Кимде-ким өзүн бир коомго окшотсо – ал ошолордон

818
0

Кимде-ким өзүн бир коомго окшотсо – ал ошолордон

Бүгүнкү күндө мусулман жаштардын арасында кеңири жайылып, массалык түрдө белгиленип жаткан “Валентин күнү” тууралуу сөз кылмакчымын. Анын пайда болуу тарыхы тууралуу көптөгөн макалалар жазылгандыгы себептүү, буга токтолуп отурбаймын. Бирок, биз көңүл бурушубуз керек болгон маанилүү жери, бул насроний майрам болушуна карабастан, насронийлердин бардыгы эле белгилей турган майрам болуп эсептелбейт. Бул майрам бир диндин өкүлү болуп туруп, бир бөлүгү белгилеп, көпчүлүгү белгилебеген майрам болуп эсептелет. Андан тышкары, Исламн дини түшүрүлгөндөн кийин насроний дининин кандай мааниси калбаган. Бирок, ошого карабастан биз мусулмандарды аны белгилөөгө үгүттөп жатышат. Бул куфрдун дагы бир бузукулугу болуп, мусулман жаштарды бузуу максатын көздөйт. Себеби, мамлекетти кыйроого алып баруунун сыноодон өткөн жолу – бир улутту бузуу. Т.а. өсүп келе жаткан жаш муундун аң-сезимин ушундай нерселер менен булгоо.

Ушундай бузуку майрамдарды жайылтуу менен  сезимге берилүүчү жаштарды өз максатын көздөй жетелөө оңой болот. Алгач, мындай майрамдар “Валентин күнү – сүйүшкөндөр күнү” деген сыяктуу чырайлуу аталыш менен аталат.  Сыртынан жакшынакай, ал эми анын ичине жашырылган негизги максат болсо жийиркеничтүү. Махабат сөзү назик сезимдерди козгоп, акыры келип акылдан сезимдерди жогору коё турган муунду тарбиялап чыгарат. Мындай чабуулдар жемишин берип, мусулман жаштар ушул күндү майрамдап жатканын көрүп жатабыз.

Бир ишке киришүүдөн мурда адам аны өз акылына салып көрөт. Ушул жерде мусулмандык позициядан туруп карасак, Аллах Таала бардык адамзат үчүн Исламды дин кылып тандады жана Исламдан башка ар кандай дин Анын алдында кабыл болбостугун баса белгиледи.

“Киде-ким Исламдан башка динди кааласа, анда, (анын дини Аллахтын алдында) эч качан кабыл алынбайт”, (3:85).

 Демек, мусулман адам өз ишениминдеги майрам, үрп-адат жана амалдарды аткарууга буюрулган. Мындан тышкары, техника өнүккөн доордо жашап жатабыз. Бул болсо байланыш каражаттары аркылуу дүйнөнүн каалаган чекити менен байланышуу жана каалаган кабарды бир нече секундда таратуу мүмкүнчүлүгүн берди. “Валентин күнү” да чырайлуу майрам катары таратуу менен жайылып барууда.

 Ислам аалымдары махабат кимге жана кандай болушу керектиги туурасында раъйларын билдиришкен. Ошондой болгон соң, махабат жөнүндөгү айрым уламалардын пикирин келтирип өтөмүн:

Азхарий: “Пенденин Аллахты жана Анын Расулун жакшы көрүшү – Аларга итаат кылышы жана буйруктарын аткарышы дегени”, – дейт. Байзовий: “Махабат – итаат кылууну каалоо”, – деген. Ибн Арафа: “Арабдарда махабат бир нерсени ниет кылуу менен ирода кылуу (каалоо)”, – дейт. Зажжаж: “Адамдын Аллахты жана Расулун жакшы көрүшү – Аларга итаат кылышы. Аллах буйруган жана Расулу алып келген иштерге ыраазы болушу”, – дейт… Бул Аллах жана Расулуна болгон махабат.

 Адамдын адамга карата махабаты барбы? – деген суроо пайда болушу мүмкүн.

 Ооба, ал да бар нерсе. Бирок, бул дегени башка ишенимдеги кафирлердин майрамын белгилөө керек, же болбосо, алар кандай сүйүшсө, биз мусулмандар да ошолордой болушубуз керек дегени эмес. Т.а. алардын бузукулукка, зынага жана эң жийиркеничтүү иштерге толгон майрамын белгилөө менен болбойт. Мусулман адам иштерин өз дини жана ишениминен алат. 

Хизб ут-Тахрирдин “Исламда ижтима түзүмү” китебинде төмөнкүдөй келет:

 Жашоо жыргалчылыгын жана турмуш бейпилдигин камсыздай турган о.э аял-эркектин алакаларын табигый түстө тартипке сала турган, рухий жак негизи болгон, шаръий өкүмдөр, анын ичинен, ахлакий кыйматты жүзөгө чыгара турган өкүмдөр өлчөөсү болгон жападан жалгыз түзүм – Исламдагы ижтимаий түзүм.

Себеби, Ислам адамга – мейли эркек болсун, мейли аял болсун – анда гарыйзалар, туйгулар, кызыгуу-каалоолор жана акыл бар болгон адам деп карайт. Бул адамга турмуш ырахаттарынан пайдаланууга уруксат берет жана бул ырахаттардан көбүрөөк үлүш алууга каршылык кылбайт. Бирок, бул ырахаттарга жамаат жана коомду коргой турган, адам жыргалчылыгын жүзөгө чыгаруу максатында, адамга алдыга жүрүү мүмкүнчүлүгүн бере турган мүнөздө уруксат берет.

Себеби, бул түзүм нав гарыйзасына «ал адам тукумунун уланышы үчүн жаратылган» деп карайт. Бул түзүм эркек менен аялдын ортосундагы эркектик жана аялдык алакаларды ушундай бир тыкан тартипке салып, натыйжада, бул гарыйза өзүнүн табигый жолу менен, Алла аны адамда жаратуудан көздөгөн максатка алып барат. Ошол эле учурда, эркек менен аялдын ортосундагы алакаларды тартипке салып, эркек-аялдык алакаларды тартипке салууну алардын ортосундагы бардык алакаларды тартипке салуунун бир бөлүгүнө айландырат. Бул тартип эркек менен аялдын жамдалуусунан жүзөгө келе турган өз ара кызматташтыктын жамаатка, коомго жана адамга жакшылык алып келүүчү кызматташтык болушун камсыздайт. Ушул эле учурда, ахлакий кыйматты жүзөгө чыгарууну жана аны эң башкы максат (аалий гоя) – Алланын ыраазылыгы башкарышын камсыздайт. Ошондо гана тазалык жана таква турмушта бул эки жыныс ортосундагы алакалардын тарыйкатын белгилеп берет жана турмуш ыкмалары менен жашоо жолдорун бул тарыйкатка бир да тескери келбей турган кылып коёт.

Анын аяттарынын (дагы бири) – Ал Зат силер кадыржам болушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы”.  (30:21)

 Муслима карындашыңар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here