Обама: АКШ “Талибан”ды жок кыла албайт

271
0

Обама: АКШ “Талибан”ды жок кыла албайт

АКШ “Талибан” кыймылын жок кылуучу абалда  эмес о.э. Афганистандагы коопсуздук күчтөрүнө бул мамлекетте тынчтык орнотууга жардам бере албайт. Бул тууралуу 6-декабрда АКШ президенти Барак Обама билдирди.

Обама Флоридада терроризмге каршы күрөш тууралуу сөз сүйлөп: “Афганистандагы кырдаал оор бойдон калууда, ал жердеги согуш 30 жылдан бери уланууда. АКШ согушту токтотуу үчүн “Талибан”ды жок кыла албайт. А бирок, ал жерде “Ал-Каида”нын согушкерлери башбаанек табышына тоскоолдук кылышыбыз жана бул жаатта афган коопсуздук күчтөрүнө жардам беришибиз мүмкүн”, – деди. Президенттин бул билдирүүсү Ак үйдүн расмий сайтында жарыя кылынды.

Обаманын тастыкташынча, учурда Афганистанда 10миӊдей америкалык аскер бар болуп, алар афган коопсуздук күчтөрүнө таяныч болушууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here