ГЭСинин амортизациясын кошуп эсептешет. Негизи, ал союз учурунда курулуп, өзүн актап бүткөн. Б.а. ал “пландуу экономиканын” алкагында түзүлүп, ал доор болсо эчак түгөнгөн. Рынок экономикасы боюнча коюлган баа болсо таптакыр чындыкка коошпойт. Анткени, ал капиталисттердин сатып алуусуна ыңгайлашып коюлат. Мисалы, союз убагында 5 млрд. доллларга бүткөн бул курулуш – азыр 0,5 млрд. долларга бааланууда. Эртең, “кардарлардын аздыгы” шылтоосу менен андан да арзандатылып, бир орус же америка компаниясына итбекер сатылып кете берет. Кыскасы, кайсы баа болбосун, анын амортизациясын өздүк наркка киргизүү туура эмес.

Адистер, ушул амортизацияны кошуп эсептегенде өздүк нарк 11 тыйынды түзүп жатканын айтып жатат.

Б) ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркына жылуулук борборлорунда (ТЭЦ) өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркын кошуп, орто эсеп менен келип чыккан өздүк наркты айтып адамдардын башын айландырууда. Мисалы, “ГЭСтер менен ТЭЦтерди кошуп чыгарганда жалпы өндүрүмдүн өздүк наркы 30-35 тыйынга барабар болуп калат” деп, муну менен мамлекеттик агенттик “Электр станциялар” акционердик коому иштеп чыккан электр энергиянын өздүк наркын 33 тыйынга баалаган. Буга кошумча, 1966-жылы курулган ТЭЦтин амортизациясы да андан өндүрүлгөн энергиянын өздүк наркына киргизилген. Андыктан, биз ар бир ГЭСте өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркын так аныктап чыгууну талап кылышыбыз керек.

Бул биринчи талкуубуз боюнча тыянак чыгара турган болсок, азыр калк бийликтин жана шайлоого аттангандардын калп ураандарына алданбай, алардан эң оболу, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркын так аныктоону талап кылышсын.

II “Электр тармактар” акционердик коому ишканасы калк капчыгын кантип кагып аларын карап чыгабыз. Маалым болгондой, ал өндүрүлгөн энергияны жогорку чыңалуудагы электр зымдары аркылуу бөлүштүрүүчү компанияларга жеткирип берет. Бул кызматы үчүн 1 киловатт саатына 15.55 тыйындан акы алат. (өздүк наркты, мейли, 11 тыйын деп алсак, бул жеткирип берүү өздүк нарктан да ашып кетти го). Мындан сырткары, бул тармактагы “табийгый” жоготуу 5% дын айланасында. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табийгый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, “мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет” деген кептин чындыгы бар деп ойлойбуз. О.э. бул жоголгон энергиянын наркы жалпы өндүрүмдүн өздүк наркына кирип, кийин биз бул үчүн да акча төлөп жатпайбызбы.
Ушундан тыянак чыгарсак, кадырлуу калайык калк, азыркы саясатчымын деп саймедирегендерден комиссия түзүүнү жана чубалгылардын А чекитинен В чекитине чейин табийгый канча жоготуу болушун аныктоону талап кылгыла. Анткени, саясатчылардын кыла турган иши ушул. Алардын иши “электр энергиясын арзандатып беребиз” деп, куру убада берип коюу эмес. Эл жана партиялар бийликти ушинтип тергеп-тескесе, бийлик алар менен эсептешүүгө аргасыз болот. Элдин саясатка аралашуусу дегени ушул.

III. Эми бөлүштүргүч компаниялар калктын капчыгын кантип каңтарарына токтолобуз. Бул компанияларга бериле турган электр энергиясынын баасы 35 тыйындан 42 тыйынга чейин бааланган. “Түндүкэлектрге” 42 тыйындан, “Чыгышэлектрге” 38.41 тыйындан, “Ошэлектрге” 40 тыйындан, “Жалалабадэлектрге” 36.29 тыйындан электр энергиясы сатылат. Негизи, булардын баарынын 90%дан ашык акцияларына мамлекет ээлик кылат б.а. булар мамлекеттик ишканалар. Бөлүштүрүүчү компаниялардын кызматкерлери ири суммада маяна алышат, мындан сырткары, үлкөн көлөмдөгү сыйлыктарга “татыктуу” болушат. Мисалы, директорлор кеңешинин мүчөсүнүн айлык акысы 40 000 сом.

Бир кездерде бул компаниялардын жалпы жоготуулары 50%га чейин чыкканы белгиленип келет. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле — 3 миллиард киловатт-саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт.

Бул жалпы жоготуулар коммерциялык жана техникалык болуп бөлүнөт. Коммерциялык жоготуулар дегени – бул абоненттердин электр энергиясын уурдап алуусу. Б.а. 100 000 сомдук энергия колдонгон бир бай капиталист бөлүштүрүүчү компания жетекчилери менен келишет да, мамлекетке 10 миң сом төлөйт, ал эми тиги жетекчилерге 40 000 пара берет. Ошентип, ортодо жоголгон 90 000 сомдук энергия – коммерциялык жоготуу деп аталат да, ал ушул мамлекеттик компания мойнуна “дебитордук карыз” болуп асылып калат. Бул карыздын айрым бир бөлүгү сот аркылуу “өнбөс карыз” деп табылып, кечип жиберилет. Бирок, негизи бул карыздар акыры барып, мамлекеттик компанияны жасалма түрдө банкротко учуратып, ал компания жеке менчикке сатылып кетишине себеп болот. Азыр бөлүштүрүүчү компаниялардын коммерциялык жоготуулары 5% деп кабарланууда.

Жоготуулардын экинчи түрү – бул техникалык жоготуу. Бул электр энергиясын трансформаторлорго кабыл алуу жана андан ары узатуу, жеткирүү ж.б.у.с. иштеринде болот. Мамлекеттик бөлүштүрүүчү жана жеткирип берүүчү компаниялардын азыркы учурдагы техникалык жоготуулары 17% экени айтылууда. Эл аралык тажрыйбада техникалык жоготуунун эң жогорку көрсөткүчү 12% болуп саналат. Негизи, эгер мындай жоготууга компания кызыкдар болбосо, анда жоготуу ашып кетсе 5% болору турмуш чындыгынан далилденди.
Мисалы, жеке менчик ортомчу компаниялардын техникалык жоготуулары 4%дын айланасында болот. Себеби алар, энергиянын жоголушуна кызыкдар эмес. Демек, мындай жол менен мамлекеттик компаниялардан 12% энергия уурдалып жатканы айкын болот. Мындай кыңыр жол менен кымтылган электр энергиясы өз “каналдары” аркылуу “ээсин” табат. Ошентип бул тармакта да эл төбөлдөрү менен электр төбөлдөрүнүн ортоктош “жембаштыгы” бар.

Кадырман калайык калк, ушул орунда силер кыла турган иш, ушунча жылдардан бери “жоготуулар” аркылуу элдин жонунан кайыш тилип келген жемкорлорду тактоо жана жазага тарттырууну талап кылуу. Бирок, өкүнүчтүүсү, шайлоолордо алардын кайра эле силерге “жем таштап” койгонун көрүп турабыз. Силер аларга алданбагыла. Алардан жегендерин кайра “кусууну” бекем туруп талап кылып алгыла.

Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Азыр алардын саны – 17.

Бул ортомчу жеке ишканалар жогорудагыдай жоготууларга кызыкдар эмес. Андыктан, алар мамлекеттик компанияларга караганда энергияны 40 тыйынга кымбат алганына карабастан, баары бир пайда көрүү менен чыгышат.

Бирок, бул ортомчу компаниялар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

Ортомчу компаниялар 1 кВт/саат электр энергиясын 68 тыйындан сатып алып, аны ишканаларга 1,50 тыйындан сатат. Негизинен, алар карапайым эл менен дээрлик иштешпейт. Анткени, элге 70 тыйындан ашык сата албайт. Бирок, ушул эле учурда, жалаң өндүрүш ишканаларын, майлуу-сүттүү абоненттерди байлап алышып, пайда көрүшөт. Мисалы, көптөгөн министрликтер, мамлекеттик мекемелер, улуттук банк о.э. көлдөгү пансионаттар электр энергиясын дал ушул ортомчулардан сатып алышат. Мында жем бөлүшкөн атка минер жемекейлер жемкорлукка каршы күрөштө аларга “чатыр” болуп беришет.

Алар төмөнкү иште да калктын канын чогуу сорушат. Маселен, бийлик электр таңсыктыгын бетке кармап, элдин керектөөсүн чектеп койгон бир учурда, ортомчу компанияларга электр энергиясын өтө көп берип, алар аркылуу чет өлкөгө саттырып, пайданы бөлүп алышат.

Буга мисал катары, “Мезгил” гезитинде жарыяланган С. Аргынбаевдин сөзүнөн цитата келтиребиз: “Уурдоонун жолу мындай, 2008-жылы Токтогул суу сактагычында суу жок дешип, 12 сааттан улам светти өчүрүп жатышкан. …Энергия техсервис деген ортомчу компания бар. Ал жылына 8 млн кВт саат алчу. 2008-жылы 51 млн кВт саатты алып туруп, ал дагы бир жакка түртүп жибериптир. Алар дагы 1 сомдон кошуп туруп, дагы 51 млн сомду кагып атат”. Ошремстрой деген компания бар экен. Жылына 100 миң, 50 миң сатат. 2008-жылы 18 млн кВт саатты алган экен. Ошентип алар да 1 сом 60 тыйындан сатышкан”.

Ошондуктан, азыр да электр таңкыстыгы тууралуу “ырлар” кулактарга сиңдирилип жаткан чакта, шайлоого аттанып жаткандардан мына ушул тармакта текшерүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылгыла!

Мындан тышкары, КПП (крупный промышленный потребитель), ОПП (Оптовый Покупатель Продавец), ППП (Покупатель пере продавец) деген компаниялар дагы электр энергиясы тармагында иш алып барат. Булардын 80% өкмөткө, 13% соцфондго, 7% жеке адамдар менен юридикалык компанияларга тийиштүү.

Чиновник-капиталисттер ушул КПП, ОПП, ППП аркылуу да акча жасашат. Мисалы, айына 5 млн кВт электр энергиясын колдонгон ишканага 150 млн алды деп документ толтурат. Калган 145 млн кВт электр энергияны Казакстанга 1 сомдон сатканда эле 145 млн сом уурдайт. Андан түшкөн акчаны бөлүшүп алышат.

Айрым элбашчыларга тиешелүү ортомчу компанияларга “Электр тармактар” мамлекеттик компаниясы, эч кандай бөлүштүрүүчүсү же ортомчусу жок эле түздөн-түз ташып берет. Буга кошумча, алар электр энергиясын арзан баада алышат.

Андай компаниялардын катарына президенттин уулу жетектеген “Автомашэнерго” компаниясы да кирет.

Бул ишкана 2011-жылдан бери 1 кВт саат электр энергиясын 21 тыйындан 36 тыйынга чейин алып келген. Аны калкка 70 тыйындан, ишканаларга 98 тыйындан саткан. Ал эми өткөн күзгө чейин Өзбекстан жана Казакстанга 1 сом 60 тыйындан өткөргөн.

Урматтуу замандаштар, демек, элдин эсебинен жашаган жогорудагыдай тегинкорлорду да тергеп-тескеп, шайлоо учурунан пайдаланып акыңарды алып алгыла!

Учурда өкмөт жарыялаган баа боюнча, 1 кВт. саат электр энергиясынын абонентке жетип баргандагы баасы 1 сом 62 тыйын деп эсептелди.

ГЭСтерде өндүрүлгөн 1 кВт. саат электр энергиянын өздүк наркы – 16 тыйын.

Бишкектеги жылуулук борборунда өндүрүлгөн электр энергиясыныны өздүк наркы – 3 сом 63 тыйын

Бул экөөсүн кошуп, орточо өздүк наркты чыгарганда, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын орточо өздүк наркы 70 тыйынды түзгөн. (Алардын алдамчы эсеби боюнча)

Негизи, жылуулук борборлорунда жылына 1млрд кВт саат өндүрүлөт деп алсак (өзү ага жетпейт), жана ГЭСтерде жылына 10 млрд кВт саат өндүрүлөт деп алганда да, мындай нарк чыкпашы керек. Анткени, жылуулук борборлорунуку – 3, 63 млрд сом болсо, ал эми ГЭСтердики — 1,6 млрд сом болот. Эгер ушундай деп алган күндө да, өздүк нарк 48 тыйынга жетпей калат. Бирок, бул эсептөө арга кеткендеги иш. Негизи, макалабыздын эң биринчи бөлүгүндө токтолгондой, өздүк наркты аныктоого белсене киришүү керек.

Техникалык жоготуулар – 26 тыйын деп эсептелиптир. Эмнеге мынчалык көп? Азайттык деп айкырып жатышпады беле. Муну да тергеш керек!

Кошумча нарк салыгы – 11 тыйын болуптур. Эми бул салыктар тууралуу кези келгенде өзүнчө бир узун сабак кеп кылабыз, буюрса.

1-июндан тарта электр энергиясына жаңы тариф киргени жатат. Учурда 1 кВт. саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйындан, ал эми алардын 700 кВт. сааттан ашык пайдалангандары 2 сом 20 тыйын төлөп калмакчы.

Бааны кымбаттатканына карабастан, мындай тариф үчүн бийлик кайра элге колко кылууда. Бул субсидиялуу баа дешүүдө. Б.а. тарифте белгиленген баа кардарга келип жеткен баадан 2 эсе арзан деп жатышат.

Андыктан, баа тарифтерин да катуу текшерүүгө алууну ар кандай партиялардагы адистерден талап кылуу зарыл. Эгер чындап элдин кызыкчылыгын коргошсо, ушулардын баарын аныктап-тактап, өздөрү коё турган бааны айтып беришсин!

1992-жылдан тартып ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө келип, ал кризиске кептелип олтурат.

2017-жылы электр энергия дефицити 6,3 млрд кВт. саат болушу болжолдонууда.

Дүйнөлүк банк, эгер азыркыдай абал сакталса, эки жылдан кийин тармак эң оор абалга кириптер болорун эскертип, тарифтерди көтөрүүнү сунуштады эле, мына тариф көтөрүлдү.

Бул макалабызда Кыргызстанда электр энергиясы жергиликтүү чиновник-капиталисттерибиз тарабынан кандай талап-тонолооруна токтолуп өттүк. Эми жогоруда келтирилген жергиликтүү алдым-жуттумунун артында, алардан да үлкөн империалисттердин сук артуусу жаткандыгын да көрүшүбүз керек. Биздин ачкөз арам тамак атка минерлерибиз акыры энерго-тармакты карызга батырып тынат. Анан дүйнөлүк банк келип аны банкрот деп жарыялоону буйруйт. Кийин аны менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алдырат. Чет элдик инвесторго ит бекер баага саттырат. Азырынча Россия инвесторлору ээлеп турса, аны акыры бир күнү Америка инвестору талашат. Ошентип, бул тармак да империалист-капиталисттердин чеңгелинен чыкпай жүрө берет. Аларда эзилип иштеген биздин эл болот. Чет өлкөлөргө электрди экспорт кылып айдаган чет жердик бул инвестор болот. Алып алган соң, айтылган убадалар аткарылбай, кайрадан ар кандай шылтоолор менен өзүбүзгө кымбат сатыла баштайт.

Урматтуу мусулмандар! Хизбут-Тахрир Кыргызстан силерге бул тармак үчүн шаръий долбоорду сунуш кылат. Силер мунун аткарылышын жетекчилериңерден талап кылгыла.

Кыргызстандагы электр энергиясынын өздүк наркын таквадар адистер эсептеп чыгышсын.

Исламда электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жашоочунун өзүнө келип тийүүгө тийиш.

Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет.

Электр энергиясын өндүргөн, ташыган, бөлүштүргөн тармактардын бардыгы тең, анын өзүндөй эле, жалпы элдик мүлк болуп саналат. Жана алардын жеке менчик же мамлекеттик мүлк болушу жайиз эмес. О.э. акционердик коомдор арам болгону үчүн, азыр аларды жалпы элдик мүлккө айландыруу зарыл.

Ортодогу ортомчу компанияларды орду-түбү менен жоготуу керек.

Жана акыры, бул тармакта иштеген ар бир адам Аллахтан корккон абалда, адал мээнет кылсын!

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here