Кыргызстанда “өлүмгө чакыруучу” оюн дүрбөлөңү

318
0

Кыргызстанда “өлүмгө чакыруучу” оюн дүрбөлөңү

Кыргызстанда, “өлүмгө чакыруучу” оюн тууралуу дүрбөлөң көтөрүлүп жатат. Бирок, Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын  башчысы ушул кезге чейин  бул оюн себептүү бир да өспүрүм жанын кыйбаганын билдирди.

ИИМдин Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахманов: “kloop.kg”  сайты менен болгон эксклюзивдүү маегинде: “Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн арасында коомдук желелердеги оюндарга байланыштуу бир да өзүнө өзү кол салган учур катталган эмес”, – деди.

Журналист Ильич Кулназаровдун Фейсбук баракчасындагы “Сырдуу жүктүн толкунун токтоткон- “Синий кит же я в игре” оюндары” макаласы 4-февраль күнү “Сентябрь” телеканалы аркылуу эфирге узатылды. Макалада келишинче, “кандуу оюн” дүрбөлөңү Дача-Судагы сырдуу жүктүн айланасындагы толкундоону токтотуу үчүн абдан жакшылап ойлоп табылган.

Туркистон: 

Ушул күндөрдө Бишкекте жана анын айланасындагы мектептерде окуучуларды тинтүү жана уюлдук телефондорун текшерүү иштери жүрүп жатат. Орган кызматкерлеринин бул иш аракеттери ашкере жана чектен чыккандык жүрүп жатканы тууралуу кабарлар жетип келүүдө. Мындан тышкары, бул тинтүүлөр жана телефондорду текшерүү иштери тийиштүү документтерсиз, же соттун санкциясы болбогон абалда мыйзамсыз көрүнүштө жүрүп жатат. Ата-энелер жана коомчулук эки тарапка бөлүнүп калышты. Т.а. коомчулукта бул аракеттер орундуу дегендер менен, бул иш чараларга каршы пикир билдиргендер бар.

Түпкүлүгүндө, мындай текшерүүлөр же каршылык аракеттери качан гана массалык кыргын же ушул сыяктуу коркунуч пайда болгондо, же табигый кырсыктын алдын алуу максатында,  же болбосо, эпидемия жайылган учурда гана ишке ашырылышы мүмкүн. Ал эми, бирөөнүн өмүрүнө коркунуч туудурганы тастыктала элек оюндун алдын алууда мындай иш-чараларды колдонуу мүмкүн эмес. Ал тургай, бул оюн өспүрүмдөргө коркунуч туудуруп жатат ишенген күндө да, аны токтотуп калууга милиция кызматкерлеринин жогорудагыдай иштери аркылуу чара көрүлбөйт. Тескерисинче, бул максатсыз аракеттер өспүрүмдөрдү бул оюнга кызыктырып, реклама кылуу менен билбегендерге жеткирип койду. Эгерде бул оюн балдарыбызды өзүнө тартып, алардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жаткан болсо да, ага каршы милиция аркылуу коркутуу жолу менен күрөшүүгө болбойт. Себеби, орган кызматкерлеринин коркутуусу өз өмүрүнө кол салууну максат кылган өспүрүмдү ал иштен кайтарбастан, тескерисинче ошол ишке карай түртөт. Себеби, мейли алар көтөрүп жаткан жасалма дүрбөлөңгө ишенген күндө да, бул нерсе күч менен чечилбей турган проблема болуп эсептелет. Буга коомубуздун дайынсыздык жана динсиздигинен келип чыгуучу нерсе, же болбосо, бузук идеологиянын таасири деген баа берсек болот.

Демек, орган кызматкерлерин багыттап жаткан бийлик башка максатты көздөгөн. Алар коомдогу өздөрүнүн таасирин күчөтүү үчүн, жарандарды балдары менен убара кылып коюу менен коомду жок эле коркунучка каршы багыттоону көздөп жатышат. Бул чалгытуучу тактика исламий коркунучтардан жарандарды коркутуу иштери менен параллель көрүнүштө ишке ашырылып жатат. Максаты, жогорудагы журналист жана аналитиктер айтып жаткандай, бийликке каршы жүрүп жаткан саясий аракеттерден элди алаксытуу. Бул нерсе маалымат каражаттарын башка тарапка багыттап жиберүү үчүн о.э. жарандарды учактагы контрабандалык товардын айланасындагы толкундоолордон чалгытуу үчүн ишке ашырылып жаткан ири афёранын уландысы болушу мүмкүн. Бийликтин бул аракеттери учакта контрабандалык товар болгондугун о.э. бул товардын ээлери президенттин айланасындагы адамдар экендигин дагы бир жолу тастыктап жатат.

Көңүл бурушубуз керек болгон нерсе, бийлик жеке кызыкчылыгы жолунда исламий коомчулукту эле эмес, өспүрүм балдарыбызды да саясий интригалар курмандыгына айландырууга даяр экен. Алар өздөрүнүн катасы себептүү о.э. туура эмес башкаруу системасы себептүү пайда болуп жаткан балээлерди жаап-жашыруу максатында ушул сыяктуу жийиркеничтүү операцияларды ишке ашырууда. Бир нече жолу террордук операцияларды уюштурушту. Анын артынан жүздөгөн мусулмандарды камакка алып, куугунтукташты! Абакта да мусулмандарга зулум өткөрүштү! Коомдо исламдын таасирин алсыратууну көздөгөн иштерди кылышууда. Акыркы кездерде президенттин айланасындагы адамдардын кылмыштуу иштери ачыктала баштады. Сактыкка кордук жок дегендей, сергек бололу, себеби алар өздөрүнүн кылмыштуу иштерин жаап-жашыруу максатында кайсы тармакты болбосун курмандыкка чалып жибериши мүмкүн!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here