Өрнөк айылы да жакшылык кербенине кошулду

336
0

Өрнөк айылы да жакшылык кербенине кошулду

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында элди ынтымакка жана биримдикке, ыймандуулукка чакырып, спирт ичимдиктерин сатуу толугу менен токтотулду. Бул иш-чараны жергиликтүү жамаат ишке ашырып 3-февралда 26555 сомдук спирт ичимдиги төгүлдү.

Бул иш-чарага Ысык-Көл районунун Чон-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Абдукалыков Улан, Ысык-Көл облусунун казысынын орунбасары Чойбек ажы жана Ысык-Көл районунун имам хатиби Максатбек дамыла катышып, спирттик ичимдиктерди тапшырган дүкөн ээлерине ыраазылык баракчасын тапшырышты.

Жыйынга Чок-Тал, Өрнөк, Чон-Сары-Ой, Сары-Ой жана Бает айылдарынын айылдарынын имамдары да катышты.

Туркистон:

Ааламдар Роббиси Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун, Кыргызстан мусулмандарынын Исламга болгон умтулуусу о.э. ар бир ишин исламий өкүмдөр негизинде аткарууга аракет кылуусу күндөн-күнгө күчөп барууда.

 Буга чейин Нарын облусундагы Комсомол, Бирдик жана башка айылдардын калкы да спирт ичимдиктерин сатууну токтотушкан эле. Ошол айылдардын калкы мындай адал-арамга амал кылып, жашоосун Ислам өкүмдөрү негизинде калыптандырышында жергиликтүү имамдардын жана Аллахтын ыраазылыгы жолунда четтеги айылдарга чейин барып, адамдарды исламий жашоого чакырып жаткан даъватчы боордошторубуздун да салымы бар.

Адамдарды эки дүйнө бактылуулугуна алып баруучу дин – бул Ислам дини. Мусулмандар Аллахтын буйрук жана кайтаруулары негизинде жашоосун калыптандыруусу о.э. башкаларды да Ислам менен жашоого чакыруусу аркылуу коомдо өзгөрүү башталат. Албетте, биз өзүбүздү өзгөртө баштагандан кийин гана Аллах Таала биздин абалыбызды өзгөртөт.

Аллах Таала айтат:

 Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт” (13:11).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here