Россия, Түркия, Иран Астанада Сириянын тагдырын чечүү үчүн дагы кайрадан чогулушту
6-февралда Астана шаарында Сирияда жарашууга көзөмөл боюнча Россия, Түркия жана Ирандын ыкчам топторунун биргелешкен жыйыны башталды. Ага БУУнун жанан Иорданиянын эксперттери да катышууда.
Астанада 23-24-январь күндөрү Сирия маселеси боюнча кепил болгон мамлекеттер – Россия, Иран жана Түркия Сирияда ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөө үчүн үч тараптуу келишим түзүшкөн. Аны ишке ашыруу механизмдери 6-февралда Астана шаарында аталган өлкөлөрдүн ыкчам топторунун биргелешкен жыйынында талууланды.
Кепил болгон мамлекеттер өздөрү жарыя кылган билдирүүдө “ИШИМ” жана “Жабхат ан-Нусра”га каршы күрөштү уланта тургандыгын тастыкташкан эле.
Иран, Түркия жана Россия мамлекеттери Сирия кризисин жөнгө салуу үчүн БУУнун жардамында Астана платформасында кызматташууга келишип алышты. Бул мамлекеттер Сириянын бүтүндүгү жана суверенитетин тастыкташты.
Жолугушуунун катышуучулары Сирияда согуштук аракеттерди токтотуу, тараптардын жарашуу талаптарын сактоосу, гуманитардык жардам, Сирия бийлиги жана оппозициянын ортосунда өз ара ишенимди жогорулатуу маселелерин талкуулашты.