Абдулазиз карынын жакындарына жана шакирттерине таъзия

276
0

Абдулазиз карынын жакындарына жана шакирттерине таъзия

 Аллах Таала “Анбия” сүрөсүндө мындай дейт:

كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ وَنَبْلُوكُمْ بِالشَّرِّ وَالْخَيْرِ فِتْنَةً وَإِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

Ар бир жан өлүмдү татуучу. Биз силерди (сабыр-таакаттарыңарды сыноо үчүн) жамандык менен да, (шүгүр кылууңарды билүү үчүн) жакшылык менен да “алдап” сынайбыз. (Кийин) жалаң Бизге гана кайтарыласыңар”. (21:35).

Чындыгында, Аллахтын сыноо дүйнөсүнө келген ар бир жандын бир күнү өлүм даамын татышы анык. Кимдир бирөөлөр өзү үчүн белгиленген мөөнөт (ажал) келгенге чейин өмүрүн жалган дүйнөнүн маталарына ээ болуу үчүн өткөрсө, дагы кимдир бирөөлөр бул мөөнөттөн пайдаланып, пайдалуу илим, жакшы иш, солих перзент жана шакирттерди калтырууга умтулуу менен өткөрөт. Кыргызстандын түштүгүндө жашап келген белгилүү шайх Абдулазиз кары да мына ушундай адамдардан эле.

Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Ислам жана мусулмандарга кызмат кылууга арнаган аалымдардын бири Абдулазиз кары артында көптөгөн шакирттерди жана мураттаб карыларды калтырып кетти. Ал киши рамазан айларында көптөгөн мечиттерге хатми Куран өткөрүү үчүн кары жигиттерди жиберет эле. Айта берсек, Абдулазиз карынын көптөгөн фазилаттары бар. А бирок, биз Аллахтын алдында эч кимди актабайбыз. Бирок, Роббибиз ыраазы боло турган сөздү гана айтабыз:

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

« Албетте, бардыгыбыз Аллахтыкыбыз жана албетте бардыгыбыз Ага кайтуучуларбыз». (2:156)

Кудуреттүү Аллахтан боордошубуз Абдулазиз карыны Өз рахматына алышын, күнөөлөрүн магфират кылышын, бейиште пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге кылышын сурап калабыз. Абдулазиз карынын жакындарына, досторуна о.э. бардык шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Аллах сиздерди сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here