Эй Эрдоган! Бул жолу да ыгайлуу учурду колдон чыгардың!

293
0

Эй Эрдоган! Бул жолу да ыгайлуу учурду колдон чыгардың!

Америкалык мусулман журналист Билал Абдулкарим Сирия режими жана Россия бомбалары астында калган Халаб шаарынан Ислам Үммөтүнө: “Балким, бул менин акыркы кайрылуумдур”, – деген видео кайрылуу жолдоду.

“Мисалы (Түркия президенти Режеп Таййип) Эрдоган, Курани каримди көркөм кыраат кыласын. Бирок, бул жолу да ыӊгайлуу учурду колдон чыгардың. Чындыгында, колуңда өтө чоӊ мүмкүнчүлүк бар эле. Улуу жол башчы болушуӊ мүмкүн эле. Болгону 25км аралыктагы армияны аттандырып, жардамсыз калган адамдарды куткарышыӊ мүмкүн эле. Бирок, учурду колдон чыгардыӊ. Башка бардык мамлекеттердин абалы да ушундай. Саудиялыктар, катарлыктар жана башка…. баарыӊар үчүн бир ыӊгайлуу учур келген эле… Та. алтын учур келген эле… Бирок, эмне болгон күндө да Үммөт күрөштү уланта берет. Мусулманга да, кайрымусулманга да адилеттүүлүк менен мамиле кылат”, -деди Халабдан Ислам Үммөтүнө видео кайрылуу жолдогон журналист Билал Абдулкарим.

Өз кезегинде Түркия пезиденти Халаб окуяларына карата “Асад режими Халабда ишке ашырып жаткан кылмыштарга унчукпай карап тура албайбыз” деген билдирүү берди. А бирок, Эрдоган бул билдирүүсү менен Түркия кошуунун Халабга аттандырып, дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында кыргын кылынып жаткан мусулмандардын, аялдар жана жаш балдардын куткаруучусу болууну назарда тутпады. Тескерисинче, халабдыктарга өз өлкөсүнөн орун берүүгө даяр экендигин билдирди.

“Халабдан кутулган боордошторубузга жардам берүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүп койдук… Ар кандай жардамды берүүгө даярбыз. А бирок, бизге коридор керек. Түркияга келе тургандарды кучак жайып тосуп алууга даярбыз…Адамдар ал жерден чыгышы үчүн тезинен коридор ачылышы керек”, – деди Эрдоган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here