Биз Аллахка эч кимди күнөөдөн таза деп көрсөтпөйбүз

324
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Исламдын улуу кишилеринин бири бизди таштап хабиби Мухаммад A жана ал кишинин жолдоштору алдына сапар алды

Биз Аллахка эч кимди күнөөдөн таза деп көрсөтпөйбүз

Биздин идарий эрежелерибизге ылайык, вилаяттарда бирер Хизб мүчөсү дүйнөдөн кайтса, мунун кабары ошол вилаят тарабынан билдирилет. Ал эми, амир бөлүмүнүн азыркы жана мурдагы мүчөлөрүнүн дүйнөдөн кайтканы жөнүндөгү кабарды амир билдирет. Бирок, Абу Мухаммад, Аллахтын уруксаты менен, ушул пакиза даъватта этибарлуу кишилердин бири болгондуктан мен ал кишини ушул эрежелерден истисна кылууну туура көрдүм.

Ушуга ылайык, мен, Хизб амири, жана амир бөлүмүнүн мүчөлөрү ушул улуу инсан, Абу Мухаммад Сабрий Арурийдин каза болгонун кабарлайбыз. Шейхибиз даъватта желбиреп турган байрак, чаң баспаган зор таш, залимдерге каршы күрөштө бекем устун эле. Ал киши сынбас эрктүү, кайраттуу, Аллахтан башка эч кимден коркпогон зат эле. Залимдердин колунда камакта болгон жылдары муну ырастап турат. Мен бул затты Аллах Таала айткан ушул заттардан деп эсептеймин:

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

«Момундар арасында Аллахка берген убада-шерттеринде бек турган кишилер бар, алардан айрымдары өз убадаларын аткарышты, айрымдары болсо ынтызар. (Алар Аллахка берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок» [33:23]

Аллах Тааланын каалоосу экен, биз узак жылдар жолугуша албадык. Бирок, мен Аммандагы коом иштери министрлигиндеги мухандистик ишим боюнча Халилден Амманга көчүп келгенимден тартып шейх менен өтө-өтө жакын болгонбуз. Ошондо Халил жергиликтүү лажнасы мени даъват иштерим боюнча байланышуу үчүн берген Аммандагы дарек таква, күчтүү – биз ушундай эсептейбиз, бирок, Аллахка эч кимди күнөөдөн таза деп көрсөтпөйбүз – киши болгон Абу Мухаммаддын дареги эле. Ошондон баштап биз тез-тез жолугуп турдук… Кийин, айтып өткөнүмдөй, узак жылдар көрүшпөй, өтө аз жолугуштук…

Бир күнү, рохимахуллахтын каза болушунан төрт айдай мурун, Фейсбуктагы атайын баракчага ушул кадырлуу боордоштон келген катка көзүм илинип калды. Анын тексти төмөнкүдөй эле:

«Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух. Ушул кат атам шейх Сабрий Арурийден шейхибиз Абу Ясинге: Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, боордошум жана хабибим Абу Ясин… Аллах таат-ибадаттарыңызды кабыл алсын, күндөрүңүз аман, берекелүү өтсүн. Боордошум, сизге Аллахтан тавфик, коргоо, амандык, амал жана пикирде тууралыкты беришин күнү-түнү дуба кылып сурап жатам. Кайда болбоңуз жана каякка барбаңыз Аллах сиз менен бирге болсун, Өз коргоосунда сактап, тез арада Ислам диярында бизди сиз менен жамдасын… Боордошуңуз Абу Мухаммад Сабрий… 2016-жыл, сентябрь. Жеке өзүнө». Каттын тексти аяктады.

Ушул ажайып заттын ажайып катына Фейсбуктагы атайын баракчадан мындай жооп жаздым:

«Сүйүктүү жана кадырлуу боордошумдун, шейхибиз Абу Мухаммад Сабрий Орурийдин уулуна.

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Эй жакшы инсандын уулу, бизди азиз кымбаттуу шейхибиз Абу Мухаммад менен байлап, ушундай улуу эр кишилердин биринин улуу тарыхын кайра эстеткениңиз үчүн Аллах сизди жакшылык менен сыйласын. Бул зат өтө көп ирет туш келген катуу кыйынчылык-соккуларга баш ийбеди, а түгүл оорулуу убагында да бекем турду. Саламат убагында андан да күчтүү эле… Биз аны менен – Ислам байрагы болгон Расулуллах Aдын байрагы астында – жолугушууну жана биригип өткөн күндөрдү эстөөнү өтө каалайбыз. Абу Мухаммад ошол «дүкөндө» туруп, өлкөнүн түрдүү жерлеринен келген жигиттерибиз үчүн нур болгон. Амманга барганым да, бизди бирге жамдаган ошол Аммандагы ажайып жолугушуу да, мага жардам бергени…, натыйжада Аллах ал зат менен жана ал зат аркылуу береке бергени да дале эсимде. Учурда ооруудан кыйналып жаткан экен, Аллах Субханахуга дуба кылып, шифа беришин жана даъватты жеткирүүдөгү жумшаган жана жумшап жаткан улуу иш-аракеттерин мал-дөөлөт да, бала-чака да пайда бербей турган, бирок, Аллах алдына таза жүрөк менен барган кишилерге гана пайда бере турган күндө соопторунун таразасына кошушун сураймын. Аллах Субханахудан сураганым: эгер ал заттын тагдырына бул дүйнөдө бизди бирге жамдашын жазбаган болсо, акыретте бирге жамдасын, Расулуллах A жана анын жолдоштору менен – бүткүл аалам мүлкүнүн ээси, ар ишке кудуреттүү Аллах алдындагы – сидк орунда бирге кылсын… Аллахым, дубаларыбызды кабыл ал, угуучу жана кабыл алуучу Өзүңсүн.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта.

Хижрий 1437-жыл 17-мухаррам, миладий 2016-жыл 18-октябрь». Каттын тексти аяктады.

Субханаллах… Мен Абу Мухаммад менен бул дүйнөдө Халифалык байрагы көлөкөсүндө жолугушууну өтө каалачумун… Бирок, ар нерседен алий жана ар ишке кудуреттүү Аллахым башка нерсени каалады. Аллах Субханахудан ушул катымдын соңундагы сураган дубамды кабыл алышын сурайм: «Аллах Субханахудан сураганым: эгер ал заттын тагдырына бул дүйнөдө бизди бирге жамдашын жазбаган болсо, акыретте бирге жамдасын, Расулуллах A жана анын жолдоштору менен – бүткүл аалам мүлкүнүн ээси, ар ишке кудуреттүү Аллах алдындагы – сидк орунда бирге кылсын… Аллахым, дубаларыбызды кабыл ал, угуучу жана кабыл алуучу Өзүңсүн».

Аллахым, Абу Мухаммадды рахмат кыл, кыяматта анбияларга, сыддыктарга, шейиттерге жана салихтерге жолдош кыл, алар менен жолдош болуу кандай гана улуу бакыт! Аллахым, шейхибиздин уулдары-кыздарын жана бардык жакындарын:

الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ * أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ

«Алар ушундай заттар, бирер мусибат келгенде – албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучуларбыз», дешет. Дал ошолорго Роббилери тарабынан салават жана рахмат бар, мына ошолор туура жолду табуучулар»  [2:156-157]

деп айткандай кишилерден кыл.

Эй Абу Мухаммад, Аллах Сизди рахмат кылсын, биз сизден ажыраганыбыздан өтө капалуубуз жана Роббибиз Субханаху ыраазы болуучу сөздөн башка сөздөрдү айтпайбыз.

«لِلَّهِ مَا أَخَذَ وَلَهُ مَا أَعْطَى، وَكُلُّ شَيْءٍ عِنْدَهُ بِأَجَلٍ مُسَمًّى»

«Аллах алган нерсе да Аныкы, берген нерсе да Аныкы. Ар бир нерсе белгилүү бир убакытка белгиленген».

إنا لله وإنا إليه راجعون

«Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте Өзүнө кайтуучубуз»  [2:156]

Боордошуңар жана досуңар Ато ибн Халил Абу Рушта

 

 

 8-жумадул-аввал, 1438-х.

5-февраль, 2017-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here