АКШнын идеологиялык күрөшү Исламга гана каратылат

338
0

АКШнын идеологиялык күрөшү Исламга гана каратылат

АКШ админстрациясы Ислам идеологиясына каршы ачык күрөштү баштады. Эми бардык идеологиялар четке сүрүлүп, Исламий идеологияга каршы күрөш биринчи орунга коюла турган болду. Бул тууралуу “Рейтерс” маалымат агенттиги “атайын кабар” программасында маалымдады.

“Рейтерс” агенттиги тараткан кабарда: “Трамп админстрациясы зомбулукту камтыган идеологияларга каршы күрөш программасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Мындан кийин “Исламий экстремизм”ге каршы күрөш биринчи орунга коюлат”, – деп айтылат.

О.э. ал кабарда келишинче, программанын “Countering violent extremism(CVE)Экстремизмге каршы күрөш” деген аталышы өзгөртүлүп “Исламий экстремизмге каршы күрөш”, же “Радикалдык Исламий экстремизмге каршы күрөш” деп аталышы да мүмкүн.

Түркияда чыгуучу “Хурриет” гезитинин журналисти Мурат Еткин “Рейтерс” агенттигинин “атайын кабарына” комментарий берип, “бул кабардан АКШда мусулмандардын ак түстүү жикчилдерге караганда кооптуураак болуп эсептелиши келип чыгат” деди.

“Мисалы, ак түстүүнүн үстөмдүгүн дааба кылып террордук иштерди кылуучу жана адамдардын өлүмүнө себеп болуучу экстримисттик топторго каршы күрөш бул программадан чыгарылат”, – деди Мурат Еткин.

Туркистон:

АКШнын идеологиялык күрөшү Исламга гана каратылгандыгы жаңылык эмес. Түпкүлүгүндө, капитализм идеологиясы каршысында Ислам идеологиясынан башка идеология калган эмес. Социализм идеологиясы қулагандан кейин Америка Ислам идеологиясын негизги жана жападан-жалгыз душман деп белгиледи. Себеби, анын келечегине коркунуч туудура алуучу күч Ислам идеологиясында гана бар. Болгону, ушул кезге чейин бул маселе “Биз Исламга каршы эмеспиз, тескерисинче зомбулукту өз ичине алган бардык идеологияларга каршыбыз”,  же “биз терроризм жана экстримизмге каршыбыз”, деген жалгандар менен жаап-жашырылып келген. Бүгүнкү күнгө келип, Трамп Исламга каршы күрөшүн ачык эле баштады.

Айта кетүүчү нерсе, АКШ жана Батыш мамлекеттери дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө Ислам жана мусулмандарга каршы чабуулдарын актоо максатында терроризм, диний экстремизм, фундаментализм ураандарын колдонуп келе жатышат. АКШ өз кызыкчылыктарына ылайыктоо үчүн терроризмге ушундай аныктама берди. Анын кызыкчылыгы социализмден кийинки өзүнүн душманы болгон Исламды мүмкүн болушунча алсыратууга байланыштуу. Учурда Исламдын мамлекети жок. Капитализм болсо бир нече мамлекеттерге ээ. Ошондой болушуна карабастан, капитализм идеологиясы Ислам идеологиясы каршысында күндөн-күнгө алсырап барууда. Ошол себептен улам, алардын Исламга каршы күрөштү ачык жарыялоодон башка чарасы калбады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here