Аскер соттору жоюлду

266
0

Аскер соттору жоюлду

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Судьялардын статусу жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Адистер тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору Кыргызстанда аскердик сотторду жоюп, алардын милдеттерин башка сотторго ыйгарууну шарттайт.

Эскерте кетсек, 2012-жылы 24-февралда Стамбулда коррупцияга каршы күрөш боюнча өткөрүлгөн конференцияда Кыргызстанга аскердик сотторду жоюу жана алардын милдеттерин башка сотторго тапшыруу сунушталган  эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here