بسـم الله الرحمن الرحيم
КОНСТИТУЦИЯ ИШЕНИМ НЕГИЗИНДЕ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КЕРЕК
Ар кандай адамда бир ишеним болот. Байыркы бутпарас адамдарбы, же бүгүнкү күндөгү адамдарбы айырмасыз, ар бир адамда бир ишеним болуп, ошонун негизинде пикирлейт жана жашоосун андан келип чыккан түшүнүктөргө ылайык тартиптештирет. Баш мыйзам (конституция) да, андан келип чыккан мыйзамдар да ошол ишенимдин натыйжасы болуп эсептелет. Бул нерсе адамдын бир гарыйзасы болуп, эч бир заман андан кутула албайт. Бирок, аны табууда адам адашып, беймаани нерселерге ишенишет. Мисалы: тарыхта буттарга сыйынышкан жана ага негизделип жашоосун тартипке салган адамдарды азыр түшүнүү кыйын; адам кантип өз колу менен жасаган нерсеге сыйынат жана андан проблемаларын чечип беришинен үмүттөнөт деп таӊ калат. Аларга өтө эле караӊгы жана карапайым адамдар катары каралат. Ушундай абалга түшүп калбастык үчүн адам жашоосунун негизи болгон эӊ чоӊ проблемага болгон чечимди жаркын пикир жардамында чечип алышы керек. О.э. ага акылын өкүм чыгаруучу кылып тыянак чыгарышы менен туура негизди табат. Ал эми, Орто Азия элдериндеги конституция табигый жол менен пайда болгон эмес т.а. 1990-жылдары Россиянын башчылары СССРди таратып, биздин “көз карандысыз” жашашыбызды пландаштырышты. Орустардан чыккан жетекчилерди жапайы, жырткыч адамдар деп билип, алардан алыстоону каалаган Латвия, Литва же Эстония сыяктуу элдер алардын планы менен жүрүшпөдү. Жашоодогу багытын өздөрү каалагандай тартиптештирип алышты. Орустарбизди Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан же Казакстан сыяктуу мамлекетчелер кылып бөлүштү жана өз максаттарын ишке ашырып бере турган “конституция”ларды ар бир калкка – кудум бир короо койду бөлүктөргө бөлүп, алар үчүн өз-өзүнчө шарттарды түзгөнү сыяктуу – иштеп чыгышты. Ошондуктан, учурдагы конституцияга да, андан келип чыккан мыйзамдарды сыйлап, ага моюн сунуу да жок. Себеби, ал биздин ишенимибизден келип чыккан эмес. Керек болсо, биздин ишенимибизге каршы келет. Ошондуктан, конституцияны да, андан келип чыккан мыйзамдарды да жыл сайын өзгөртө бербестен, анын негизин акыл менен текшерип, андан соӊ кабыл алсак, ошондо гана жашообуз туура нукка түшүп, ар бир жаран аны аткаруу үчүн салым кошо турган болот.Мыйзам бузуулар азайып, паракордук жоюлат. Антпесек, учурдагы сыяктуу, көчөдөгү МАИ кызматкерлеринен баштап, ар кандай мекемедеги паракордук адаттагы көрүнүшкө айланып калат. Конституцияга да, андан келип чыккан мыйзамдарга да эч ким амал кылбайт, президент баш болуп, депутаттар, өкмөт башчылар, орган кызматкерлери да мыйзамды бузуудан, аны тебелеп-тепсөөдөн тартынбай турган болуп калат. Эгерде, конституцияга карата аз болсо да сый-урмат болгондо, диний ишеними үчүн куугунтуктоолорго, кысымга учурап, камалып жаткандарга, айрыкча аялдарды да камоого депутаттар биринчилерден болуп каршы чыгышмак. Себеби, дин тутуу эркиндиги бул конституциянын негиздеринен болуп эсептелет.
Колонизатор державалар АКШ башчылыгында БУУну түзүп, ар бири өз үлүшүнө тийген өлкөлөргө кулдардай мамиле кылышууда. Буга көнүп калган, же айбандар сыяктуу жашоого мажбур болгон адамдар жашоонун негизи болгон баш мыйзамга кайдыгер болушат. Бул тууралуу пикирлөөнү да, өз жашоосун жана келечегин туура негизде тартиптештирүү үчүн күрөшүүнү да каалашпайт. Ал эми өзүн бирөөгө кул эмес, тескерисинче эркин деп билген акылдуу адамдар баш мыйзамга эле эмес, ар бир мыйзамга кайдыгер болушпайт. Ушундан келип чыгып, бардык идеологдорду жана пикирлөөгө эрким бар деп билген пикир ээлерин конституциянын да, андан келип чыккан мыйзамдардын да негизи болгон негизги пикир туурасында талкуу кылып, бул пикирлерден туура негизди ажыратып алууга чакырамын. Бизге белгилүү болгон ишенимдер өтө көп, бирок пикирлөөгө татыктуулары болгону үчөө гана. Алар социализм, капитализм жана Ислам. Ал эми түрдүү көрүнүштөгү бутарга, уйга сыйынуу же отпарастык сыяктуу негиздер пикирлөөгө жарабайт.
Ушул максатта төмөнкүдөй пикирлөө максатка ылайык деп билдим:
- Талкууга акылды негиз кылуу, себеби, бул акыл неъматы берилген махлуктардын иши болуп эсептелет. О.э. акыл адамдар өз ара талкуулашуудагы ортоктош негиз болуп, ал менен далилденген нерсени кабыл албастык ошол адамдын жаман, арамза максаттары бар кыянатчы, наалаты экенин билдирет.
- Өзү туура деп билген негизди аклий далил менен далилдеп берүү, мисалы: Социализмдин негизи болгон “материя азалий” деген ишенимди кандай далил менен кабыл алышууда? Же капитализм негизи болгон “дин турмуштан ажыратылышы керек” деген ишенимди кайсы далилден келип чыгып кабыл алышууда?
- Өзү кабыл алган ишенимден башка ишенимдердин ката экенин аклий далил менен далилдөө. Мисалы, социализм негизин кабыл алган комунист Исламдын негизи болгон “Аллах Тааланын бар экендигин” о.э. “Куран Аллах Тааланын китеби” жана “Мухаммад алайхиссалам Аллахтын элчиси” экендигин аклий далилдер менен четке кагышы ж.б.у.с….
Далил келтирбестен туруп өз пикирин өткөрүүгө аракет кылуу зордукчулдук болуп эсептелип, бул иш адамдык сапаты бийик болгон акылы бар адамдарга туура келбейт. Ит сыяктуу ыркыроо; жекече нааразылыгы себептүү темага тиешеси болбогон тармактарга өтүү; акаарат кылуу, – булардын бардыгы ошол адамдын талкуу майданында жеӊилгендигин билдирет.
Гариб