Халаб өрттөнүүдө
АКШ Сирияда пайда болгон элдик козголоңду өзү каалаган тарапка буруу үчүн тынымсыз аракет кылды. Макастына жетишүү жолунда Сирия козголоӊу үчүн тузактан башка нерсе болбогон “Женева-1”, “Женева-2”, “Женева-3”… сыяктуу конференцияларды уюштуруп, козголоңду өз нугунан, башталган кездеги максатынан буруп жиберүүгө аракет кылды. Бул аракеттери натыйжа бербеген соӊ, мусулман мужахиддердин кайратын сындыруу, аларды өзү каалаган жол менен жүрүүгө мажбур кылуу үчүн, ынкылап башталгандан бери Башар Асад режимине жардам берип келе жаткан Ирандын жалданма согушкерлерине кеӊири мүмкүнчүлүктөр эшигин ачып берди. Россияны да бул согушка тартып, орус аскерлери менен Ирандын жалданма желдеттери ишке ашырып жаткан кыргындарга көз жумду.
Мусулман өлкөлөрүндөгү малай акимдер болсо диндеш бир туугандарына жардам берүү, биз үчүн жалпы душман болгон баскынчаларга каршы күрөшүү жолунда биригүүнүн ордуна, АКШ башчылыгында түзүлгөн аскерий коалицияга кошулууга шашылышты. Бул жолдо адаттагыдай эле Саудия өзгөчө активдүүлүгүн көрсөттү.
Сирияга бир дубал кошуна болгон Түркия бийлиги да Аллахты ыраазы кыла турган жолду эмес, колонизатор кожоюндарын ыраазы кылуу жолун тандады жана “Ефрат калканы” деген аталыштагы аскерий операцияны баштады…
Пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам: “Калктар үстүӊөргө, кудум жеп тойбос соргоктор табакка жутунганы сыяктуу жапырылып келишет”, – дегендей, Аллахтын ыраазылыгы жолунда аракет кылып жаткан мусулмандар үстүнө колонизатор мамлекеттер жана алардын ач көз малайлары жапырылып келишти.
Натыйжада, Сириядагы мусулмандар куфр менен бетме-бет ачык майданда жалгыз калышты. Россиянын аскерий учактары жана шиа жалданма аскерлери мусулмандар үстүнө дүйнөдө тыюу салынган бомбаларды АКШ ыраазылыгы жана сүкүтү астында жаадырышты. БУУ жана башка демократия сакчысы болгон уюмдар бул абалды көрүп туруп көрмөксөн болушту.
Күчтөр ортосундагы үлкөн айырма себептүү мусулман мужахиддер өздөрү ээлеп турган шаар жана айылдардан сүрүп чыгарылды. Бүгүнкү күнгө келип болсо, куфрдун бардык күчү жана этибары Халаб шаарынын бир четинде камалып калган жүз миңдеген калыс мусулмандарды жок кылуу үстүндө чогулду.
Бүгүн Халаб өрттөнүп жатат! Бүгүн Халабда муслималар намысы кордолуу коркунучуна кептелди! Бүгүн Халаб дүйнө жүзүндөгү мусулмандарга кайрылып, жардам күтүүдө! Бүгүн Халабдагы муслима карындаштарыбыз шиа жалданма желдеттери колунда оюнчук болуп, намысы тебеленгенден көрө жанын кыюуну абзел көрүп жатышат!
Бул окуяларды көрүп-билип туруп, биз мусулмандар эмне кылып жатабыз?! Аллах Таала бизге берген мүмкүнчүлүктү кайсы жолго иштетип жатабыз?!!!
Эй бийликтегилер, эй аскерий генерал жана офицерлер, Кыямат күнүндө бул мазлумдар чакрыгына жооп бербегениӊер үчүн Аллахка эмне деп жооп бересиӊер?!
Халаб бизден тамак-аш, кийим-кече сурап жаткан жок! Мүмкүнчүлүгүбүздөгү бардык каражаттарды ишке салып, аларга жардам беришибизди сурап жатышат!
Бүгүн Халабда жүз берип жаткан окуяларга карата биздин позициябыз кандай болушу керек? Бизден эмнелер талап кылынат?
Кыямат күнүндө ар бирибиз Аллахтын алдында, мусулман катары, жамаат катары жана колубузда болгон бийлик жана күч туурасында жооп беребиз!
- Мусулмандар жеке адам катары Халабда кыргын жана зулумга дуушар болуп жаткан диндеш бир туугандарыбыз акысына дуба кылып, ал жерде колонизатор мамлекеттер менен алардын малайлары ишке ашырып жаткан жырткычтыктар менен кыянаттарга каршы өз мамлекетибизде жана дүйнө бойлоп массалык пикирди пайда кылууга аракет кылышыбыз важиб.
- Исламий жамааттар болсо, мамлекеттеги жана Ислам өлкөлөрүндөгү акимдерден казармаларда бекерчиликтен зеригип жаткан кошуундарды Халабды куткаруу үчүн аттандырууну талап кылышы важиб.
- Ар бир Исламий өлкөдөгү бийлик ээлери болсо, пендеге кулдук кылуу кишенин үзүп таштап, аскерий кошуунду Халабды азат кылуу, мусулмандарды куткаруу үчүн аттандыруусу жана башка Исламий өлкөлөрдүн акимдеринен да ушуну талап кылуусу важиб.
Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.: “Мусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум кылбайт жана жардамсыз таштап койбойт”, – деген.