Россия Эрдогандын билдирүүсүнө нааразылык билдирди
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган түрк кошуундары Сирияга Башар Асаддын өкүмдарлыгына чек коюу үчүн киргендиги тууралуу билдирүү бергенден кийин, буга Россиядан жооптор келе баштады. Президент Эрдоган кечээ күнү уюштурулган жыйында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия жаатында бир да кадам таштабаганын айтып: “Биз сабыр, сабыр дедик, акыры чыдай албадык жана Сирия азат армиясы менен биргеликте Сирияга кирүүгө мажбур болдук. Эмне үчүн кирдик?… Мамлекеттик террорду ишке ашырган залим Асаддын өкүмдарлыгына чек коюу үчүн кирдик. Башка нерсе үчүн эмес”, – деген болчу.
Эрдогандын бул билдирүүсү тууралуу журналисттерге интервью берген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну “күтүүсүз билдирүү” деп баалады.
Песков: “Түркиянын билдирүүлөрү биз үчүн “сюрприз” болду. Бул өтө эле олуттуу билдирүү. Бул алгачкы билдирүүлөргө да, ортобуздагы келишимге да тескери келет. Түркиялык өнөктөштөрүбүз бул билдирүүнү бизге түшүндүрүп берет деген үмүттөбүз”, – деди.
Россия Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова болсо апталык маалымат жыйынында: “Биз Сирия кризисин чечүү үчүн оозеки айтылган сөздөргө эмес, жогорку даражадагы жолугушуулар учурунда түзүлгөн эл аралык келишимдерге карайбыз”, – деп Эрдогандын жогорудагы билдирүүсүн эсепке албастыгын билдирди.
Россия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Эрдогандын бул сөздөрү Россия менен Түркия ортосундагы келишимдерге тескери экендигин билдирип, Вена жана Лозаннада кандай келишимдерге кол коюлгандыгын Эрдоганга эскертип өттү.
“Бул билдирүүлөр Россия менен Түркия ортосунда түзүлгөн бардык келишимдерге тескери келет. Биринчиден №2254-токтомго, №2268-токтомго, Вена форматында жана Лозанна форматында кабыл алынган токтомдорго тескери келет. Түркия да бул форматтарда биз менен бир катардан орун алган. Эгерде Эрдоган согушту кааласа, албетте бул нерсе келишимдерге туура келбейт”, – деди Богданов.
Россия парламентинин төмөнкү палатасындагы тышкы иштер комитетинин төрагасы жана коргоо комитетинин мүчөсү Алексей Пушков Эрдогандын бул билдирүүсү ишке ашыруу мүмкүн болбогон, саясий популисттик сөздөр экендигин билдирди.