Конашенков: Халабдын бошотулушу Сирияда тынчтыкка жол ачты

240
0

 Конашенков: Халабдын бошотулушу Сирияда тынчтыкка жол ачты

 РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков 17-декабрдагы билдирүүсүндө айтышынча, Халабдан согушкерлердин чыгарылышы Сириянын башка аймактарында аскерий аракеттерди токтотуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылды.

Анын билдиришинче, Россия жарашуу борбору тарабынан ишке ашырылган Халабдан согушкерлер жана алардын үй-бүлөсүн коопсуз жол менен алып чыгуу операциясынын өзгөчөлүгү, 10 миӊдей сириялыктардын өмүрүн сактап калгандан тышкары, Сириянын башка аймактарында да аскерий аракеттерди токтотуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылгандыгында  болду.

“Мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн, алгач – террорчулардан тышкары – күрөшүп жаткан бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү каалоосу болушу зарыл”, – деди Игорь Конашенков.

Туркистон:  

Орус жооптуусунун жогорудагы билдирүүсүнө, аскерий манкурттун саясий дүйнө карашынан келип чыккан беймаани сөздөр деген баа берүүгө болот.

Россия АКШнын дөбөтү болуп, Сирияны Асад режими үчүн урандыга айлантып берди. Эсииздерде болсо Путин бир билдирүүсүндө “Асад, Россияга караганда АКШга жакыныраак” деп айткан эле. Ооба, түпкүлүгүндө Асаддын режими АКШнын колониясы болуп, анын негизги маселеси да АКШнын стратегиялык кызыкчылыгына байланыштуу.

Түпкүлүгүндө, Шамдагы исламий ынкылаптык аракет АКШнын кызыкчылыктарына жана дүйнөлүк куфр системасына каршы башталган эле. Дүйнөлүк куфр системасы болсо АКШнын жеке акимдиги астына өтүп барууда. Муну Путин да расмий билдирүүсүндө тастыктап өттү. Демек, АКШ менен Россия биргеликте ишке ашырган операция, түпкүлүгүндө АКШнын дүйнөлүк кызыкчылыгын коргоо жана куфр системасын ойгонуп келе жаткан исламий мабдаъий, дүйнөлүк системадан сактап калуу үчүн атайылап уюштурулду. Муну Россиянын аба күчтөрү Сирияны бомбалап жаткан убакта, АКШ бардык исламий жана куфрга көз каранды күчтөрдү Женева конференцияларына чакырып барганынан түшүнүп алууга болот. Т.а. исламий мухитти куфрга көз каранды кылуу үчүн мусулмандарга жана исламий жамааттарга бир нече мөөнөт убакыт берип, аларды исламий идеологиялык дүйнө караштан баш тартууга мажбурламакчы болушту. Россия жүз миңдеген бейкүнөө мусулмандарды, жаш балдарды кыргын кылып жаткан бир учурда, АКШ куфр сүйлөшүүсүнө ыраазы болууну, ушул азаптарды токтотуу шарты менен ушул дипломатиялык келишимдерди шылтоо кылып келди. Алардын бул айлакердик негизиндеги кызматташтык операциялары бир нече жылдарга созулду. Миллиондогон мусулман өлдү. Сирия шаарлары урандыга айланды. Бирок, куфр системасы максатына жетише албады. Т.а. исламий мухитти куфрга көз каранды кыла албады. Алар Халабда карапйым калк менен согуш жүрүп жаткандай түр көрсөтүүү менен жасалма атышууларды уюштуруп, жырткычтык (геноцид) кылуу менен ал жерди басып алышты.  

Бирок, бул куфрдун жеӊилүүсү экенин куфр дүйнөсүнүн жетекчилери жана саясатчылар түшүнүп турушат. Бул идеологиялык кризис. Ислам жана мусулмандардын сөөктөрү жана шахадат берүү менен дүйнөнү таӊ калтырган бекемдиги! Куфр идеологиясынын таштандыга ыргытылышы! Т.а. мусулмандар куфрдун ушул дүйнөдө убада кылып жаткан жыргалчылык тартуусун четке кагып, акыреттеги түбөлүк жыргалчылыкты тандай алышы, куфр бере алышы мүмкүн болгон жасалма баалуулуктардын баасын нажасат даражасына түшүрдү! Бул өтө улуу жеӊиш, инша Аллах!

Эми куфр дүйнөсү кылган иштеринин натыйжаларын түшүнүп жеткенден кийин, абалды өз кызыкчылыктары тарапка буруп алуу максатында дагы бир катар операцияларды ишке ашырмакчы. Алар бул геноцидде Россиянын өзүн айыптуу кылып көрсөтүшмөкчү. Куфр уюмдары демонстрацияларды уюштуруп, “Путин террорист, Россия террорист” деген сыяктуу ураандар менен көчөлөргө чыгып жатышат. Түпкүлүгүндө, Путин болгону бир желдет гана. Бирок, ал желдет кимге кызмат кылып жатат, кимдин буйругун аткарып жатат! Мусулмандарды болсо “ушул желдетти жазалоо же айыптоо менен чектелгиле” деп дагы кайрадан чалгытууга аракет кылып жатышат.

Боордоштор, үстүбүздө куфр системасы иш жүргүзүп жатат. АКШ менен Россия бир системанын өкүлдөрү, алар болгону бири кыргын кылуучу, экинчиси болсо коргоочу болуп көрүнүп жатышат. Көӊүл буруӊуз, АКШнын бирер кызыкчылыгына Россия же башка бир мамлекет каршы чыкса, нефтинин баасын түшүрүү, же болбосо долларды көтөрүү же түшүрүү аркылуу басым өткөрүп, ал тургай БУУда койгон ветолорун да алдырып коё алат. Мусулмандарды кыргын кылып жатканда болсо, токтото албай жаткан имиш!!!

Куфр дүйнөсү бир фронт болуп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп жатат. Бирок, бул күрөшү бир эле аскерий эмес, идеологиялык негизде да жүрүп жатат. Ошондуктан, бири урса, экинчиси башыбызды сылап жаткандай көрүнүүгө аракет кылып жатат! Куфр уюмдары Сириядагы геноциддерге каршы чыгуу менен исламий идеологиялык күрөштү, адамдын акы-укугун коргоого, улутчулдук жана тайпачылыкка каршы күрөшкө каратуу керек деген алсыз негиздерге буруп жиберүүнү көздөп жатышат. Мусулмандардын жек көрүүсүн да бир гана Россияга каратып, куфр системасы арабызда сакталып калышына аракет кылып жатышат.

Акыйкатта болсо, арабызда туруп бизди алсыратып жаткан куфр системасы сакталып тура берген соӊ, биз толук жеишке жетише албайбыз! Халаб калкынын бүгүнкү абалы да, шахадаты, берген курмандыктары да куфр системасы кирип келишине ыраазы болбогону үчүн болуп өттү го! Биз дүйнө мусулмандары Халаб калкынын исламий, ынкылаптык жүрүшү жана туруп беришинен өрнөк алышыбыз керек. Ошондо гана куфр системасынын жүрөгүнө канжар сайган болобуз, инша Аллах! Ошондо бүт исламий өлкөлөр Халабга айланган болот! Ошондо исламий бекемдик куфрдун жасалма идеологиясы жана системасын талкалап таштайт!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here