Өзбекстан: премьер-министрлик кызматка Абдулла Ариповдун талапкердиги көрсөтүлдү
Өзбекстан Либерал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши 12-декабрдагы жыйынында Абдулла Нигматович Ариповдун талапкердигин премьер-министрлик орунга сунуштады.
Жыйында Абдулла Арипов мамлекетте ишке ашырылып жаткан реформалардын ийгилиги үчүн жоопкерчиликти моюнга алууга кудуреттүү, демилгелүү жана талап кылуучу, жаӊылыкка умтулуучу, патриот жана мекенчил, бардык аткаруу органдарын башкарууда жетиштүү тажрыйбасы бар адам экендиги баса белгиленди.
Эскерте кетсек, 55 жаштагы Абдулла Арипов 10 жылдан ашуун убакыт т.а. 2002-жылдан 2012-жылга чейин вице-премьер-министрлик кызматын аркалап келген. Ошол эле убакта 2005-2009-жылдары Өзбекстандын байланыш жана маалымат агенттигин башкарган.
2012-жылдын күз мезгилинде Башкы прокуратура анын үстүнөн “Уздунробита” (МТС-Өзбекстан) үчүн кошумча ретрансляторлорду орнотууга мыйзамсыз уруксат бергендиги үчүн кылмыш ишин козгогон. Тергөө эмне болуп аяктаганы болсо белгисиз. Арипов 2012-жыл, 22-августта маалымат системасы жана телекоммуникациялар комплексинин жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын аты өкмөттүн сайтынан жок кылынган. Бирок, 12-декабрга караган түнү Фейсбукта пайда болгон Ариповдун баракчасындагы өмүр баянында айтылышынча, ал 2012-жылдын август айынан баштап вице-премьер-министр, маалымат түзүмү жана телекоммуникациялар комплексинин жетекчиси болуп иштеген.
Мирзёев Ислам Каримов өлгөндөн эки аптадан кийин Ариповду кайрадан өкмөткө алып келип, мурунку кызмат ордуна дайындаган эле.