Кыргызстан Ислам динине каршы күрөштө кезектеги кадамын таштады

293
0

Кыргызстан Ислам динине каршы күрөштө кезектеги кадамын таштады

Кыргызстанда диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 Кабарда келишинче, вице-премьер-министр Жениш Разаков программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеӊешме өткөргөн. Разаковдун айтымында, диний экстремизм жана терроризм коркунучу глобалдык мүнөгзө ээ болгондуктан, бул мамлекеттик программа өтө маанилүү.

Анын билдиришинче, өзгөчө көӊүлдү коомдогу диний экстремизмдин алдын алууга т.а. жаштар арасындагы алдын алуу чараларын күчтөндүрүүгө буруу зарыл.

 Жениш Разаков мамлекеттик органдардын өз-ара кызматташуу деӊгээлин жогрулатууга, анын катарында укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экстремисттик террористтик ишмердүүлүк фактыларына бөгөт коюу жана ккопсуздук системасын чыӊдоо деӊгээлин жогорулатуу зарыл экендигине басым жасады.

 Кеӊешменин жыйынтыгы боюнча, Жениш Разаков диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Туркистон:

Кыргызстан бийлиги да кошуналарынын изи менен жүрүп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баскычма-баскыч күчөтүп барууда.

  Алгач, 2014-жылы Атамбаевдин демилгеси, Коргоо кеңешинин токтому менен диний тармак боюнча мамлекеттик саясаттын 2020-жылга чейинки убакытка болжолдонгон Концепциясын иштеп чыгууга киришкен эле. Натыйжада дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Ички иштер министрлиги жана УКМК биргеликте диний түзүлүштөрдүн ишмердүүлүгүн анализ кылуу, мыйзам долбооруна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.

  Алардын иликтөөсүнөн кийин Таблиг жамаатына тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. Кыргызстан мусулмандары бул маселеге олуттуу нааразылык билдиришинин натыйжасында өкмөт бул ишти токтотууга мажбур болду. А бирок, күрөшүн токтотподу.

 2016-жылдын жай мезгилинде президент Алмазбек Атамбаев  “Экстремистиик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү туурасындагы” мыйзамга кол койду. Натыйжада акыйкатсыздык менен абактарда жаткан мусулмандарды башка туткундардан бөлүп кармоо, мусулмандар үчүн өзүнчө жабык түрдөгү абак куруу аракети башталды. Өздөрү кабыл алган мыйзам боюнча туткундун жаза түрүн өзгөртүү соттун өкүмү менен ишке ашырылышы керек болсо да, мыйзамга тескери көрүнүштө мусулмандарды жабык түрдөгү абактарга өткөрүү башталды. Учурда диний ишеними үчүн камалган 30га жакын мусулман жабык түрдөгү абакка көчүрүлдү.

Бүгүнкү күнгө келип болсо, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштөгү кезектеги кадамын таштады. Расмий бийлик терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү чүмбөтү артында Ислам динине, анын баалуулуктары жана көрүнүштөрүнө каршы күрөшүп жатканы анык. Эми бийлик бул күрөшкө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын да тартууга умтулууда. Бул ыкма болсо Өзбекстанда көптөгөн жылдардан бери колдонулуп келет. Эми Кыргызстан бийлги да өзбек режими сыяктуу эле, элдин арасынан чагымчы жана саткындарды пайда кылуу үчүн кадам таштады. Жениш Разаковдун буйругу менен түзүлө турган жумушчу топ дал ушул ишти ишке ашырууга аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here