Түркиядагы мигранттар арасында депортациядан тынчсыздануу күчөп жатат

251
0

Түркиядагы мигранттар арасында депортациядан тынчсыздануу күчөп жатат

Түркиянын Стамбул шаарындагы Рейна түнкү клубуна уюштурулган чабуулдан кийин Орто Азиялык мусулмандарга карата басым өткөрүү күчөп жатканы айтылууда. Алар өз мекенине мажбурлап кайтаралышынан тынчсызданышууда. “Чыгыш Түркстан вакфы”нын баш катчысы доктор Умар Кул Түркияда Орто Азиялык жана Чыгыш Түркстандык мусулман үй-бүлөлөр аларга жаман мамиеле болуп жаткандыгынан тынчсызданып жатышкандыгын билдирди.

Ал тургай, БУУнун миграция маселелери боюнча комиссариатынын кеңсесинен каттоодон өтүп, көптөгөн жылдардан бери Түркияда жашап келе жаткан жана эч кандай кылмышка аралашпаган кээ бир Орто Азиялык мигранттардын үстүнөн да депортация кылуу туурасында чечим чыгарылганы кабарланууда.

БУУнун мигранттар боюнча жогорку комиссариатынын каттоосунан өтүп, Түркияда жашап жаткан өзбекстандык жаран Улугбек Холдаров да ушундай күнгө дуушар болгондордун бири болуп эсептелет. Ал 7 жылдан бери белгиленген убакта Миграциялык мекемеге барып, бардык мыйзам-эрежелерди сактап келгендигине жана шаардан эч кайда чыкпагандыгына карабастан, анын үстүнөн депортация кылуу тууралуу чечим чыгарылган.

Бул мигранттар өз өлкөсүндө бирер кылмыш кылып, андан соң качып келген адамдар эмес. Тескерисинче, Исламий көз карашта болгону үчүн гана мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон адамдар. Эгерде алар өз мекенине депортация кылынышса, ал жерде зулумдарга жана оор кыйноолорго, ал тургай өлүмгө да дуушар болушу мүмкүн. Орто Азияда Исламий жашоо тарапкери болгон жана ушуга чакырган мусулмандар көптөгөн жылдардан бери абактарда зулум көрүп жатышат. Айрыкча, Өзбекстан менен Тажикстанда Исламга даъват кылгандыкта айыпталган туткундар жаза мөөнөтүн өтөп болгондон кийин дагы кайрадан соттолуп, жаза мөөнөтү узартылат. Мындай абал бир жолу эмес, бир нече жолу кайталанып жатат. Мындан тышкары, жугуштуу оорулар жана оор кыйноолор себептүү өлгөн туткундар да бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here