Сирия оппозициясына жаңы конституция долбоору сунушталды

308
0

Сирия оппозициясына жаңы конституция долбоору сунушталды

“Сирия келечегин сириялыктар өздөрү чечет” деп дааба кылып келген Россия бийлиги Астана жолугушуусуна келген Сирия оппозициясына россиялык эксперттер тарабынан даярдалган жаңы конституция долбоорун сунуштады. Бул тууралуу, Россия президентинин атайын өкүлү жана Астанага барган россиялык делегациянын башчысы Александр Лаврентьев билдирди.

Жаңы конституция долбоору Сириянын ички иштерине аралашпаган абалда, жараянды тездетүү үчүн сунушталгандыгын билдирген Лаврентьев: “Азыр конституция долбоору Сирия оппозициясынын колунда турат. Москва алардан жаңы конституция боюнча жооп күтүүдө”, – деди.

Лаврентьевдин айтышынча, Сирия оппозициясы да жаңы конституция түзүү керектигин о.э. президенттик жана парламенттик шайлоолорду уюштуруу маанилүү экендигин моюнга алган.

РФнын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Сирия оппозициясына жаңы конституция долбоору сунушталгандыгын тастыктады. Лавровдун айтымында, бул долбоор Асад режими менен оппозициянын о.э. региондогу башка тараптардын көз караштарын эсепке алган абалда россиялык адистер тарабынан даярдалган.

РФ Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарованын билдиришинче, Сирия оппозициясына жаңы конституция долбоорун сунуштоодон максат, аларды талкууларды баштоого шыктандыруу.

Мындан мурда Женевада уюштурулган жолугушууларда БУУнун максаттарынын бири “жаңы конституция” демилгесин Асад режими менен оппозиция ортосуна коюу эле. Бирок, тараптар ортосундагы келишпестиктер себептүү сүйлөшүүлөрдүн бул баскычына жакындоого да мүмкүнчүлүк  болбогон.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия оппозициясынын өкүлдөрүн бүгүн Москвага чакырды. Лавровдун билдиришинче, Москвада Сирия оппозициясынын өкүлдөрүнө Астанада болуп өткөн жараян жакшылап түшүндүрүлөт.

“Москвага келүүнү каалаган Сирия оппозициясынын саясий канатынын өкүлдөрүн чакырдык. Биз аларга Астанада эмне болгондугу тууралуу кеңири маалымат беребиз”, – деди РФ тышкы иштер министри.

Бирок, Москвага кимдер чакырылгандыгы тууралуу маалымат жок. Ал-Жазира маалымат агенттигинин кабарына таянсак, негизинен оппозициядагы белгилүү бир адамдар чакырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here