Дааваттан кайтып келе жаткан дааватчылар жол кырсыгына учурап, бир адам каза болду

249
0

Дааваттан кайтып келе жаткан дааватчылар жол кырсыгына учурап, бир адам каза болду

“Turmush” сайтынын кабарына таянсак, Бишкек-Ош авто жолунун 335-чакырымында катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4 адам жараат алган.

Кабарларда келишинче, кырсык 10-февралга караган түнү саат 2:45 чамасында Бишкек-Ош жолунун 335-чакырымында жүз берген. “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги тосмону сүзүп алган. Машинада Ош облусуна караштуу Араван районунун тургундары болгон. Алар Бишкектен дааваттан кайтып келе жатышкан.

Автокырсыктын натыйжасында 1931-жылы туулган Босконбаев Абдираим көз жумду.

Жараат алгандар:

1.Тешебаев Акунжан, 1996-жылы туулган, айдоочу;

2.Халилов Мухаммеджан, 1996-жылы туулган;

3.Жабаров Санжарбек, 1972-жылы туулган:

4.Кабулов Мойдинжан, 1962-жылы туулган.

Жараат алгандар Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айлындагы ооруканага жаткырылган.

Туркистон:

رَاجِعونَ إِلَيْهِ وَإِنَّا لِلّهِ إِنَّا

Албетте, бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте бардыгыбыз Ага кайтуучуларбыз” (2:156)

 Чындыгында, Аллахтын сыноо дүйнөсүнө келген ар бир жандын бир күнү өлүм даамын татышы анык. Кимдир бирөөлөр өзү үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) келгенге чейин өмүрүн жалган дүйнөнүн маталарына ээ болуу үчүн өткөрсө, дагы кимдир бирөөлөр бул мөөнөттөн пайдаланып, пайдалуу илим, жакшы иш, солих перзент жана шакирттерди калтырууга умтулуу менен өткөрөт.

 Жол кырсыгына кабылган боордошторубуз да Аллахтын ыраазылыгы жолунда үй-бүлөсүн Аллахка аманат тапшырып, Ислам динин адамдарга жеткирүү максатында сапарга чыгышкан жана мойнундагы милдетин колунан келишинче аткарып кайтып келе жатышкан экен.

Абу Хурайра розияллоху анхудан риваят кылынат, Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам: “Силер кимдерди шахид деп эсептейсиңер?” – деп сураганда, сахабалар: “Эй Аллахтын расулу, кимде-ким Аллахтын жолунда өлтүрүлсө, ошолор шахид”, – деп жооп беришти. Расулуллох  соллаллаху алайхи ва саллам: “Андай болсо, менин үммөтүмдө шахидтер аз экен да!” – деди. Сахабалар: “Анда шахидтер кимдер, Я Расулуллах?” – деп сурашты. Ошондо Расулуллах  соллаллаху алайхи ва саллам: “Ким Аллахтын жолунда өлтүрүлсө – ал шахид. Ким Аллахтын жолунда өлсө – ал шахид. Ким вабага чалдыгып өлсө – ал шахид. Ким ич оорудан өлсө – ал шахид. Ким сууга чөгүп өлсө – ал да шахид”, – деп жооп берди. Имам Муслим риваяты.

Биз, Аллахтын каза-кадарына ыйман келтирген абалда, Өзүнүн жолунда сапарга чыгып каза болгон Босконбаев Абдираим аганын күнөөлөрүн магфират кылышын, кылган солих амалдарын шерик кылып, бейиш кеңдиктери менен сыйлашын сурайбыз.

 Анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, Аллах Тааладан аларга көркөм сабыр беришин о.э. бул сабыр кылуунун артынан үлкөн соопторду беришин сурап калабыз.

 Жол кырсыгында жараат алгандардын тезирээк айыгып кетишин жана Аллахтын ыраазылыгы жолундагы дааватты улантышын о.э. бул жолдо чарчабай аракет кылышын каалайбыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here