Трамп: Терроризмге каршы күрөш тууралуу ойлонуу керек
2017-жылдын 20-январында президенттик кызматка киришүүсү күтүлүп жаткан Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары чет өлкөлөрдөгү жаӊжалдарга аралашуу жана башка режимдерди кулатуу саясатына чек коюп, анын ордуна терроризмге (Исламга) каршы күрөш тууралуу ойлонушу керектигин баса белгиледи. Трамп бул тууралуу өзүн колдогон шайлоочуларга ыраазылык билдирүү үчүн Түндүк Каролина штатына болгон сапары учурунда айтып өттү.
“Алар тууралуу эч нерсе билбей турган режимдерди кулатуу ишине чек коюп, терроризмге каршы күрөш тууралуу ойлонуу керек. Ушундай максатта болгон ар бир өлкө биздин досубуз болуп эсептелет. Эски достуктарыбызды бекемдөөнү о.э. жаӊы достуктарды пайда кылууну каалайбыз. Эми тышкы аралашуу саясатына жана башаламандыктарга чек коюу керек”, – деди Трамп.
О.э. жаӊы админстрациянын аскерий саясаты жөнүндө да токтолуп өткөн Трамп, отставкадагы генерал Жеймс Маттисти Пентагон башчылыгына талапкер катары көрсөтө тургандыгын билдирди. Анын айтымында, АКШ коргоо министрлиги үчүн жөндөмдүү адам керек.
Пентагондун жаңы башчысы болору күтүлүп жаткан генерал Жеймс Маттис АКШ Иракка бастырып кирген кезде мусулмандарга карата ишке ашырылган бир нече кыргындарда, айрыкча Фаллужа кыргынында жооптуу адам катары таанылган.
Аскерий кызматы учурунда “Кутурган ит” деген лакап атка татыктуу болгон отставкадагы 66 жаштагы генерал Жеймс Маттис 1991-жылы биринчи Булуӊ согушунда, 2001-жылы Афганистанды басып алууда жана 2003-жылы Иракка бастырып кирүүдө активдүү катышкан. Өмүр бою мусулмандарды кыргын кылып келген Маттис 2005-жылы Сан-Диегодо аскерлердин алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Кээ бир адамдарга ок атуу өтө эле рахаттуу болот”, – деген эле.