Аракандагы абал күндөн-күнгө оорлошуп барууда

270
0

Аракандагы абал күндөн-күнгө оорлошуп барууда

Мьянма бутпарастары Аракан провинциясында жашаган мусулмандарды түрдүү ыкмалар менен өлтүрүү, үйлөрүнө от коюу, жаш-балдарын аянычтуу кыйноолорго салуу, кыз-келиндерди зордуктоо сыяктуу кылмыштарды улантып жатат. Ушул кезге чейин кыргындарды ишке ашыруу катардагы бутпарас калкка коюп берилген болсо, эми бул кылмыштар өкмөт башчылыгында армиянын колу менен ишке ашырылып жатат. Мамлекет армияны аракандыктар жашаган аймакка жөнөткөн.

Акыркы кабарларда келишинче, Мьянма полициясы жана күч түзүмдөрүнөн турган бир топ баскынчылар мусулмандардын үйлөрүнө бастырып кирип, эсепсиз муслима кыздарды зордукташкан. Бул окуя айылдагы бардык эркектерди полицияга мажбурий алып кеткенден кийин ишке ашырылган.

Батыштын “адам укуктарын коргоочу” уюмдары Мьянма өкмөтүнөн бул зулумдарга чек коюуну эмес, ал жерге гуманитардык уюмдар менен журналисттердин киришине уруксат берүүнү талап кылышууда. Алардын билдиришинче, бул жырткычтыктар дүйнөнүн көз алдында болуп жатканына карабастан, алар тарабынан текшерилип чыгылышы керек.

БУУ Аракан кылмыштары пайда болгон күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейинки кылмыштардан кабардар экендиги эч кимге сыр эмес. Ошондой болсо да, болгону каралоо жана тынчсыздануу билдирүү менен гана чектелип жатат. БУУнун өкүлү кечээ күнү берген билдирүүсүндө да Мьянма өкмөтүн айыптап коюу менен чектелди.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комитетинин өкүлү Жон Mckissick Мьянма өкмөтүн мусулмандарга карата этникалык тазалоо жүргүзгөндүктө айыптады. Mckissick ВВС маалымат агентигине берген интервьюсунда аракандык мусулмандарды өлтүрүү, үйлөрүн өрттөө, жаш балдарын оор кыйноолорго салуу, аялдарды зордуктоо сыяктуу оор кылмыштар аскерийлер тарабынан ишке ашырылгандыгын билдирди.

Түпкүлүгүндө, БУУ Аракан өкмөтүнө басым өткөрүүгө жана мусулмандарга карата ишке ашырылып  жаткан кыргындарды токтотуп коюуга кудуреттүү. БУУнун алдындагы Коопсуздук Кеӊешинин милдети элдер ортосунда тынчтыкты сактоо жана коопсуздукту камсыздоодон турат. Бул кеңеш тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жаӊжалдарга түздөн-түз аралашуу жана тынчытып коюу укугуна ээ. Тараптар анын айткандарын аткарбай койсо, темир жол, деӊиз жана аба жолдорун, почта, телеграф, радио байланыштарын же экономикалык алакаларды үзүп коюу укугуна ээ. Эгерде бул да жетиштүү болбосо, куралдуу күчтөрдү ишке салууга акылуу. Бул укук БУУнун Коопсуздук Кеӊешине гана берилген. А бирок, ал Аракан кыргыны башталгандан бери, айыптоого жана тынчсыздануусун билдирүүгө гана чектелип келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here