
Де Мистура “Женева 4” сүйлөшүүсү үчүн катуу аракет кылууда
БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура 20-февралга белгиленген “Женева 4” сүйлөшүүсүнө катышуучу тараптарга бир нече күндүн ичинде чакыруу кат жөнөтөт. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дужаррик билдирди.
Дужаррик журналисттерге берген интервьюсунда: “Бир нече күндүн ичинде чакыруу каттары жөнөтүлөт. Бул татаал жараян болуп, көптөгөн адамдар менен сүйлөшүүнү жана кеңешүүнү талап кылат. Де Мистура жана анын тобу бул жолдо активдүү иштеп жатышат”, – деди.
Де Мистура эгерде оппозиция өкүлдөрү 8-февралга чейин БУУнун аталыгында өткөрүлө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө делегаттарды дайындабаса, анда делегаттарды өзү белгилеши тууралуу оппозицияны эскерткен эле. Бул болсо, оппозициянын нааразылыктарына себеп болду. Дужарриктин билдиришинче, Мистура Сирия оппозициясына берген ушул эскертүүсүн кайтарып алган.
Стаффан де Мистура Сирияда өткөө мезгил үч баскычтан туруп, ал убактылуу өкмөттү түзүүнү жана конституция иштеп чыгууну камтый тургандыгын билдирди. О.э. ал-Арабия телеканалына берген интервьюсунда, Женева сүйлөшүүлөрүнө Араб мамлекеттери лигасынын катышуусу маанилүү экендигин жана бул пикирди БУУнун Коопсуздук Кеңшине сунуштаганын билдирди. Ал: “Сирия араб дүйнөсүндөгү мамлекет. Ошондуктан, Женева сүйлөшүүлөрүндө Араб мамлекеттери лигасы катышуусу керек”, – деди.
Мындан бир аз мурда Сирия оппозициясынын өкүлдөрү Женева жолугушуусуна даярдык көрүү үчүн Анкарада чогулушкан эле. Оппозиция делегациясынын башчысы Мухаммад Аллуш Астана жыйынында коюлган талаптар аткарылбаса, Женевада өтүүчү жыйынга катышпастыгын билдирди. Аллуштун айтымында, Астана жыйынында берилген убадалар азыркыга чейин аткарыла элек.