Ажы Сабрий Арурий Аллахтын алдына кетти

329
0

Ажы Сабрий Арурий Аллахтын алдына кетти

مِنْ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً

«Момундар арасында өздөрү Аллахка берген убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан, алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды (т.а. шейит болушту), алардан айрым кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убада-шерттерин) өзгөртүшкөн жок» [33:23]

Хизб ут-Тахрир – Иордания вилаяты Аллах Субханаху ва Тааланын казасына ыйман келтирип, моюн сунган абалда, бардык мусулмандарга, өзгөчө, Иордания калкына терең кайгыруу менен шайх Сабрий Мухаммад Абдуллах Рифаий дүйнөдөн кайткандыгын кабарлайт. Ооба, Хизбдин алгачкы мүчөлөрүнүн бири о.э. Аллах Субханаху жана Расулу с.а.в. ыраазы боло турган күчтүү позицияны ээлеп келген калыс, сабырдуу Сабрий Мухаммад Абдуллах Рифаий (Абу Мухаммад Арурий) дүйнөдөн кайтты.

Арурий рохимахуллох 2017-жыл, 3-февраль жума күнү 95 жашында Аллах Тааланын алдына сапар тартты. Ал бүт өмүрүн Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылуу менен өткөрдү. Хизб ут-Тахрир 1953-жылы түзүлгөндөн бери анын катарында акыйкат жана изгилик даъватын жеткирип жашады. Пайгамбарлык минхажына негизделген рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий турмушту кайрадан баштоо үчүн тынымсыз аракет кылды жана бул жолдогу куугунтуктар, камакка алуулар жана катуу кыйноолорго сабыр кылды. Ал тургай, Иордания жана Сириядагы кылмышкер коопсуздук кызматтары колдонгон кыйноолор учурунда шейит болууга бир кадам калар эле. Рохимахуллох Хизбдин сабында 16 жолу абакка түшүп, булардын баарында Аллах Субханахунун өзүнөн гана ажр күттү, Анын нусратына терең ишенип, акыйкат үстүндө бекем турду. Чарчоо эмне экендигин билбестен жана убадасынан кайтпастан акыйкатты ачык жеткирди. Аллах Субханаху ва Тааланын нусрат жана үстөмдүк туурасындагы убадасына ушунчалык терең ишенди жана бул куш кабарды адамдарга кудум көзү менен көрүп тургандай жеткирди.

Рохимахуллохтун абалы төмөнкү аяттагы сыяктуу эле:

قُلْ إِنَّ صَلاَتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَاي وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ

«Айткын (эй Мухаммад): Албетте, намазым, ибадаттарым, тирүүлүгүм жана өлүгүм бүткүл ааламдардын Роббиси болгон Аллах үчүн». [6:162]

Аллах Субханахудан шайхты Өз Рахматына алышын, Фирдаус бейишинде, пайгамбарлар, сыддыктар, шейиттер жана солихтер менен бирге кылышын сурайбыз. Аларга шерик болуу кандай гана улуу бакыт! О.э. бизге, шайхтын үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр беришин сурап калабыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here