Атамбаев жаңы конституцияны тастыктады

318
0

Атамбаев жаңы конституцияны тастыктады

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Президент Алмазбек Атамбаев 27-январда жаңыртылган конституциянын расмий текстин жарыялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Кол коюу ырасымына Премьер-министр, Жогорку Кеңештин спикери, парламенттеги фракциялардын башчылары, Жогорку соттун төрайымы, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы жана Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү борбордук боюнча борбордук коммиссиянын төрайымы  жана башка жетекчилер катышкан.

Кабарга таянсак, Президент жарлыкка кол коёрдун алдында сөз сүйлөп: “Баш мыйзамдын кыргыз жана орус текстиндеги 60тан ашуун каталар, карама-каршылыктар, бурмалоолор оӊдолду”, – деди.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын 11-декабрында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы референдум болуп өткөн эле. Конституциядагы өзгөртүүлөр президенттин ыйгарым-укуктарын азайтып, парламент жана премьер-министрдин ыйгарым-укуктарын кеңейтүүнү о.э. сот жана укук коргоо тармагын реформа кылууну назарда тутат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here