Атамбаев расмий сапар менен Брюсселге барат

358
0

Атамбаев расмий сапар менен Брюсселге барат

 Европа Союзунун Кыргызстандагы өкүлү, элчи Чезаре де Монтистин билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаев 16-февралда Брюсселге расмий сапар менен барып, Европа Союзундагы башкы уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.

Анын айтымында, бул сапар Кыргызстан президентинин соңку 3,5 жыл аралыгында Бельгия борборуна үчүнчү сапары болот.

“Буга чейинки 2013 жана 2015-жылдардагы сапарлардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташтык үчүн өтө маанилүү болгон”, – деди Чезаре де Монтис.

Сапар учурунда кызматташтык боюнча жаңы макулдашуу талкууланат. Буга чейинки документ 20 жыл мурда кабыл алынган эле.

Чезаре де Монтистин айтымында, жаңы макулдашуу акыркы жылдарда Кыргызстан да, Европа Союзу да жана жалпы дүйнө дуушар болгон өзгөрүүлөргө шайкеш келе тургандай түзүлөт.

“Алмазбек Атамбаев – ачык кызматташтыктын мыкты үлгүсү. Президент – Европа Союзунун досу, Европа Союзу президенттин досу”, – деди элчи.

Туркистон:

Атамбаевдин Еропа Союзуна боло турган бул сапары Путиндин Кыргызстанга сапарынын алдында болгону турат. Бул Европа Союзунун конференциясына Атамбаевдин акыркы катышуусу болот. Ал кырдаалдан чыгуунун акыркы жолун Европадан издейт. Т.а. чыгашаларды жана  бюджет дефицитин жаап, жыл акырындагы шайлоого жетип алуу үчүн каржылык жардам суранат.

Путиндин Кыргызстанга сапарынын алдында Атамбаев бир чечимге келип алышы керек. Т.а. мамлекетте жүрүп  жаткан саясий жана экономикалык кризистерден чыга алабы, жокпу ушуну чечип алышы керек. Путин бере турган суроолордун эң негизгиси да ушул болот. Европа Союзу жардам бериши же бербешине карабастан, ушул суроо сөзсүз берилет. Себеби, Кыргызстандын учурдагы саясий абалы финансылык кризиске гана байланыштуу эмес. Башкача айтканда, бул абал бир нече жылдардан берки ички саясаттагы каталарга жана башкаруу системасынын туура эмес негиздерине да байланыштуу. О.э. бул кризистерде дүйнөлүк эл аралык саясий абалдан келип чыккан бузук мухиттин таасири да өтө чоң жана маанилүү рол ойнойт.

Ошондуктан, жаңы келе турган жетекчи топ да абалды оңдой албайт. Алар да Атамбаевдин командасына окшоп, көптөгөн проблемаларда өзүнөн мурунку жетекчилерди айыптап, элди алдоо менен бир нече жыл бийликте турушат. Андан соң, проблемалар мурункудай көрүнүштө кайталана берет. Калк болсо дагы кайрадан жаңыларынан үмүттөнүү менен алданып кала берет.

Атамбаевдин Европа Союзуна болгон сапары себептүү Путиндин Кыргызстанга мамилеси өзгөрөбү?

 Ооба, албетте терс тарапка өзгөрүшү күтүлүүдө. Муну Европа Союзу менен Россиянын ортосундагы курчуп бара жаткан абалдан билип алуу кыйын эмес. Көңүл бурган болсоңуздар, Кыргызстандагы маалымат каражаттарында да, расмий билдирүүлөрдө да, Путиндин келишинен Кыргызстан үчүн бирер пайдалуу өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар таратылбай жатат.

Демек,  Путин Кыргызстандагы саясий күчтөр таразасын текшерет. Саясий күчтөрдүн көпчүлүгү Атамбаев тарапта эмес. Ал тарапта аткаруу бийлиги гана калды. Биздин божомолубуз боюнча, Россия Кыргызстан бийлигин көтөрүлүш жолу менен кулатмакчы эмес. Ал үчүн Кыргызстан саясий чөйрөсүндөгү күчтөрдү салмактап көрүп, аларды бир максаттын айланасында бириктирүү керек болот. Россия Кыргызстан бийлигин тынч жол аркылуу алмаштыруу менен саясий чөйрөнү сактап калууну көздөп жатат. Бул Акаев же Бакиевдерди алмаштыргандан дээрлик айырмаланбайт, бирок жаңыча ыкмадагы көрүнүшү болот. Болгону, бул планга Атамбаев ыраазы болушу керек болот. Эгерде Путин ушул ыкманы тандаса, анда шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп, бул шайлоодо Атамбаевчилер жеңилишет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here