Рохинжа мусулмандары кыргын кылынып, кордукталып жана куугунтукталып жатышат
Бүткүл дүйнө алардан баш тартып, душманга таштап койду!
9-октябрда чегара сакчыларына карата жасалган чабуул артынан Мьянма армиясы алып барган жырткыч кыргын акыбетинде жүздөгөн Рохинжа мусулмандары Рохин регионунан качып чыгууда. Чегара сакчыларына Рохинжа экстремисттери деп аталган топ чабуул кылганы айтылууда. Кабарларга караганда, жырткычтык ушул даражага жеткен дейсиң, акыркы апталарда жүздөгөн мусулман аялдары, балдары, наристелер өлтүрүлгөн, акыркы күндөрдө аскерий вертолёттордон тынымсыз ок атылып, күнөөсүз Рохинжа мусулмандары массалык түрдө өлтүрүлгөн, «этникалык тазалоо» амалияты өткөрүлгөн… Калктын айтымында, аялдар жана балдар кыргындан качып Бангладешке жетүү үчүн Наф дарыясынан өтүп бара жатканда чабуулга учурашкан жана 70тен ашуун адам өтүрүлгөн. Ушуну баса белгилөө керек, кылмышкер Шайха Хасинанын чегара кошуундары Бангладешке барган качкындардын көпчүлүгүн өлкөгө киргизбей кууп салган… О.э. Бенгал чегара күчтөрү 86 Рохинжа мусулмандары кууп жиберилгени, алардын 40ы аял, 26сы балдар болгону айтылууда. Хасина режими Рохинжа качкындарын өлкөгө киргизбөө үчүн чегара патрулдарынын санын көбөйттү. Учурда көптөгөн качкындар кайда барууну билбей, деңизде сарсан болуп жүрүшкөнү айтылууда. Булардан тышкары, өткөн апталарда Рохин регионунда жашаган ондогон пакиза эже-сиңдилерибиз Бирма аскерлери тарабынан зордукталганы туурасында кабарлар бар. Мисалы, «Рейтер» маалымат агенттиги Юшикия айылындагы 8 Рохинжа аялдарынан интервью алган, аялдар алардын үйлөрүнө Бирма аскерлери бастырып киришкенин, мал-мүлктөрүн талап, куралдары менен коркутуп зордукташканын айтып берген. Муслималардын биринин айтымында, төрт аскер алардын үйүнө бастырып кирип, биринчи аялдын өзүн, кийин 15 жашар кызын топ болуп зордукташкан.
Мындан тышкары, ушул жылы 13-ноябрда Хьюман Райтс Уотч уюму спутниктен алынган сүрөттөрдү таратты. Сүрөттөрдө Рохинжа айылына массалык түрдө чабуул кылынып, үй-жайлар өрттөлүп жатканы көрсөтүлгөн. Бирма күчтөрү 400дөн ашуун үйгө өрт коюу кылмышында айыпталууда. Бирма күчтөрү өткөн айдан бери ушул регионду курчоого алып, ал жерге гуманитардык жүктөрдү киргизбей жатат. Калкка азык-түлүк жана дары-дармек жетип барбай жатышынын акыбетинде гуманитардык жардамдарга абдан муктаж болгон мусулмандардын саны 80.000ден ашты. Булардан тышкары, Бирма полициясы Рохин регионунда жашаган будпарастар жана башка кайрымусулмандарды армияга сапарбар кылып, «регионалдык полиция» катары аларды машыгуудан өткөрүп жатканын айтты, табигый болгондой, мындан Рохинжа мусулмандарын кыргын кылууну токтотпой улантуу көздөлгөн.
Мьянмадагы кылмышкер аскерий күчтөр Рохинжа мусулмандарына каршы массалык өлтүрүү жана жырткыч этникалык тазалоо амалияттарын улантууда экстремизмге каршы күрөш деген жалгандан пайдаланышууда. Бүгүн рохинжалык биздин муслим жана муслима боордошторубуз бүтүндөй кыргын болуу коркунучу астында турушат. Бирок, буга бүткүл дүйнө унчукпай жатат, аларды коргоо үчүн бир да мамлекет аракет кылбай жатат!
Аун Сан Су Чжи айым да, анын өкмөттү башкарып жаткан «Демократия Улуттук Ассоциациясы» да, БУУ да, өз кызыкчылыгынан башка нерсеге көңүл бурбаган капиталисттик Батыш өкмөттөрү да, баары ушул массалык кыргындын тушунда сүкүт сактоого чечим кылышкан. Алар айыпсыз мусулман аялдарын жана балдарын сактап калуу өз саясий кызыкчылыктарын, эгоисттик экономикаларын коркунуч астына коюуга арзыбайт деп эсептешет. Бул болсо дагы да көбүрөөк нерсеге т.а. мазлумдарды коргоодо демократияга таянып болбойт деген нерсеге далалат кылууда. Ошол эле убакта, исламий өлкөлөрдөгү коркок режимдер мусулмандардын кыргын кылынып, деңиздерге чөгүп өлүп жатышканын карап турууну алардын коопсуздугун сактоодон жана аларды коргоо үчүн армияларын сапарбар кылуудан абзел деп билишүүдө. Буга алардын улутчулдукка негизделген ыплас режимдери себеп.
Анда, жарандыгы жок Мьянма мусулмандарын ким коргойт? Бүгүн дүйнөдө кылмышкер капиталисттик түзүмдүн өкүмдарлыгы астында күнөөсүз аялдар жана балдар айбан сымал бутага алынып, кыргын кылыныууда… Бул бечараларды өз коргоосуна ала турган жер табылбай жатат, ыплас кылмышкерлер пакиза курбуларыбызды акааратташууда, исламий өлкөлөрдүн жетекчилери болсо буларды каралап, нааразылык билдирүүдөн ары өтүшпөй жатат, а түгүл, алардын көпчүлүгү мусулмандарды душмандын колуна тапшырууну абзел деп билишүүдө… Бирок, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети Аллахтын уруксаты менен, жакында тикеленип, муслим жана муслима Рохинжа мусулмандарына албетте жардам берүүгө шашылат. Ушул мамлекеттин халифасы да, армиясы да аларды куткарып, тынч коопсуз жашоо менен камсыздап, душмандарынан өч алышмайынча тынчышпайт. Себеби, рошид Халифалык мамлекети, Ислам баян кылгандай, мусулмандар канын кол тийгис деп билет. Мындан улам, бир тамчы мусулман каны төгүлүшүнө жол бербейт. Ошондуктан, биз бардык мусулмандарды мына ушундай улуу мамлекетти тикелөө үчүн ылдам кадам шилтеп аракет кылууга чакырабыз!
Д. Насрин Наваз
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жаатынын башчысы
телефон-факс: 00961 1 30 75 94
уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43
электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info