Астанада өтүүчү Сирия боюнча жолугушууга кимдер чакырылганы белгилүү болду

270
0

Астанада өтүүчү Сирия боюнча жолугушууга кимдер чакырылганы белгилүү болду

Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча Астанада өтүүчү жолугушууга АКШ жана Иорданиянын өкүлдөрү чакырылды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды.

Казакстандын борборунда өтүүчү Сирия боюнча кезектеги жыйынды 2017-жылдын 15-16-февраль күндөрү өткөрүү пландаштырылууда.

Жолугушууда Сирияда аскерий аракеттерди токтотуу режимине моюн сунуу маселелери талкууланат. О.э. биргелешкен ыкчам аракеттенүүчү топ  туурасындагы токтом кабыл алынышы, жарашуу режимин улантуу боюнча биргелешкен чаралар о.э. башка кадамдар боюнча пикир алышуу болот.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө:  “Астанадагы жолугушууга Иордания Королдугунун жана Сирия бийлигинин делегациясы, Сирия куралдуу оппозициясынын өкүлдөрү жана БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Де Мистуралар чакырылды. О.э. АКШнын өкүлдөрү байкоочу катары катышат”,- деп айтылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here