Элди тоноп жүргөн милиция “кызматкерлери” кармалды

341
0

Элди тоноп жүргөн милиция “кызматкерлери” кармалды

 “teznews.kg” сайтынын кабарына таянсак, өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырып элди тоноп жүргөн жарандар кармалган. Бул тууралуу шаардык милиция билдирген.

Кабарда келишинче, Бишкек шаарынын шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында 25-январь күнү саат 22:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган 3 адам миң сомун жана үйүнүн ачкычын алып кеткенин айткан.

Атайын рейддин жүрүшүндө 23 жаштагы Т.Б жана 22 жаштагы А.У кармалган.

Кадамжайда даъватчылар кармалды

“Turmush” сайтынын кабар беришинче, 27-январь күнү Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы мечитте даъват иштерин жүргүзүп жүргөн “Йакын Инкар” жамаатынын 10 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу Кадамжай РИИБдин 10-бөлүмү билдирген.

 Маалыматка караганда, алар даъват иштерин жүргүзүүгө муфтияттан жана орган кызматкерлеринен тийиштүү документтер менен уруксат албагандыгы аныкталган. Кармалган 10 киши Талас, Нарын жана Жалал-Абад облусунун тургундары. Алардын 4 айга даъватка чыкканы аныкталган.

Эксперттер менен милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, ишти сотко өткөрүп беришкен. Кармалган 10 адам соттун чечиминен Кадамжай районунун аймагынан чыгарылат.

Туркистон: 

Кызык жери, жогорудагы аферист жана тоноочу о.э. каракчы, коррупционер, ууру жана сойкулардын “крышасы” болуп келген орган кызматкерлери Аллах жолунда, үй-бүлөсүн Аллахка тобокел кылып таштап коюп, жалаң гана сооп үмүтүндө билишинче жакшылыкка чакырып келген даъватчыларды кармап жатышат. Бул кандай коом болду?!

Кечээ күнү учак кырсыгы жүз берип, кырсыктап турган учурда да милиция кызматкерлери ошол жерди курчап алып тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бирок, күбөлөрдүн социалдык тармактар жана телеканалдарда чыгып айтышынча, милиция кызматкерлери ал жерди өлүп жаткан адамдардан эмес,  кымбат баалуу телефондордон тазалашкан.

Даъватчыларды ушундай жийиркеничтүү иштерди кылып жүргөн кызматкерлерге таштап койдукпу?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here